Ийнеликтин канаты
Өзүнөн өзү пайда болгонбу?
Ийнеликтин канаты
● Кээ бир ийнеликтер дээрлик бийиктигин жоготпой абада 30 секунд калкый алышат. Мунун сыры эмнеде? Канатынын авиакурулушта теңдеши жок аэродинамикалык түзүлүшүндө.
Көңүл бурсаңар: ийнеликтин укмуштуудай ичке канаты майда бүгүштөрдөн тургандыктан ийилип же кайрылып кетпейт. Окумуштуулар ал бүгүштөрдүн ийнеликке калкып учууга өбөлгө түзгөн көтөрүлүү күчүн пайда кыларын байкашкан. «Ийнеликтин канатынын бүгүштөрүндө аба айланып тургандыктан, аэродинамикалык каршылык бир топ азаят да, кошумча көтөрүлүү күчү пайда болот»,— деп билдирет «Нью сайентист» журналы.
Аэрокосмос инженери Абел Варгас менен анын кесиптештери ийнеликтин канатын изилдегенден кийин «анын түзүлүшүнүн кичинекей учуучу аппараттарды ойлоп табуу үчүн эң эле мыкты үлгү» экенин байкашкан. Камера жана башка куралдар менен жабдылган, чоңдугу алакандай келген андай робот-ийнеликтер кеңири колдонулууда. Алсак, алар табигый кырсыктар болуп жаткан аймактардан маалымат алууда жана айлана-чөйрөнүн булганышынын деңгээлин аныктоодо колдонулат.
Кандай деп ойлойсуңар? Ийнеликтин майда бүгүштөрдөн турган укмуштуудай ичке канаты өзүнөн өзү пайда болгонбу? Же Жараткандын колунан бүткөнбү?
[32-беттеги сүрөт]
Өтө ичке силикон канаттуу робот-ийнелик — электр кубаты менен иштеген, салмагы 120 мг, узундугу 6 см кичинекей учуучу аппарат.
[32-беттеги уруксат менен коюлган сүрөт]
© Philippe Psaila/Photo Researchers, Inc.