Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Төгөрөктүн төрт бурчунда

Төгөрөктүн төрт бурчунда

Төгөрөктүн төрт бурчунда

Бир сурамжылоого ылайык, 15—64 жашка чейинки бразилиялык эркектердин 10,3 пайызы акыркы 12 айдын ичинде Интернет аркылуу таанышкан адам менен кеминде бир жолу жыныстык катнашта болгон (БРАЗИЛИЯНЫН САЛАМАТТЫКТЫ САКТОО МИНИСТРЛИГИ).

Мурун Түндүк муз океанын 80 метрге чейинки калыңдыктагы муз каптап турган. Эми ошол «көп жылдык муз... дээрлик эрип кеткен. Мындай укмуштуу көрүнүш түндүк уюлда кеме жүрүүчү жолдорду ачууну жеңилдетет» (РЕЙТЕР МААЛЫМАТ АГЕНТТИГИ, КАНАДА).

Москва менен Ватикан алардын ортосунда толук кандуу дипломатиялык мамилелер негизделгенин жарыялады («РИА НОВОСТИ», ОРУСИЯ).

2000—2007-жылдардын аралыгында Африканын эң бийик тоосу Килиманжаронун мөңгүсүнүн 26 пайызы эрип кеткен («ДЕЙЛИ НЕЙШН», КЕНИЯ).

Индивидуализм жана депрессия

Лондондун «Дейли телеграф» гезити билдиргендей, изилдөөлөргө ылайык, Британия «дүйнөдөгү эң эле индивидуалисттик, атап айтканда, адамдар жеке өздөрүнүн кызыкчылыгын жалпынын кызыкчылыгынан жогору койгон коом» болуп саналат. Дагы бир изилдөөнүн жыйынтыгы британдыктардын арасында депрессияга чалдыккандардын жана сарсанаага баткандардын саны жогору экенин көрсөткөн. Айрым адистер индивидуализм менен депрессиянын ортосунда тыгыз байланыш бар деп эсептешет. Изилдөө учурунда Батыш өлкөлөрүнүн коомчулугу Кытай жана Тайван коомчулугу менен салыштырылган. Акыркыларында индивидуалдуулукка караганда коомдук биримдик жогору бааланары айкын болгон. Бул адамдарды психикалык саламаттыгына доо кетишинен коргойт көрүнөт. Ал эми Батышта, «Телеграфта» белгиленгендей, «өзүмчүл коом... адамдарды депрессияга чалдыктырат».

Швеция чиркөөсү бир жыныстагылардын никелешүүсүн колдойт

2009-жылдын октябрында Швециянын лютеран чиркөөсү чиркөөдөн бир жыныстагы түгөйлөрдүн никесин кыюуга уруксат берди. Мындай чечимге бир нече ай мурунураак швед парламентинде бир жыныстагылардын никеге турушуна укук берген мыйзамдын кабыл алынышы түрткү болгон. «Ошентип, Швеция чиркөөсү дүйнөдөгү ири чиркөөлөрдүн ичинен биринчилерден болуп нике эркек менен аялды бириктирген түйүн деп эсептелген, эзелтен эле калыптанган көз караштан четтеди»,— деп билдирет «Дагенс нюхэте» гезити.

Ымыркай кайсы тилде ыйлайт?

Вюрцбург университетинин (Германия) изилдөөчүлөрүнүн пикиринде, ымыркайлар жарык дүйнөгө келгенинин экинчи эле күнү энеси сүйлөгөн тилдин ыргагына келтирип ыйлашат. Изилдөөчүлөр 30 француз жана 30 немис ымыркайдын ыйын жаздырып алып, алардын жыштыгын, мелодиялык түзүлүшүн жана бийиктигин талдашкан. Француз ымыркайлардын ыйы көбүнчө төмөнүрөөк тон менен башталып, бийигирээк тон менен бүтсө, немис ымыркайлардыкы тескерисинче болуптур. Эки учурда тең ымыркайлар ата-энеси сүйлөгөн тилдин ыргагын туурашкан. Ушунун негизинде ымыркайдын тили жатында эле өрчүй баштайт жана анын өз эне тилинде сүйлөшү алгачкы ыйынан башталат деген тыянак чыгарылган.