Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жалгызсыроо сезиминен кантип арылууга болот?

Жалгызсыроо сезиминен кантип арылууга болот?

Жалгызсыроо сезиминен кантип арылууга болот?

ЭГЕР жалгызсырап, кыйналып жүрсөң: «Жагдайды өзгөртүү үчүн кандай иш-аракеттерди кыла алам? Жашоомдо кандайдыр бир өзгөрүүлөрдү кылышым керекпи? Эмнелерди өзгөртсөм болот?» — деген суроолордун үстүнөн ойлонуп көр. Төмөндөгү суроолор өзүңдү текшерип көрүүгө жана көйгөйүңдөн арылууга жардам берет.

Көз карашымды өзгөртүшүм керек эмеспи?

Ар бир адам жалгызсырашы мүмкүн. Бирок бул көпкө чейин улана берсе, чоң көйгөйгө айланат. Эгер сенде да ушундай болуп жатса, анда бул көз карашыңды өзгөртүү керектигинин белгиси болушу мүмкүн. Адам башкалар менен сүйлөшүп, мамилелешип жатса да, жалгызсырай бериши ыктымал. Айрымдар достошкусу келгендерди жакын жолотпой, айланасына тикенектен коргон куруп алгандай жашашат. Андай адамдарга тек гана көз карашын өзгөртүү жетиштүү болоттур.

Англияга көчүп барган Сабинанын мисалына токтололу. Ал мындай дейт: «Жаңы досторуң менен ынак мамиле өрчүтүү үчүн жана алардын арасында өзүңдү ишенимдүү, эркин сезе алышың үчүн убакыт талап кылынат. Башкалардан кандай чөйрөдө өскөнү, тек-жайы жөнүндө сурасаң болот. „Кайсы бир маданиятты баарынан жогору деп айтууга болбойт. Бардыгынын жакшы жагын ал“,— деп айтылат эмеспи». Ооба, Сабинадай болуп, башкалардын маданиятынын сага пайдалуу боло турган жакшы жактарын көрүүгө аракет кыл.

Башкалар менен пикирлешүүдөн кача бербеймби?

«Башкалардан кача бербеймби? Аларга достук маанайда мамиле кылсам, мага да ошондой мамиле кылышабы?» — деп ойлонуп көр. Эгер көйгөйүңдүн себеби ушунда деп ойлосоң, башкаларга достук маанайда мамиле кылууга умтул. Гваделупадан Англияга көчүп барган 30 жаштагы Розелис: «Жалгызсыраган киши обочолонууга жакын келет»,— деп ой бөлүшөт. Ал мындай деп кеңеш берет: «Жалгызсырап жаткандай көрүнгөндөргө көңүл бур. Демилгени колго алып алар менен сүйлөшүүгө аракет кыл. Кээде кимдир бирөөгө суроо берип коюу эле аны менен жакын дос болууга шарт түзүшү мүмкүн».

Достук мамиле өрчүтүү үчүн убакыт жана күч-аракет талап кылынат. Ан үчүн кунт коюп угууга үйрөн. Мунун аркасында адамдар менен аларды кызыктырган темада сүйлөшө аласың. Ошондой эле дос болуу үчүн боорукер болуу маанилүү экенин унутпа.

Көйгөйүмдүн себеби терс көз карашта болгонумда эмеспи?

Өзү жөнүндө төмөн ойдо болуу дос табууга тоскоолдук кылышы мүмкүн. «Өзүм жөнүндө өтө эле төмөн ойдо болууга жакын эмесминби?» — деп ойлонуп көр. Ганада жашаган 15 жаштагы Абигейил: «Кээде терс көз карашымдын айынан жалгызсыраган учурларым болот. Өзүмдү эч кимге керексиз, эч нерсеге татыксыз сезем»,— дейт. Эгер кимдир бирөөлөргө кандайдыр бир жолдор менен жардам берүүгө аракет кылсаң, алар сени эч нерсеге татыксыз адам катары эсептебээрине бекем ишенсең болот. Алар достошууга кылган аракетиңди байкап, сени менен дос болгусу келиши мүмкүн. Андыктан демилгени колго ал.

Туура көз карашта болуу өзүңдөн улуу же кичүү адамдардын арасынан да дос табууга жардам берет. Андай адамдар менен дос болуу сага пайда алып келет. Абигейилге жалгызсыроо менен күрөшүүгө өзүнөн улуу бир туугандар менен дос болуу жардам берген. Ал: «Мен алардын турмуштук тажрыйбасынан көп нерсеге үйрөндүм»,— дейт.

Башкалардан обочолоно бербеймби?

Жалгызсыроо сезиминен кыйналган көптөгөн адамдар убактысынын көбүн телевизорго, видеооюндарына, компьютерге жумшап аз да болсо алаксышат. Бирок телевизорун, компьютерин өчүргөндөн кийин кайра эле жалгызсырай башташат. Парижде жашаган 21 жаштагы Элза: «Телевизор көрүү, видеооюндарын ойноо адамга баңгизат сыяктуу таасир этип, дос издөөгө болгон каалоосун өчүрөт»,— деп ой бөлүшөт.

Телевизор көрүүнүн дагы бир жаман жагы: телевизор менен пикирлешип, баарлаша албайсың, аны менен дос да боло албайсың. Видеооюндары да так ушу сыяктуу. Адам видеооюндарын ойноп жатканда ойдон чыгарылган дүйнөдө жүргөндөй болот, бирок ал дүйнө оюн бүтөрү менен көздөн кайым болот. Ал эми Интернетте эч кандай максатсыз саякаттап жүрө берүү кадимки жашоодон алыстатып, бир аз болсо да алаксытышы мүмкүн, бирок бузуктукка үндөгөн нерселерди көрсөтүп, өзүнүн чыныгы жүзүн жашырган адамдарга кабылтат. Ооба, Интернет жакшы досторду таап, алар менен мамиле өрчүтө турган «жер» эмес.

Өмүрлүк жар таппай жүргөндүктөн жалгызсырап жүргөн жокмунбу?

Айрымдар жалгыздыктан арылуу үчүн эле үй-бүлө кургусу келет. Чынында эле, адамдын боорукер, сүйгөн жубайы болсо, анын жашоосун кубанычка бөлөйт. Бирок бул олуттуу чечим болгондуктан, үй-бүлө курууга шашылба.

Үй-бүлө куруу жалгыздыктан арылуунун жападан жалгыз жолу эмес. Жакшы пикир алышпаган жубайлар да «жалгызсыраган адамдардын катарына кирет». Тилекке каршы, ушундай адамдардын саны биз ойлогондон да көп. Эгер качандыр бир убакта үйлөнөм деген максатың бар болсо, анда кимдир бирөө менен сүйлөшүп баштаганга чейин эле жалгызсыроо сезиминен арылууга аракет кылганың дурус болбойбу? Үй-бүлө курганга чейин эле көз карашыңды, адаттарыңды өзгөртүп, досторду табуу үчүн демилгени колго алууга үйрөнүү менен бактылуу үй-бүлө курууга жакшы негиз сала аласың.

Жалгызсыроо сезими менен күрөшө аласың

Көйгөйүң дароо эле чечилбеши мүмкүн. Бирок Исанын төмөндөгү кеңешин колдонуу менен жалгызсыроо сезимин жеңе аласың. Ал: «Башкалардын өзүңөргө кандай мамиле жасашын кааласаңар, силер да аларга бардык жагынан ошондой мамиле жасагыла»,— деген (Матай 7:12). Эгер башкалардын сени менен дос болушун кааласаң, сен да дос боло бил. Башкаларга оңой кайрылгың келсе, алар да сага оңой кайрыла алгыдай болсун. Баары эле сени менен дароо достошуп кетпесе да, убакыттын өтүшү менен дос болууну каалагандар болушу мүмкүн. Дос таппаган күндө да, аракет кылганың үчүн кубаныч аласың.

Жалгыздык менен күрөшүүгө Исанын: «Алганга караганда берген бактылуу»,— деген кеңеши да жардам берет (Элчилер 20:35). Эгер убактыңды туура колдонуп, башкаларга жардам берүүгө аракет кылсаң, мисалы, балдарга үй тапшырмасын аткарууга, улгайгандарга дүкөндөн бир нерсе сатып алууга, үйүн, короосун жыйноого жардам берсең, бул сага кубаныч тартуулайт. Балким, мунун аркасында алар менен жакын достордон боло аласың.

Эң жакшы досторду табууга аракет кыл

Жалгызсыроо менен күрөшүүгө дагы көп нерселер жардам берет. Башкалардан обочолонбой, элге аралашууга аракет кыл. Мүмкүн болсо, сейил бактарына барып же шаардын сыртына чыгып эс ал. Үйдө жалгыз отурганда чыгармачылыкты талап кылган иштер менен алек болууга умтул. Алсак, бир нерсе тиксең, үй иштерин кылсаң, бир нерселерди оңдосоң же окусаң болот. Бир киши: «Окууга убакыт бөлүү менен мени кыйнаган сезимдерден алаксып, эс ала түшөм»,— деп жазган. Көптөр Ыйык Китептеги забурларды окуудан жубатуу алышат.

Изилдөөчүлөрдүн айтымында, адамга өз дининдегилер менен пикирлешүү жалгызсыроо сезими менен күрөшүүгө жардам бергенден тышкары, ден соолугуна да пайда алып келет. Исанын: «Башкалардын өзүңөргө кандай мамиле жасашын кааласаңар, силер да аларга бардык жагынан ошондой мамиле жасагыла»,— деген кеңешине ылайык иш кылууну каалаган адамдарды кайдан табууга болот? Бир изилдөөчү диний кыймылдар жөнүндөгү китебинде: «[Жахабанын] Күбөлөрү бири-бирине ишеним артып, башкаларды чын жүрөктөн кабыл алган коомду түзөт»,— деп жазган.

Иса Машаяк: «Эгерде бири-бириңерди сүйсөңөр, баары силердин менин шакирттерим экениңерди билишет»,— деп айтуу менен шакирттерин башкалардан эмне айырмалап турарын көрсөткөн (Жакан 13:35). Мындай сүйүү, башкача айтканда, Кудайды жана өз дининдегилерин сүйүү чыныгы динди туткандарды башкалардан айырмалап турган негизги белги болуп эсептелет (Матай 22:37—39).

Жалгызсыроо сезимин жеңүүнүн эң мыкты жолу — Кудай менен ынак мамиле өрчүтүү. Эгер Кудай менен достук мамиле өрчүтсөң, эч качан жалгызсырабайсың (Римдиктер 8:38, 39; Эврейлер 13:5, 6).

[8-беттеги кутуча/сүрөт]

Жалгызсыроо менен күрөшүүгө эмне жардам берет?

Энни (жесир): «Эмне жөнүндө ой жүгүртүп жатканыма көңүл бурууга жана жагдайдын жакшы жактарын көрүүгө аракет кылам».

Кармен (бойдок): «Мен өткөндү ойлой бербестен, жаңы досторду табууга умтулам».

Фернанда (жесир): «Башкаларга жардам берүү менен өзүмдүн кыйынчылыктарымды унутуп калам».

Жан-Пьер (бойдок): «Мен дайыма көп убакытка чейин сейилдеп басам. Ошол маалда Кудайга тиленип, жүрөгүмдөгүнүн барын айтып берем».

Бернард (жесир): «Мен досторума кайгылуу учурларды эстеш үчүн эмес, алар менен сүйлөшүүдөн кубаныч алуу үчүн телефон чалып турам».

Давид (бойдок): «Табиятыман эле жалгыз болгонду жакшы көрсөм да, башкалар менен аралашып пикирлешүүгө аракет кылам».

Лорена (бойдок): «Адамдар менен сүйлөшүп, алар менен дос болуу үчүн демилгени колго алам».

Абигейил (15 жашта): «Өзүмөн улуу досторум менен убакыт өткөрүп, алардан көп нерсеге үйрөнөм».

Чери (бойдок): «Башкаларга жалгызсырап жатканыңды айтсаң, алар сени менен достошууга көбүрөөк аракет кыларын байкадым».

[9-беттеги кутуча/сүрөт]

ЖАЛГЫЗДЫКТАН АРЫЛУУ ҮЧҮН...

Туура көз караш өрчүт

Телевизор көрүү сыяктуу жалгыз, обочолонуп эс алуудан алыс бол

Сен баалаган нерселерди баалагандар менен, анын ичинде өзүңдөн улуу же кичүүлөр менен дос болууга аракет кыл

Эң маанилүүсү, Кудай менен ынак мамиле өрчүтүүгө умтул

[7-беттеги сүрөт]

Өзүңдөн улуу же кичүү адамдардын арасынан дос табууга аракет кыл