Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Лосостордун сүзүү ыкмасы

Лосостордун сүзүү ыкмасы

Өзүнөн өзү пайда болгонбу?

Лосостордун сүзүү ыкмасы

● Лосостор урук чачуу үчүн суунун агымына каршы сүзгөндө көптөгөн тоскоолдуктарга дуушар болушат. Алар ушундай татаал жолду чарчап-чаалыкпай кантип сүзүп өтүшөт? Лосостор каршы аккан суунун агымына багынбастан, аны өз пайдасы үчүн колдонушат. Кандайча?

Көңүл бурсаңар: лосостор буркан-шаркан түшүп аккан суу аркылуу сүзүшпөйт. Алар суунун агымына каршы сүзүп баратканда күчүн коротпош үчүн сууда пайда болгон айлампаларды колдонушат. Андай айлампалар суу аскага, бутактарга же дагы башка нерселерге урунганда пайда болот. Айлампалар суу агымы урунган нерсенин эки жагында тең пайда болушу мүмкүн. Балыктын денеси ийилчээк болгондуктан, мындай учурларда ал пайда болгон айлампанын ортосу менен сүзүп өтүп кетет (төмөндөгү сүрөттү карагыла). Алардын айрымдары алдыда сүзүп бараткан балыктар пайда кылган айлампаларды колдонуп, сүзүп өтүп кетишет. Алар атүгүл суунун агымы өзүлөрүнүн денесине урунганда пайда болгон айлампаларды да колдонушат.

Окумуштуулар лосостордун укмуштуудай сүзүү ыкмасын изилдеп, ошол үлгү боюнча, жай аккан суудан электр энергиясын алууну ойлонуштуруп жатышат. Кадимки гидроэлектростанциядан электр энергиясы саатына 9,3 километрдей ылдамдыкта (кеменин жүрүү тездигинин өлчөмү боюнча 5 узел) же андан тез аккан суудан алынат. Айлампадагы суунун термелүүсүнөн электр энергиясын алуу үчүн лосостун сүзүү ыкмасы боюнча жасалган гидроэлектростанциянын модели саатына 3,2 гана километр (2 узел) ылдамдыкта аккан суудан электр энергиясын ала алат *. Бирок азыркы технологияны лосостун сүзүү ыкмасы менен салыштырып болбойт. Мичиган университетинин (АКШ) профессору Майкл Берницас: «Бул жагынан балыктар бизге караганда тапкыч келет»,—деп айткан.

Кандай деп ойлойсуңар, лосостордун күчүн үнөмдөө үчүн сууда пайда болгон айлампаларды колдонуу жөндөмү өзүнөн өзү пайда болгонбу же акылман Жараткандын колунан бүткөнбү?

[Шилтеме]

^ 5-абз. Бул мүмкүн эместей көрүнөт, анткени дүйнө жүзүндөгү суулардын көбү саатына 4,8 километр (3 узел) ылдамдыктан жайыраак агат.

[32-беттеги уруксат менен коюлган сүрөт]

Top: © photolibrary. All rights reserved.