Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Альп тоолорун байырлаган суурлар

Альп тоолорун байырлаган суурлар

Альп тоолорун байырлаган суурлар

Бир маалда айлананы жаңырткан ышкырык угулду. Ал досун чакырып жаткан баланын ышкырыгына окшош, бирок андан катуураак экен. Ышкырык жаңырып угулгандыктан, кайсы жактан чыгып жатканы жакшы байкалбай калды. Аңгыча болбой, ийинине шып этип кирип кеткен түктүү жандыкты байкап калдым. Жол көрсөтүп келе жаткан киши мага жаңы эле суурду көргөнүмдү жана анын үнүн укканымды айтты.

МЕН бир нече күндүн ичинде бул түктүү кемирүүчү жандыктар тууралуу көбүрөөк биле алдым. Алардын кандай жерде күнгө кактанары, кайсы жерден ийин казары жана ушундай оор чөйрөдө, токойлуу тоонун этегинде, кантип жан сактаары жөнүндө да көбүрөөк билдим.

Бири-бирине кам көрүүсү жана сактыгы

Суурларга Альп тоолорунда жашоо оңой эмес. Анткени кышкысын суук катуу болуп, ал жакты бир нече айга чейин кар басып турат. Ошондой эле аларга жырткыч куштар менен жырткыч жаныбарлар да коркунуч туудурат. Андыктан алардын аман калышы бири-бирине кам көргөнүнөн, алдын ала даярдык көргөнүнөн жана сактыгынан көз каранды.

Суурлар топ-топ болуп жашашат, адатта, алардын тобу эркек-ургаачысынан жана чөндөлөйлөрүнөн турат. Ар бир топтун жашай турган бир ийини жана коркунуч болгондо жашына турган бир нече ийини болот. Айрым учурда суурлар ийинин чоң таштын түбүнөн казышат. Мындай ийин суурларга айланага көз салып, байкап турууга жана күнгө кактанууга абдан ыңгайлуу келет.

Суурлар тазалыкты сүйгөн жандыктар. Алар ийини таза болушу үчүн, башка ийин казып, аны даараткана катары колдонушат. Жашай турган ийинин болсо, тереңирээк казып, түбүнө чөп төшөп коюшат. Бул ургаачысы тууп жатканда коопсуз болушуна шарт түзөт. Андан сырткары, бул суурларга кышы бою уктап чыгууга өбөлгө түзгөн жылуу чээн болуп берет.

Алар үчүн топту кайтарып, кароолго туруу эң жоопкерчиликтүү милдеттердин бири. Суурлардын чоңу башкалары оттоп жүргөндө, айлана-тегеректи карап, кайтарып турат. Ал коркунуч күтүп турган-турбаганын жакшыраак байкай алышы үчүн, кээде арткы бутуна чокчоюп туруп алып, айлана-тегерекке көз чаптырып турат. Аларга, негизинен, бүркүттөр, түлкүлөр жана адамдар коркунуч туудурат. Суурлар жырткыч куштарды көргөндө дароо катуу үн чыгарып, башкаларына белги беришет. Кызыктуусу, суурдун бүркүттөрдү көргөндөгү аңкыштоосу башка жырткыч куштарды көргөндөгү аңкыштоосунан кыйла айырмаланат. Суурлар коркунучту билдирген үндү угары менен дароо качып, бир заматта жок болуп кетишет.

Алар аман калышы үчүн, өзгөчө, бүркүттөрдүн сүйүктүү тамагы болгон чөндөлөйлөр аман калышы үчүн, коркунучту билдирген белгилерге кулак кагышы абдан маанилүү. Эгер коркунуч жакындап калса, күзөттө турган суур башкалар менен бирге ийинге качып кирип кетет. Анан бир нече мүнөттөн кийин коркунуч алыстап кеткен-кетпегенин көрүш үчүн акырын башын чыгарып карайт.

Суукту тоготпогон уйкучу жандык

Альп тоолорундагы суурлар байырлаган жердин жайыты оттуу, жайы мелүүн келет. Эгер күн кичине суугураак болсо, суурлар ийининен чыгып, күнгө кактанышат. Алар түктүү калың тонун чечип коё албагандыктан, күн ысыкта аларга абдан кыйын болот. Ошол себептен суурлар, адатта, эртең менен эрте же күндүн табы кайткан маалда сыртка чыгышат.

Уйкуну жакшы көргөн Альп суурлары чээнге кирип, алты айга чейин уктай беришет. Ал эми алардын тукумуна кирген боз суур тогуз айга чейин уктайт. Суурлар уктап жатканда жүрөгү абдан жай — мүнөтүнө бир нече жолу эле — согот, ал эми денесинин температурасы беш градуска чейин түшөт. Алар ушунча убакытка чейин азыктанбай укташ үчүн, алдын ала даярдык көрүшү керектиги айтпаса да түшүнүктүү. Суурлар чээнге киргенге чейин жайы бою жана күздүн башында абдан көп азыктанып, май топтоп алышат.

Чөндөлөйлөрү болсо бири-бирин кууп, абдан ойноок келишет. Мен үч чөндөлөйдүн чөптүн үстүндө бири-бири менен күрөшүп, томолонуп ойноп жатышканын көрдүм. Суурлар бири-бири менен мурдуларын тийгизип учурашышат, ал эми бир топтогу суурлар бири-биринин жүнүн тазалап, күн суукта жылуу болуш үчүн бири-бирине ыкташып туруп алышат.

Суурлар баарына алдын ала кам көрүп, абдан сак келишет (Аюб 12:7). Адамдар бул кемирүүчү жандыктардан көп нерсеге үйрөнсө болот.

[19-беттеги кыстырма]

Суурлар Альп тоолорунун жашыл чөп каптаган жайытынын көркүнө көрк кошуп турат. Алардын бири-бирине кам көргөнү акылман Жаратуучунун бар экенин тастыктайт (Забур 49:10).

[20-беттеги кыстырма]

Суурлардын чоңу башкалары оттоп жүргөндө, айлана-тегеректи карап, кайтарып турат