Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Стресс ден соолукка зыян

Стресс ден соолукка зыян

Стресс ден соолукка зыян

«Жумушумдун графиги ар кандай болгондуктан, мага күн-түн дебей иштөөгө туура келет. Бир ооруканадан операция жасаган соң башка ооруканадагы операцияга машинелерге жык-жыйма толгон көчөлөр менен бир нече мүнөттүн ичинде жетишип барып калышым керек» (Питер Стюарт, Түштүк Африкадагы догдур).

СИЛЕР стресске такыр башка себептерден улам дуушар болушуңар мүмкүн, ошентсе да силерге Питер Стюарттыкындай сезимдер тааныш чыгар. Стресске машинелерге жык-жыйма толгон жолдордо машине айдоо, жакындарыңар же чогуу иштегендер менен болгон келишпестик жана башка ушу сыяктуу жагдайлар себеп болушу мүмкүн. Стресске кандай себептерден улам кабылбайлы, ал адамзат коомунда жаңы пайда болгон нерсе эмес.

Мындан 30 кылымдай мурун жашаган, согушка каныккан бир жоокер: «Мени коркунуч менен калтырак басты, үрөйдү учурган коркунуч каптады»,— деп кандай сезимде болгонун ачык айткан (Забур 54:6). Ал стресске кабылуу деген эмне экенин жакшы билген. Ал бала кезинде кой кайтарып жүрүп арстан, аюу менен кармашкан жана кийинчерээк аны өлтүрүүнү көксөгөн жоокер менен беттешкен (1 Шемуел 17:4—10, 23, 24, 34—36, 41—51).

Анткен менен стресстин кандайдыр бир деңгээлде пайдалуу жактары бар. Ал күтүлбөгөн кыйынчылыктардан чыгып кетүүгө көмөк кылат. Стресс адамга өмүрү коркунуч алдында турганда башка учурда жасай албай турган иштерди жасоого жардам берет. Ал эми жоопкерчиликтүү ишти кыларда стресс адреналиндин бөлүнүп чыгышын шарттайт *. Бул болсо жумушту өз убагында бүтүрүүгө өбөлгө түзөт.

Бирок стресс басаңдабай, организм чыңалып тура берсе, чоң зыян алып келет. Бир окумуштуу: «Стресс адамдын ден соолугуна, саламаттыгына коркунуч туудурган зыяндуу нерселердин бири»,— деп айткан. Эгер стресстен арыла албай жатсаңар же стресске кабылткан жагдайлардан качууну кааласаңар: «Стресстен арылуунун жолу барбы?» — деген суроонун үстүнөн ойлонуп көрөттүрсүңөр.

Бактыга жараша, андан арылуунун жолу бар. Ал көптөгөн адамдарга жардам берген жана аны бардык адамдар колдоно алат. Стресстен арылууга байланыштуу кеңештер силер күтпөгөн нерседе, Ыйык Китепте, камтылат. Албетте, Ыйык Китеп медициналык китеп эмес, ошентсе да андагы даанышман кеңештер бизге жардам бере алат. Ыйык Китепте ошондой эле эмне үчүн бүгүнкү күндө стресс ушунчалык көп болуп жатканы жана стресске дуушар кылган же ага себеп болгон нерселер тууралуу айтылат. Андан сырткары, андан стрессти азайтууга жана аны менен күрөшүүгө жардам бере турган кеңештерди таба алабыз.

[Шилтеме]

^ 5-абз. Адреналин — бөйрөк үстүндөгү бездер бөлүп чыгарган, күтүлбөгөн кыйынчылыктарды жеңүүгө көмөк кылган гормон.