Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ишеним ой жүгүртүүгө каршы келеби?

Ишеним ой жүгүртүүгө каршы келеби?

Ыйык Китептин көз карашы

Ишеним ой жүгүртүүгө каршы келеби?

АНГЛИС философу Э. С. Грейлиң: «Ишеним далилдердин негизинде ой жүгүртүп жыйынтык чыгарууну четке кагат»,— деп айткан. Анын сөздөрү ишеним далилдердин негизинде ой жүгүртүп жыйынтык чыгарууга каршы келет деп кылымдар бою ырастап келишкен көптөгөн жазуучулар менен философтордун көз карашын чагылдырат.

Чынында эле, айрым диний ишенимдер бекем далилдерге негизделбейт. Бирок ойлонуп көрсөңөр, убакыттын өтүшү менен көптөгөн илимий көз караштардын туура эмес экени далилденген. Бул илимий көз караштардын баары туура эмес же алар эч кандай далилдерге негизделбейт дегенди билдиреби? Эмне үчүн диний көз караштар бири-биринен айырмаланат? Ыйык Китепте айтылган ишеним түркөйлүккө эмес, тескерисинче, так билимге жана бекем далилдерге негизделет. Чыныгы ишеним эмнеге негизделерин карап чыгуу ишенимдин далилдердин негизинде ой жүгүртүп жыйынтык чыгарууга каршы келбей турганын көрсөтөт.

Чыныгы ишеним деген эмне?

Ыйык Китепте сыйынуубуз «Кудайга жага тургандай» болушу үчүн «ыйык кызматыбызды» «акыл жөндөмүбүздү» «колдонуп аткарышыбыз» керектиги айтылат (Римдиктер 12:1). Демек, Ыйык Китепте айтылган ишеним, көпчүлүк айткандай, сокур ишеним эмес же тек гана ишенчээктикти билдирбейт. Тескерисинче, ал Кудайга жана бекем далилдерге негизделген Ыйык Китепке ишеним артууну билдирет.

Албетте, туура ой жүгүртүп, туура жыйынтык чыгаруу үчүн, так маалымат алуу зарыл. Атүгүл логикалык принциптерге негизделип жасалган эң мыкты компьютерге туура эмес маалымат киргизилсе — туура эмес маалымат чыгарып берет. Ушу сыяктуу эле, эмнеге ишенериңер негизинен уккан нерселериңерден жана акылыңарды толтурган маалыматтын канчалык чындык экенинен көз каранды. Ыйык Китепте: «Ишеним угулган нерсе аркылуу пайда болот»,— деп айтылат (Римдиктер 10:17).

Ишенимге ээ болуу үчүн «чындыкты так таанып-билүү» зарыл (1 Тиметей 2:4). Ыйык Китепте жалгыз гана чындык илимге же динге негизделген туура эмес көз караштардан «эркин кылары» айтылат (Жакан 8:32). Ошондой эле анда: «Ар бир сөзгө ишене бербегиле»,— деген эскертүү жазылган (Накыл сөздөр 14:15). Андан тышкары, Ыйык Китепте уккан нерселерибизге ишенерден мурун «бардыгын текшерип көрүшүбүз» керектиги айтылат (1 Тесалоникалыктар 5:21). Эмнеге ишенерибизди изилдеп, текшерип көрүшүбүз эмне үчүн зарыл? Анткени жалган нерселерге негизделген ишеним жалган ишеним болору айдан ачык. Байыркы Бероя шаарында жашаган көз карашы кеңири адамдар туура ишенимге ээ болуу үчүн эмне кылуу керектигине байланыштуу мыкты үлгү көрсөтүшкөн. Алар Иса пайгамбардын шакирттери айткан нерселерге ишенүүнү каалашса да, «уккандарынын чын-төгүнүн текшерүү үчүн Ыйык Жазманы күн сайын кылдат изилдешкен» (Элчилер 17:11).

Ишеним Ыйык Китепке негизделиши керек

А эгер Ыйык Китептин ишенүүгө татыктуу экенине күмөн санап жатсаңчы? Канткенде так билимдин булагы болгон Ыйык Китепке ишеним арта аласың? Мисалы, башкаларга ишеним артуу үчүн эмне кыласың? Бир канча убакыт бою алардын жүрүм-турумуна жана ар кандай жагдайда өздөрүн кандай алып жүрөрүнө байкоо салуу менен аларды жакшыраак биле аларың шексиз. Ушу сыяктуу эле, Ыйык Китепти да изилдеп көрүүгө эмне үчүн болбосун? *

Ыйык Китепте чыныгы ишеним жөнүндө: «Ишеним — бул үмүттөнгөн нерселерди негиз бар болгондуктан күтүү жана көрүнбөгөн нерселердин бар экенине айкын далилдерди көрүү»,— делет (Эврейлер 11:1). Ооба, чыныгы ишенимге ээ болгон адам ишенчээк эмес, анын ишеними текшерилген, кылдат изилденген маалыматка негизделет. Далилдерге негизделген, кылдат текшерилген маалымат атүгүл көзүбүз менен көрө албаган нерселердин да бар экенине ынанууга жардам берет.

Билгендериң мурунтан бери бекем ишенип келген нерселериңе карама-каршы болуп жаткандай сезилсечи? Аларга көңүл бурбай, кол шилтеп коюшуң керекпи? Албетте, жок. Кээде мурун ишенип келген нерселерибизге каршы келген жүйөлүү далилдерди изилдеп көрүү талап кылынат. Ыйык Китепте Кудайдын чындыкты чын жүрөктөн издегендерди билимге, кыраакылыкка жана ой жүгүртүү жөндөмүнө ээ кылууну убадалаганы айтылган (Накыл сөздөр 2:1—12).

Ыйык Китепте айтылгандарга негизделген ишеним далилдердин негизинде ой жүгүртүп жыйынтык чыгарууга каршы келбейт. Силердин ишенимиңер жөнүндө эмне дешке болот? Көптөргө ишеним ата-энесинен «мураска» калган жана алар ишеними эмнеге негизделерин эч качан текшеришкен эмес. Бирок ой жүгүртүүңөр Кудайдын Сөзүндө айтылгандарга ылайык келер-келбесине «ынанышыңар үчүн» эмнеге ишенериңерди текшерип көргөнүңөр ата-энеңердин көз карашын сыйлабастыкка жатпайт (Римдиктер 12:2). Ыйык Китеп бизди «Кудайдан келгендей сыяктанган кабарлардын баарын» чынында эле «Кудайдан келген-келбегенин текшерип көрүүгө» үндөйт (1 Жакан 4:1). Ушундай кылсаңар, атүгүл ишенимиңер талашка салынган жагдайга туш болгондо да «үмүтүңөр жөнүндө сураган ар бир адамдын алдында... коргонууга дайым даяр болосуңар» (1 Петир 3:15).

[Шилтеме]

^ 10-абз. Ыйык Китеп тууралуу так маалымат алууну кааласаңар, ушул журналдын 5-бетиндеги даректердин бирине жазсаңар болот.

ОЙЛОНУП КӨРДҮҢӨР БЕЛЕ?

● Ыйык Китепте далилдердин негизинде ой жүгүртүп жыйынтык чыгарууга тыюу салынабы? (Римдиктер 12:1, 2).

● Чыныгы ишенимди өрчүтүү үчүн кандай билим алуу зарыл? (1 Тиметей 2:4).

● Ишенимге карата берилген Ыйык Китептеги аныктамадан эмнени билүүгө болот? (Эврейлер 11:1).

[23-беттеги кыстырма]

Кудай чын жүрөктөн чындыкты билгиси келгендерге сыйлык берет