Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Стресс кандай таасир этет?

Стресс кандай таасир этет?

Стресс кандай таасир этет?

Автобуска же поездге жетишип калайын деп чуркап бара жатканда организмде кандай процесс жүрөт? Кан басымынын жогорулаганын, жүрөктүн тезирээк сокконун сезишиңер мүмкүн. Автобуска же поездге жетишпей калсаңар да, жүрөктүн согушу, дем алуу бара-бара калыбына келет.

БИРОК стресс узак убакытка созулса, иштин жайы такыр башкача болот. Мындайда адам бир нерсеге тынчсызданып, бушайман боло берет, булчуңдары чыңалып, кан басымы жогорулап, тамак сиңирүү органдарынын иштеши бузулат. Булардын баарынын кайрадан калыбына келишине бир топ убакыт талап кылынат. Адамдар жашоо барган сайын оордогондон оордоп баратканын байкашууда. Мисалы, көптөр эч кандай канааттануу тартуулабаган оор жумушта иштеп, жагдайы оңолоруна үмүттөнүшпөйт. Стресс ден соолукка кандай таасир этет?

Организмдин реакциясы

Стрессти изилдеген догдур Арин Ван дер Мерве организмдин стресске карата реакциясы жөнүндө: «Стресс организмди дароо иш-аракет кылууга даярдап, биохимиялык заттардын жана гормондордун бөлүнүп чыгышын шарттайт. Бул бүтүндөй организмди кыйынчылык менен күрөшүүгө даярдайт»,— дейт.

Ушунун аркасында адам адатта кыла албаган иштерди кылууга даяр болот. Көрүү, угуу жана туюу сыяктуу сезүү органдарынын баары ишке кирет. Мээ тезинен жооп кайтарып, бөйрөк үстүндөгү бездер күчтүү гормондорду бөлүп чыгарат. Гормондор кыйынчылык менен күрөшүү үчүн булчуңдардын, жүрөктүн, өпкөнүн жана башка органдардын адаттагыдан тезирээк иштешине шарт түзөт.

Ушундайча организмдин стресске болгон реакциясы адамдын өмүрүн сактап кала алат. Мисалы, капысынан машине чыга калганда адамдын жолдун четине чыга качканы — организмдин стресске болгон реакциясы. Бирок узакка созулган стресс жөнүндө минтип айтууга болбойт.

Стресс душманга айланганда...

Эгер организм дайыма чыңалып туруп алса эмне болот? Андайда булчуңдар дайыма чыңалып, тамырдын кагышы тездеп, кан басымы жогорулап жана кандагы холестериндин, майдын, канттын, гормондордун жана башка химиялык заттардын деңгээли жогору болот. Организмде мындай химиялык заттардын деңгээлинин кыска убакытка жогору болушу пайдалуу, анткени бул стресске кабылткан жагдайда тез аранын ичинде иш-аракет кылууга жардам берет, бирок алардын деңгээлинин узак убакытка жогору болушу негизги органдарды жабыркатат. Мунун кесепети кандай болот?

Адамдын башы, бели ооруп, моюндун булчуңдары жыйрылып, денедеги булчуңдар чыңалат. Догдурлардын айтымында, бул — өнөкөт стресстин симптомдору. Узак убакытка созулган стресс адамдын чыгармачылыгын, өндүрүмдүүлүгүн, шыктануусун басаңдатып, атүгүл башкалар менен болгон мамилесине да терс таасир тийгизет. Ошондой эле жоон ичегинин сезгенишине, ич өткөктүккө, кызыл өңгөчтүн булчуңдарынын жыйрылышына алып келет. Ал эми өнөкөт стресстин кесепети мындан да олуттуу болушу мүмкүн. Узакка созулган стресс инсультка, жүрөктүн приступ болушуна алып келип, бөйрөктүн функциясынын бузулушуна, жүрөк кан тамыр ооруларына жана диабетке чалдыктырышы мүмкүн же ушундай оорулар болсо, аларды күчөтүшү ыктымал.

Ван дер Мерве: «Көпкө чейин созулган стресстен улам кортизолдун бөлүнүп чыгышы белде, курсакта майдын ашыкча топтолушуна алып келет»,— деген. Стресс экзема, псориаз сыяктуу тери ооруларын чакырат же күчөтөт. Депрессияга дуушар кылып, алдан-күчтөн тайдырат, ачуулануу сезимин пайда кылат. Эс тутум начарлап, бир нерсеге көңүл топтоо кыйын болуп калат. Узакка созулган стресс иммун системасын катуу жабыркатып, организмдин сасык тумоодон баштап рак оорусуна жана аутоиммундук ооруларга каршы туруу жөндөмдүүлүгүн начарлатат.

Стресс акыл-эсибизге, ден соолугубузга, эмоциялык саламаттыгыбызга жана Кудай менен болгон мамилебизге олуттуу зыян келтирет, андыктан аны менен кантип күрөшүү керектигин билишибиз кажет. Бирок бардык эле стресстен арылуу керек деп айтууга болбойт. Эмне үчүн?

Анткени стрессти күлүк сымал элирип, ооздугун кемирип турган атка салыштырууга болот. Андай атты минүүдөн кубаныч аласың, бирок ал ооздук бербей ала качып кетсе, өмүргө коркунуч туулат. Ушу сыяктуу эле, кыска убакытка созулган стресс кубаныч тартуулап, жагымдуу сезимге бөлөгөндөн сырткары, шыктандырып, чыгармачылыгыбызды, өндүрүмдүүлүгүбүздү арттырат, ден соолугубузга да оң таасир этет.

Стресс бизге терс эмес, оң таасир тийгизиши үчүн эмне кылсак болот? Кийинки макалада бул суроого кененирээк токтолуп, стресс менен кантип күрөшсө болору жана ага карата кандай көз карашта болушубуз керектигин карап чыгабыз.

[5-беттеги кутуча]

АКЫЛМАН, МЭЭРИМДҮҮ КУДАЙ «ТАҢ КАЛАРЛЫК» КЫЛЫП ЖАРАТКАН

Көпчүлүк колдогон теорияга каршы, биздин организмдин стресске болгон реакциясы мамонттордон жана азуу тиштүү жолборстордон коргонгон байыркы убактагы адамдардан калган эмес. Тескерисинче, татаал физиологиялык түзүлүшүбүз бизди чебер Жаратуучу акылмандык менен жаратканын айгинелеп турат. Алсак, кандын уюшу, башкача айтканда, организмдин инфекция менен күрөшүү, жараатты айыктыруу жөндөмү жана организмдин стресске карата реакциясы акылман, мээримдүү Жаратуучу бар экенин тастыктайт.

Ооба, адамдын денеси анын «таң каларлык жаратылганынын» далили (Забур 138:13—16). Кудайдын адамдарды ал жөнүндө билим алууга болгон муктаждыгы менен, жашоодон кубаныч алгыдай кылып жаратканы жана керектүү нерселер менен камсыз кылганы бизди жакында боло турган Бейиш заманда оору, кайгы, өлүм болбой турганына ынандырат (Аян 21:3—5).

[5-беттеги схема⁄сүрөт]

(Текстти толугу менен көрүү үчүн адабиятты кара)

СТРЕССТИН ЗЫЯНДУУ ТААСИРИ

Баш оору

Моюндун оорушу

Тиш кычыратуу

Белдин оорушу

Жүрөк оорусу

Ашказандагы жара

Булчуңдардын жыйрылышы