Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Үмүтсүздүктөн арылып бакыт таптым

Үмүтсүздүктөн арылып бакыт таптым

Үмүтсүздүктөн арылып бакыт таптым

АЙТЫП БЕРГЕН: ВИСЕНТЕ ГОНСАЛЕС

Өзүмө төрт жолу ок аткандан кийин да аман калганымды уккан кошуна-колоңдор мени «Эргул» деп атап калышкан. Бирок мен эргул деле болгон эмесмин. Анда эмне себептен өмүрүм менен кош айтышууга аракет кылганымды айтып берүүгө уруксат этиңиздер.

МЕН 1951-жылы Эквадордун Гуаякиль шаарында төрөлгөм. Ата-энем деңизге жакын жайгашкан «Басып алынган жер» деп аталган аймакка үй салып, тогуз баласы менен ошол жакта жашап калган. Кедей үй-бүлөлөр ал жерди мыйзамсыз түрдө басып алып, дубалдарын бамбуктан тургузуп, чатырын одур-бодур темир менен жаап үй курушкан. Үйлөр деңиз суусу ташкындап, тартылып туруучу жерлерде жана мангр саздарында курулгандыктан, аларды жыгач мамыларга тургузушчу. Бизде электр кубаты жок болчу, тамакты мешке жасачубуз, сууну болсо бир чакырым жерден ташып келчүбүз.

Ата-энеме үй-бүлөлүк чыгымдарды жабууга жардам берүү үчүн агаларым, эжелерим кичинекейинен эле иштей башташты. Мен 16 жашымда мектепти таштап, кабар жеткирүүчү болуп заводго орноштум. Көп өтпөй досторума кошулуп ичип, адеп-ахлаксыз жашоо өткөрө баштадым. Абийирим соттогондуктан, чиркөөгө барып, дин кызматчыга күнөөлөрүмдү айтып берип жүрдүм. Дин кызматчы рухий жактан эч кандай жардам көрсөтпөй эле: «Уулум, күнөөңдү жашырбай айтканың ырас»,— деп кетирип ийчү. Ошондуктан кайра эле жаман иштеримди кыла берчүмүн. Акыр-аягы, күнөө кетирген сайын улам дин кызматчыга бара берүү маанисиз болуп калгандыктан, чиркөөгө барбай калдым. Ошол учурда мени тегерегимдеги адилетсиздик ойлондура баштады. Элдин көбүн түзгөн жакырлар эптеп өлбөстүн күнүн көрүп жатса, байлардын байлыкка тунуп, майкөл-сүткөл жашоо өткөрүп жатканын көрдүм. Жашоо мен үчүн маңызсыз болуп калды, келечегим жана көздөй турган эч кандай максатым жоктой сезилди.

Бир күнү эки эжем менен эки карындашымдын Жахабанын Күбөлөрүнүн адабияттарын окуп жүргөнүн билдим. Мен да аларды окуй баштадым. Мени өзгөчө «Түбөлүк өмүргө алпаруучу чындык» деген китеп кызыктырды. Андан көптөгөн ыйык китептик суроолорума канааттандырарлык жооп алдым. Ошондо чындыкты тапканыма көзүм жетти. Бирок кийинки 15 жыл көрсөткөндөй, чындыкты билүү — бир, ага ылайык жашоо башка экен.

22 жашымда банкта иштей баштадым. Күндөрдүн биринде мени менен чогуу иштеген киши мага банктан кантип жашыруун «карыз» аларын жана кийин аны кантип «төлөөрүн» көрсөтүп берди. Мен да аны туурай баштадым. Бара-бара «карызым» ушунчалык көбөйүп кеткендиктен, кылмышымды жашыра албай калдым. Аны эч качан төлөп бере албасымды түшүнгөндө жаным жай албай, айлам куруду. Ошондуктан банкка кылмыш кылганымды билдирип, анан аны жууш үчүн өмүрүмдү кыюуну чечтим.

Банкка кат жазгандан кийин кичинекей тапанча алып, деңиз жээгиндеги обочо жерге бардым да, башыма эки жолу, төшүмө эки жолу аттым. Бирок оор жаракат алсам да, тирүү калдым. Бир велосипедчи мени көрүп калып, дароо ооруканага жеткириптир. Айыккан соң, ишим териштирилип, абакка камалдым. Бошотулгандан кийин түрмөгө отуруп чыкканыма аябай уялып, көңүлүм чөктү. Ошентип, өзүмө төрт жолу ок атып, аман калганым үчүн «Эргул» деген атка кондум.

Өзгөрүлүүгө мүмкүнчүлүк

Болжол менен ошол убакта мага Жахабанын Күбөлөрүнүн Пол Санчес деген миссионери келди. Дароо эле анын жылуу жылмайганы көзүмө урунду. Пол ушунчалык бактылуу, жадырап-жайнаган киши болгондуктан, мага Ыйык Китепти изилдөөнү сунуштаганда, шак эле макул болдум. «Ал мага бактылуу болууга жана жашоонун маңызын табууга жардам бере алат болуш керек»,— деп ойлодум.

Полдун көмөгү менен мен Кудайдын адамзатка байланыштуу ой-ниетин жана аны сүйүп, тилин алгандар жер бетиндеги бейиште жашай турганын билдим (Забур 36:29). Ошондой эле адилетсиздик менен жакырчылыкка Кудай себепкер эмес экенин, алар адамдардын Ага каршы чыкканынын кесепетинде болгонун түшүндүм (Мыйзам 32:4, 5). Бул чындыктарды билгенимде жашоомо жарыктын нуру төгүлгөндөй эле болду. Бирок жаман жактарымды өзгөртүү Ыйык Китепти изилдөөгө караганда кыйла оор болду.

Мен ишкананын акча-каражаттары менен байланыштуу болгон офистик жумуш таап калдым. Ошондо да кайрадан азгырыкка алдырып, уурулук кыла баштадым. Кыңыр ишим билине баштаганда, Эквадордун башка шаарына качып кетип, ал жерде бир жылча жашадым. Бирок башка өлкөгө кете албай койгондуктан, үйгө кайтып келүүгө туура келди.

Пол мени издеп тапкандан кийин, кайрадан изилдөөбүздү уланттык. Бул жолкусунда мен ыйык китептик принциптерди колдонууга жана Жахабага кызмат кылууга бел байладым. Андыктан уурулук кылып келгенимди Полго жашырбай айтып бердим. Ал мага ачык эле кеңеш берип, Эфестиктер 4:28 сыяктуу аяттарды көрсөттү. Ал жерде: «Ким уурулук кылып жүрсө, мындан ары уурулук кылбасын. Андан көрө... тырышчаактык менен эмгектенсин»,— делет. Ошондо жазасын тартууга туура келсе да, мурун иштеген жериме уруулук кылып жүргөнүмдү ачык айтышым керектигин түшүндүм.

Ал ортодо сүрөт тартып иштей баштадым. Бир күнү иштеген жериме бир киши келип, сүрөткө кызыгарын айтты. Бирок чынында ал тергөөчү болуп чыкты; анда мени камакка алууга буйрук бар экен. Ошентип, кайрадан соттолуп, кесилип кеттим. Пол мага келгенде, ага: «Мага Ыйык Китепти түшүнүүгө жардам бергениңе эч качан өкүнбөйсүң»,— деп айттым. Биз түрмөдөн Ыйык Китепти изилдөөнү уланттык.

Ак ниеттүүлүгүмдү далилдешим

Бошотулгандан кийин мен Жахабага бүт жүрөгүм менен кызмат кылууга чечкиндүү болуп, эки жыл ак ниеттүүлүгүмдү далилдеп жашадым. 1988-жылы Жахабанын Күбөсү катары чөмүлтүлдүм. Текке кетирген жылдарымдын ордун толтуруш үчүн пионер катары толук убакыт кызмат кыла баштадым. Кудайдын Сөзүн, айрыкча, жаштардан турган кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнө айтууга аракет кылып жүрдүм.

Бир кылмыштуу топ дайыма Падышалык Залынын дубалдарына ар нерсени жазып, тартып кетер эле. Мен ал топтун мүчөлөрүн жана каякта жашаарын билгендиктен аларга жолугуп, Падышалык залынын кандай максатта колдонуларын түшүндүрүп бердим жана ал жайга урмат көрсөтүшүн жылуу-жумшак сурандым. Ошондон кийин алар залдын дубалдарына эч нерсе жазбай калышты.

Кийин залды оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп, эски сырлары кырылып жатканда, Фернандо аттуу жаш Күбө «Бака» деген жазууну көрүп калып: «Бул мен болчумун!» — деп кыйкырып жиберди. Көрсө, Фернандо кылмыштуу топтун мүчөсү болгон кезде өзүнүн калп атын дубалга жазып кеткен экен. Эми аны өз колу менен өчүрбөдүбү!

Фернандого биринчи жолу жолукканымда, ал баңгизатка башы байланып калган бала болчу. Апасы аны баңгиликти айыктыруучу борборго эки ирет жиберсе да, эч майнап чыкпаптыр. Ошондуктан ага кол шилтеп, аны үйүндө жалгыз калтырып, башка жакка көчүп кеткен экен. Фернандо баңгизат алыш үчүн баалуу нерселеринин баарын, атүгүл үйүнүн эшик-терезе, чатырына чейин сатып бүтүрүптүр. Бир жолу ага көчөдөн жолугуп, суусундук берип, Ыйык Китепти изилдөөнү сунуштадым. Ал изилдөөгө макул болуп, чындыкты кабыл алганда, аябай кубандым. Фернандо кылмыштуу топтон чыгып, баңгизатты таштады, жыйналыш жолугушууларына катыша баштады жана көп өтпөй чөмүлтүлдү.

Фернандо экөөбүз үймө-үй кабар айтып жүргөндө, адамдар бизди «Бака» же «Эргул» деп таанып, эмне кылып жүргөнүбүзгө кызыккан учурлар көп болот. Алар мурда кылмыштуу топтун мүчөсү болгон жана уурулук кылып жүргөн кишинин Ыйык Китепти колуна алып, аларга кабар айтып келгенине айран таң калышат.

Бир жолу мен бир кишиге кабар айтып жатканда, Фернандо анын кошунасы менен сүйлөшүп жаткан эле. Мен кабар айтып жаткан киши Фернандону көргөзүп: «Тетиги баланы көрдүңбү? Ал бир жолу башыма тапанча такаган»,— деди. Мен ал кишини Фернандонун жаман жолунан бурулуп, ыйык китептик принциптерге ылайык жашап жатканына ынандырдым. Анан Фернандо сүйлөшүп бүткөндө, бери чакырып, аны менен тааныштырдым. Ошондо ал Фернандого: «Иним, жашооңду түп-тамыры менен өзгөрткөнүң үчүн сени мактагым келет»,— деди.

Фернандо экөөбүз ушу сыяктуу сөздөрдү далай эле уктук. Ошонун аркасында адамдарга чындык жөнүндө айтууга сонун шарт түзүлүп, бир канча ыйык китептик изилдөө башталды. Ооба, Фернандо экөөбүз тең элге Жахабанын Күбөсү катары таанымал болгонубузга абдан сыймыктанабыз.

Жашоомдогу маанилүү окуя

2001-жылы, 50гө аяк басып калган кезимде, Перуда өткөрүлгөн Кызматка окутуу мектебине чакырылганым мен үчүн ары таң калыштуу, ары жүрөк толкутарлык болду. Ал мектепте талаптарга жооп берген Күбөлөргө эки айдын ичинде алардын кызматына чоң жардам боло турган терең рухий билим берилет.

Мектептин ар бир бөлүгү мага кубаныч тартуулады, бирок эл алдында сөз сүйлөп чыгарымды ойлогондо жүрөгүм шуу дей түшчү. Көптөгөн жашыраак окуучулар өзүн аябай ишенимдүү кармап, баяндамасын мыкты сүйлөп жатышты. Бирок мен биринчи жолу сөз сүйлөп чыкканымда, бала чагымдан бери кыйнап келген сезим мени кайрадан чулгады: өзүмдү эч нерсеге татыксыз, жөндөмсүз сездим, буту-колум калтырап, алаканым тердеп, үнүм дирилдеп, аябай кыйналдым. Анткен менен Жахаба мени ыйык руху жана камкор бир туугандар аркылуу колдогонун сездим. Бир нускоочу атүгүл мага жекече көңүл буруп, сабактан кийин баяндамаларды даярдоого жардам берип жүрдү. Баарынан маанилүүсү, ал мени Жахабага таянууга үйрөттү. Окуу аяктап калганда, өмүрүмдө биринчи жолу көпчүлүктүн алдында сөз сүйлөп чыгуудан чындап ырахат алдым.

Жахабанын Күбөлөрүнүн Гуаякилде өткөрүлгөн жыйынында мен үчүн бир чоң сыноо болду. 25 000 кишинин алдына чыгып, кантип Жахабанын Күбөсү болгонумду айтып бердим. Бирок сүйлөп жатканда ушунча көп элди бекемдөө сыймыгына ээ болгонума аябай толкунданып, үнүм дирилдей баштады. Программадан кийин делегаттардын бири келип: «Гонсалес бир тууган, сиз башыңыздан өткөндү айтып берип жатканда, угуп отургандардан көзүнө жаш албаган бирөө да калган жок»,— деп айтты. Мен, баарынан да, айтып бергендерим жаман жолунан бурула албай жүргөндөргө кайрат берсе экен деп тилегем.

Азыр мен аксакал жана жалпы пионер болуп кызмат кылам. Ушуга чейин 16 кишиге ыйык китептик так билимге ээ болууга жардам бергениме кубанычтамын. Ата-энем, эки эжем жана эки карындашым өмүрүн Жахабага арнаганда да кубанычым койнума батпай сүйүндүм. Апам 2001-жылы Кудайга ишенимдүү бойдон каза болду. Мен Жахабага аны таанып-билүүгө мүмкүнчүлүк бергенине чексиз ыраазымын. Башкаларга да ага жакындоого жардам берүү ал ыраазычылыгымды билдирүүнүн эң мыкты жолу деп эсептейм (Жакып 4:8).

[28-беттеги сүрөт]

Мурда кылмыштуу топтун мүчөсү, «Бака» деген ысым менен таанымал болгон Фернандо

[28-беттеги сүрөт]

Мени менен Ыйык Китепти изилдеген миссионер Пол Санчес

[29-беттеги сүрөт]

Висенте Гонсалес бүгүн