Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жин-перилер деген кимдер?

Жин-перилер деген кимдер?

Ыйык Китептин көз карашы

Жин-перилер деген кимдер?

АР КАЙСЫ динди туткан адамдар албарсты, арбак, кан соргуч, жин-пери, үйдүн ээси сыяктуу жакшы же жаман рухтар бар деп ишенишет. Башкалары болсо эч кандай рухтар жок, аларды адамдар ойлоп тапкан деп ырасташат. Бул тууралуу Ыйык Китепте эмне делет?

Ыйык Китепте Жараткандын Рух экени жана анын алгачкы жаратуулары рухтар, башкача айтканда, периштелер болгону жазылат (Жакан 4:24; Эврейлер 1:13, 14). Мындан сырткары, анда кээде «жиндер» деп аталган каардуу рухтар жөнүндө айтылат (1 Корунттуктар 10:20, 21; Жакып 2:19). Бирок анын эч жеринде жиндерди Кудай жараткан делбейт. Анда жин-перилер деген кимдер жана алар кайдан пайда болушкан?

«Күнөө кылган периштелер»

Кудай рухий жаратууларды жаратканда аларга өз алдынча чечим чыгаруу эркиндигин берген, ошондуктан алар жакшы же жаман иш кылууну өздөрү тандай алышмак. Өкүнүчтүүсү, адам баласы жаратылгандан кийин, белгисиз сандагы периштелер жаман жолду тандап, Кудайга каршы чыгышкан.

Эң башкы козголоңчу жана жаман атка ээ рухий жаратуу Шайтан болгон. «Ал... чындыктан четтеп кеткен»,— деген Иса Машаяк (Жакан 8:44). Шайтан эмне себептен Кудайга каршы чыккан? Ал Жаратканга гана таандык болгон сыйынууну көксөп, кудай болгусу келген. Ошентип, өзүн өзү «Шайтан», башкача айтканда, «душман» кылып алган. Кылымдар өткөн соң, Нухтун күндөрүндөгү Топон суунун алдында дагы башка периштелер Шайтанга кошулуп кетишкен. Алар асмандагы ордун таштап, адам кейпин кийип, жерге түшүшкөн (Башталыш 6:1—4; Жакып 1:13—15). Топон суу каптаганда, ал «күнөө кылган периштелер», кыязы, рухий чөйрөгө кайтып барышкан (2 Петир 2:4; Башталыш 7:17—24). Ошондон кийин алар жиндер деп аталып калышкан (Мыйзам 32:17; Марк 1:34).

Кудайдын тилин албаган ал периштелер козголоң чыгаргандан кийин мурун ээлеген абалынан кол жуушкан. Жүйүт китебинин 6-аятында: «Баштапкы абалын сактабай, өздөрү жашашы керек болгон жайды калтырып кеткен периштелерди [Кудай] түбөлүктүү чынжырлар менен байлап, улуу күндө соттоо үчүн коюу караңгылыкта кармап турат»,— делет. Ооба, Кудай ал жин-перилерди асмандагы мурунку абалынан айрылтып, каймана маанидеги «караңгылыктын туңгуюгуна камаган», мындайча айтканда, рухий жарыктан толугу менен ажыраткан.

«Дүйнө жүзүн адаштырышы»

Жин-перилер, сыягы, кайрадан адам кейпин кие албаса да, дагы деле адамдардын аң-сезимине, жашоосуна күчтүү таасир этүүдө. Чынында, Шайтан жин-перилери менен кошо «дүйнө жүзүн адаштырып жатат» (Аян 12:9; 16:14). Кантип? Негизинен, «жиндердин окууларын» жайылтуу менен (1 Тиметей 4:1). Көбүнесе диний мазмундагы мындай жалган окуулар миллиондогондордун акылын караңгылатып, Кудай жөнүндөгү чындыкты таанып-билүүгө жолтоо кылууда (2 Корунттуктар 4:4). Айрым мисалдарга токтололу.

Өлгөндөр жашай берет деген окуу. Көрүнүштөр, үндөр жана башка айла-амалдар аркылуу жиндер адамдарды адаштырып, тирүүлөр өлгөндөр менен сүйлөшө алышат, өлгөн адамдын жаны жашай берет дегенге ишендирип келет. Бирок Ыйык Китепте: «Өлгөндөр эч нерсе билишпейт»,— деп ачык эле айтылат (Насаатчы 9:5, 6). Жымжырт жайга — көргө — киргендер атүгүл Кудайды да даңктай алышпайт (Забур 113:25) *.

Адеп-ахлаксыздык. «Бүт дүйнө Карөзгөйдүн бийлиги астында»,— делет 1 Жакан 5:19да. Шайтан жана анын жин-перилери өздөрүнүн күчүн, бийлигин колдонуп, маалымат каражаттары жана башка нерселер аркылуу адамдарды өздөрүн эч чектебей дене кумарларын кандырууга азгырууда (Эфестиктер 2:1—3). Ошондуктан адеп-ахлаксыздыктын бардык түрү, анын ичинде жыныстык ыпыластык кеңири кулач жайды. Мындай иштер атүгүл эч жаман жери жок иш катары каралып, ыйык китептик нормалар эскиргендей, акылга сыйбагандай эсептелүүдө.

Спиритизм. Элчи Пабыл «ичинде көзү ачыктык кылдыруучу жин бар» бир кызматчы кыз жөнүндө сөз кылган. «Келечекти алдын ала айтуу менен ал кыз өзүнүн кожоюндарына көп киреше алып келчү» (Элчилер 16:16). Пабыл ал кызга адаттан тыш жөндөмдүүлүктөрдү ким берип жатканын билген, ошондуктан ага кулак каккан эмес. Андан тышкары, Кудайдын спиритизмдин бардык түрлөрүн, анын ичинде астрология менен оккультизмди жек көрөрүн билгендиктен Аны капаланткысы келген эмес (Мыйзам 18:10—12).

Өзүңөрдү жин-перилерден коргогула

Өзүңөрдү каардуу рухтардан кантип коргой аласыңар? Ыйык Китепте: «Кудайга баш ийгиле да, Ибилиске каршы тургула, ошондо ал силерден качат»,— делет (Жакып 4:7). Биз ыйык китептик окууларга ылайык жашаганда ушул осуятка карманган болобуз, анткени Ыйык Китеп гана Шайтандын жана жин-перилердин бетин ачып, алардын «айла-амалдарын» толугу менен ашкере кылат (Эфестиктер 6:11; 2 Корунттуктар 2:11). Ошондой эле Ыйык Жазмада каардуу рухтардын Кудайга каршы чыккандар менен чогуу түбөлүккө жок кылынары айтылат (Римдиктер 16:20). Накыл сөздөр 2:21де: «Жерде адил адамдар жашашат, жерде бузулбаган ак ниет адамдар өмүр сүрүшөт»,— делет.

[Шилтеме]

^ 11-абз. Өлгөндөрдүн абалы жана тирилүүгө болгон Ыйык Китепке негизделген үмүт жөнүндө көбүрөөк билүү үчүн «Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?» китебинин 6, 7-бөлүмдөрүн карагыла.

ОЙЛОНУП КӨРДҮҢӨР БЕЛЕ?

● Жин-перилерди Кудай жаратканбы? (2 Петир 2:4).

● Өлгөндөр менен сүйлөшүү мүмкүнбү? (Насаатчы 9:5, 6).

● Өзүңөрдү жин-перилерден кантип коргой аласыңар? (Жакып 4:7).

[13-беттеги сүрөт]

Жин-перилер адамдарга көптөгөн жолдор менен таасир этүүгө умтулушат