Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кайгынын чеңгелинен кантип чыкса болот?

Кайгынын чеңгелинен кантип чыкса болот?

Жаштардын суроолору:

Кайгынын чеңгелинен кантип чыкса болот?

«Досторум кыйынчылыкка туш болгондо, дароо жардамга келип, аларды сооротуп-бекемдейм. Бирок эч ким жокто үйгө келип алып, ыйлайм» (Келли *).

«Кайгыга батканда, башкалардан качып калам. Мени бир жакка чакырып калышса, барбай коюуга шылтоо издейм. Сезимдеримди жашыра билгендиктен, үйдөгүлөр мени жакшы эле жүрөт деп ойлошот» (Рик).

СЕНДЕ да Келлиникиндей же Риктикиндей сезимдер болду беле? Ошондой болсо, көп тынчсызданба, бул табигый эле нерсе. Баарыбыздын эле кез-кезде жүзүбүзгө көлөкө түшүп, капаланган учурларыбыз болот. Атүгүл Кудайдын байыркы ишенимдүү кызматчылары да ошондой сезимде болушкан.

Кээде эмне үчүн кайгырып жатканыңды билсең, кээде билбейсиң. «Сөзсүз бир жаман нерсе болгондуктан эле капаланбайт экенсиң,— дейт 19 жаштагы Анна.— Жашооңдо баары жайында болсо деле, кайгынын кара булуту капыстан капташы мүмкүн. Кызык, бирок жашоодо ушундай боло берет экен».

Кайгырууга себеп болобу же жокпу, жан дүйнөңдү кыйнаган сезимден кантип арыла аласың?

1-кеңеш: сезимдериңди бирөөгө айт. Ыйык Китепте: «Дос ар дайым сүйөт, башыңа иш түшкөндө, ал бир тууганыңдай болуп келет»,— деп айтылат (Накыл сөздөр 17:17).

Келли: «Бирөө менен сүйлөшкөндөн кийин оор жүктөн арылгансып, кадимкидей жеңилдей түшөм. Мындан тышкары, кимдир бирөө кайгынын туңгуюгуна түшүп калганымды билсе, аркан ыргытып, мени чыгарып алышы мүмкүн».

Сунуш: төмөнгө жүрөгүңдү өйүгөн сезимдериң менен бөлүшө ала турган досуңдун ысмын жаз.

․․․․․

2-кеңеш: сезимдериңди жаз. Бушайман болуп, жарык күнүң караңгылыкка айлангандай сезилсе, ойлоруңду кагаз бетине түшүрүүгө аракет кылып көрөттүрсүң. Дөөтү пайгамбар кээде кайгы-муңун рухтун жетеги менен жазган забурлары аркылуу билдирген (Забур 6:7). Сезимдериңди жазуу «туура ой жүгүртүүнү, эстүүлүктү сактоого» көмөк кылат (Накыл сөздөр 3:21).

Хезер: «Сезимдеримди кагаз бетине түшүрүү кайгыдан улам чырмалышып калган ойлорумду жандырууга жардам берет. Ой-сезимдериңди сыртка чыгарып талдаганыңда, кайгың акырындап көкүрөгүңдөн сүрүлүп чыгат».

Сунуш: айрымдар көңүлүндө уялаганды күндөлүккө жазууну чечишет. Сенин да күндөлүгүң бар болсо, ага эмнелерди жазсаң болот? Көңүлүң чөккөн учурларда кандай сезимде болуп жатканыңды жана кайгыңдын себеби эмнеде болушу мүмкүн экенин жаз. Бир айдан кийин жазгандарыңды окуп чык. Жагдайга болгон көз карашың, сезимдериң өзгөрүптүрбү? Өзгөрсө, эмне жардам бергенин белгиле.

3-кеңеш: тилен. Ыйык Китепте айтылгандай, тынчсызданууларың тууралуу тиленсең, «Кудайдын ар кандай ой-түшүнүктөрдөн жогору турган тынчтыгы» жүрөгүң менен акылыңды сактайт (Филипиликтер 4:7).

Эстер: «Эмне үчүн мынчалык капаланып жатканымды түшүнөйүн десем да, түшүнө алчу эмесмин. Мен Жахабадан кубанычтуу болууга жардам беришин суранчумун. Кайгымдын себебин билбегендиктен ушунчалык кыйналар элем. Акыры, ошол кулчулуктан бошондум. Тиленүүнүн зор күчкө ээ экенин эч качан унутпагыла!»

Сунуш: тиленгениңде Забур 138:23, 24төгү сөздөрдү үлгү катары алсаң болот. Жахабага жүрөгүңдөгүнү төк жана кайгыңдын себебин аныктоого жардам беришин сура.

Жогоруда берилген кеңештерден тышкары, Кудай Сөзүнөн дагы башка жубатарлык сөздөрдү таба аласың (Забур 118:105). Ыйык Китептен тапкан бекемдээрлик ойлор акыл-оюңа, жүрөгүңө жана иш-аракеттериңе жакшы таасир этет (Забур 1:1—3). Мисалы, Элчилер китебинде дем-кубат берерлик кызыктуу окуялар камтылган. Ыйык Китепти окууну кызыктуу кылуу үчүн Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Жаштардын суроолору. Иш жүзүндө колдонорлук кеңештер» (2-том, ор.) деген китептин «Байыркы кызматчылардын үлгүсү» рубрикасындагы тогуз билдирүүнү карап чыксаң болот. Ал билдирүүлөрдө Жусуп, Хиския, Лидия, Дөөтү жана Кудайдын башка кызматчылары жөнүндө айтылат. 227-беттен элчи Пабылдын жеткилеңсиздигинен улам пайда болгон терс сезимдери менен кантип ийгиликтүү күрөшкөнүн биле аласың.

Бирок канчалык аракет кылсаң да, кайгыңдан арыла албай жатсаңчы?

Кайгыңдан арыла албай жатсаң...

«Кээде эртең мененкисин,— дейт Райан,— дагы бир маңызсыз күн өткөргөнчө, төшөктөн турбай эле койгонум оң деп ойлоном». Көптөгөн адамдардай эле, Райан депрессиядан улам кыйналып келет. Изилдөөлөргө ылайык, өспүрүмдөрдүн ар бир төртүнчүсү чоңоюп, эресеге жеткиче, депрессиянын кайсы бир түрүнөн азап чегет.

Депрессия менен ооруп жаткан-жатпаганыңды кантип аныктасаң болот? Оорунун айрым белгилери булар: көңүлдүн жана жүрүм-турумдун кескин өзгөрүшү, элден обочолонуу, дээрлик бардык нерсеге көңүл чаппай калуу, тамак ичүү адаттардын өзгөрүшү жана уйкунун бузулушу, өзүн татыксыз сезүү же өзүн негизсиз күнөөлөй берүү.

Албетте, айрым учурларда дээрлик баарыбызда ушундай белгилердин бири же бир нечеси болушу мүмкүн. Бирок андай белгилер бир нече жумага созулса, балким, ата-энеңе догдурга көрүнүшүң керектигин айтаттырсың. Догдур кайгыңдын себеби депрессиябы же жокпу, аныктоого жардам бериши мүмкүн *.

Депрессия менен оорусаң, андан уялууга эч себеп жок. Дарылануу көптөргө өзүн чындап жакшы сезүүгө жардам берди. Депрессиядан улам көңүлүң чөгүп жатабы же жокпу, Забур 33:19дагы («ЖД» [34:18]): «Жахаба жүрөгү жаралангандарга жакын, ал руху кыйналгандарды куткарат»,— деген жубатарлык сөздөрдү унутпа.

«Жаштардын суроолору» аттуу рубриканын башка макалаларын www.watchtower.org/ypu веб-сайтынан карасаңар болот.

[Шилтемелер]

^ 3-абз. Макаладагы айрым ысымдар өзгөртүлүп берилди.

^ 23-абз. Көңүл чөгөттүк көп убакытка созулуп кетсе, кээ бир жаштар өмүрүн кыюу жөнүндө ойлоно башташат. Эгер сага да ушундай ойлор келип жатса, токтоосуз түрдө өзүң ишенген чоң киши менен сүйлөш. («Ойгонгула!» журналынын 2008-жылдын июль—сентябрдагы санынын 26—28-беттерин кара.)

ОЙЛОНУП КӨР

Ыйлагандын пайдасы барбы?

«Мен оңой менен ыйлабайм, бирок кайгы тарткан учурларымда көз жашымды төгүп ыйлап алам. Бул мага көңүлүмдү жайына келтирүүгө, туура ой жүгүртүүгө жана эртеңки күнгө кубаныч менен, оң маанайда кароого жардам берет» (Лианн).

Башкалар кайгыдан арылууга кантип жардам бере алышат?

«Жан дүйнөм кыйналганда, мен жалгыз калбашым керек. Албетте, ой-сезимдерди жайына келтирүү үчүн жана ыйлап алуу үчүн жалгыз болуу керек болот дечи. Бирок ошондон кийин жаман ойлорго алдырбашым үчүн адамдардын арасында болушум керек» (Кристина).

[19-беттеги кутуча/сүрөт]

СЕН КУРАКТУУ ЖАШТАРДЫН ОЮ

«Адатта, мен өзүм жөнүндө өтө көп ойлоно баштаганда, көңүлүм чөгөт. Ал эми башкаларга жардам бергенимде, кайрадан кубанычка ээ болуп, өзүмө көп көңүл топтобой калам»

«Дене тарбия көнүгүүлөрүн үзгүлтүксүз жасаганымда өзүмдү жакшы сезгендиктен, көп деле көңүлүм чөкпөй калат. Ошондой эле көнүгүүлөрдү жасагандан кийин сергип калам да, жаман нерселер тууралуу ойлобой калам»

[Сүрөттөр]

Дренель

Ребека

[20-беттеги сүрөт]

Башкалардын жардамы жана өзүңдүн аракетиң менен кайгынын туңгуюгунан чыга аласың