Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Стресс менен күрөшүү

Стресс менен күрөшүү

Стресс менен күрөшүү

Ыйык Китепте «өзгөчө оор мезгил» тууралуу айтылат. Азыр стресске кабылткан нерселер абдан көбөйгөн оор мезгилде жашап жатканыбызга кошулат чыгарсыңар (2 Тиметей 3:1).

ДҮРКҮРӨП күйгөн чоң өрттү өчүрүүгө караганда, кичинекей жалынды өчүрүү оңой экенин жакшы билет болушуңар керек. Ошо сыяктуу эле, көп убакытка созулган стресс менен күрөшүүгө караганда, бир аз убакытка созулган стресс менен күрөшүү оңой. Бир догдур: «Күн тартибибиз тыгыз болуп, күнүмдүк иштерибиз канчалык көп болбосун, стресс менен күн сайын күрөшүшүбүз абдан маанилүү»,— деген *.

Күн сайын туш болгон стресс менен күрөшүүдө эки нерсеге умтулушубуз керек. Биринчиден, стресске кабылта турган жагдайлардан мүмкүн болушунча качуу абзел. Экинчиден, кача албай турган стресске карата туура көз карашта болушубуз кажет.

Ыйык Китепте стресс менен күрөшүүгө жардам берген кеңештер барбы?

Ыйык Китептеги чындыктарды билүү

Ыйык Китепте жазылгандарды терең изилдөө Жаратканыбыздын сергитерлик жана бекемдээрлик ойлорун билүүгө жардам берет. Кудай Сөзү — баалуу жетекчиликтин жана стресстен арылууга жардам берген кеңештердин булагы. Ошондой эле ал бизге коркуу сезиминен, тынчсыздануудан арылууга жана стресс менен ийгиликтүү күрөшүүгө көмөк кылат (Жашыя 1:7—9).

Ыйык Жазмада Жахаба Кудайдын «абдан боорукер, кайрымдуу экени» айтылат, муну билүү стресс менен күрөшүүгө жакшы жардам берет (Жакып 5:11). Калифорния университетинде профессор болуп иштеген Патриция мындай дейт: «Кудайдын эрки жана анын кылып жаткан керемет иштери жөнүндө ой жүгүртүү мага абдан чоң жардам берди».

Иса Машаяктын мүңкүрөгөн, көп кыйынчылыктарга кабылган элди жылуу сөздөрү жана мамилеси менен канчалык сергиткени тууралуу ойлонуп көрсөңөр. Ыйык Китептен анын: «Мээнеттенгендер жана түйшүк тарткандар, баарыңар мага келгиле. Мен силерди сергитем»,— деген сөздөрүн окуйбуз (Матай 11:28—30).

Ооба, чынында эле, Иса пайгамбар орой же катаал болгон эмес. Тескерисинче, ал элчилеринин эмоциялык абалын жана муктаждыктарын эске алчу, атүгүл алар кабар айтып чарчап келгенде, эс алышына кам көрчү (Марк 6:30—32). Азыр асманда бийлик жүргүзүп жаткан Иса Машаяктын алдан-күчтөн тайдырган стресске кабылганыбызда бизге боор ооруу менен мамиле кыларына бекем ишенсек болот. Ошондой эле ал «жардамга муктаж болгонубузда» боорукердик менен дароо жардамга келет (Эврейлер 2:17, 18; 4:16).

Жакшы пикир алышуу

Стресс менен күрөшүүгө жардам берген куралдардын бири — жакшы пикир алышуу. Ыйык Китепте: «Кеңешпей кылган иштер бузулат, кеңешчилер көп болсо, алар ишке ашат»,— делет (Накыл сөздөр 15:22). Көптөр өмүрлүк жары, досу же чогуу иштешкендери менен пикирлешүү стресстен арылууга жардам берерине кошулушат.

Бирок пикир алышуунун эң негизгиси жана пайдалуусу — бул кайсы убакта болбосун угууга даяр болгон Кудайыбызга тиленүү. Кудайга дайыма тиленүү тынчсыздануулардан арылууга жардам берет. Көптөр тиленгенден кийин «Кудайдын ар кандай ой-түшүнүктөрдөн жогору турган тынчтыгын» сезе алышкан. Ыйык Китепте айтылгандай, Кудай ага кайрылып тиленгендердин акылы менен жүрөгүн коргойт (Филипиликтер 4:6, 7; Накыл сөздөр 14:30).

Стресс жөнүндөгү бир китепте: «Бардык нерсени өзү жалгыз кылууга аракет кылгандарга караганда, бекемдеп, колдоп турган достору көп адамдар стресс менен оңой күрөшүшөт жана алардын ден соолугу да жакшы болот»,— деп жазылган. Чындап колдоо көрсөтө ала турган досторду Жараткан Кудайыбыз Жахабага сыйынгандардын арасынан гана табууга болот. Алар, Ыйык Китепте айтылгандарга ылайык, жума сайын жыйналыш жолугушууларына барып, бири-бирин бекемдеп турушат (Эврейлер 10:24, 25). Ошондой жолугушууларга дайыма барып турган бир киши мындай деп ой бөлүшөт: «Мен кээде көпкө чейин иштегендиктен, стресске көп кабылам. Бирок жыйналышка барганда, айрыкча, соңку тиленүүдөн кийин ушунчалык сергип, стресстин каякка кеткенин билбей калам».

Стресс менен күрөшүүдө тамашакөйлүктүн да пайдасы чоң экенин унутпашыбыз керек. Насаатчы 3:4тө: «Ыйлай турган убак бар, күлө турган убак бар»,— делет. Бир догдур күлкүнүн адамды сергитерин жана ден соолугуна абдан пайдалуу экенин: «Адам күлгөндө адреналин гормонунун бөлүнүп чыгышын басаңдата турган эндорфиндер бөлүнүп чыгат»,— деп түшүндүрөт. Бир аял: «Стресске кабылта турган кыйын жагдайларда жолдошум күлкүлүү бир нерсе кылып же айтып, күлдүрүп жиберет. Бул кадимкидей жардам берет»,— деп ой бөлүшкөн.

Стресс менен күрөшүүгө жардам берген сапаттар

Ыйык Китеп стресс менен күрөшүүгө жардам берген сапаттарды өрчүтүүгө үндөйт. Ал сапаттарга Ыйык Китепте Кудайдын рухунун жемиши деп аталган «сүйүү, кубаныч, тынчтык, чыдамкайлык, боорукердик, жакшылык кылуучулук, ишеним, жумшактык, өзүн өзү кармай билүү» деген сапаттар кирет. Андан тышкары, Ыйык Китеп «ар кандай жамандык менен бирге жаалдан, ачуудан, каардан, кыйкырыктан, кемсинтерлик сөздөрдөн» качууга үндөп, бири-бирибизге «кайрымдуу, өзгөчө боорукер болууга» жана бири-бирибизди «айкөлдүк менен кечирүүгө» чакырат (Галатиялыктар 5:22, 23; Эфестиктер 4:31, 32).

Бир догдур Ыйык Китепке негизделген жогорудагы кеңештерди колдонуу, өзгөчө, бүгүнкү күндө абдан маанилүү экенин баса белгилейт. Ал: «Башкаларга урмат-сый менен мамиле кылуу стресс болуудан коргойт»,— дейт. Ыйык Китеп ошондой эле бизди жөнөкөй болууга үндөйт. Жөнөкөй киши өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүнө туура баа берет (Михей 6:8, «ЖД»).

Кудай биздин денелик, акыл-эс, эмоциялык жактан мүмкүнчүлүктөрүбүз чектелүү экенин жана каалаган нерселердин баарын эле жасай бере албай турганыбызды түшүнүшүбүздү каалайт. Канчалык кыйынга турбасын, колубуздан келбей турган иштерди кылууну өзүбүздөн талап кылбоого үйрөнүшүбүз керек.

Бирок Ыйык Китепке негизделген жогорудагы кеңештерди колдонуу бардык стресстен арылтат дегенди билдирбейт. Айта кетчү нерсе, Шайтан Кудайдын кызматчылары стресске кабылышса, Андан баш тартып кетишет деген ырастоосун далилдөө үчүн бүт күчүн жумшайт (Аян 12:17). Бирок Кудай бизди стресстен арылууга жана аны менен күрөшүүгө зарыл нерселер менен өз убагында камсыз кылып турат *.

[Шилтемелер]

^ 3-абз. Узак убакытка созулган же ден соолукка зыян келтирген катуу стресске кабылсаңар, медициналык жардам алуу үчүн, балким, адистерге кайрылганыңар акылдуулукка жатат.

^ 20-абз. Стресс менен күрөшүүгө байланыштуу кошумча кеңештерди «Ойгонгула!» (ор.) журналынын 2005-жылдын 8-февралында чыккан «Стрессти кантип жеңүүгө болот?» деген макаладан жана 2001-жылдын 8-февралындагы «Азыркы кымгуут заманда жашоо» деген макаладан табууга болот.

[9-беттеги кутуча]

СТРЕССТИ ЖЕҢҮҮГӨ БАЙЛАНЫШТУУ КЕҢЕШТЕР

● Өзүңдөн жана башкалардан көптү күтпө (Насаатчы 7:16).

● Иштериңди маанилүүлүгүнө жараша бөлүштүр (Филипиликтер 1:10, 11).

● Дене тарбия көнүгүүлөрүн дайыма жасап тур (1 Тиметей 4:8).

● Жахаба Кудайдын жаратууларына байкоо салып, суктан (Забур 91:5, 6).

● Тынч жерде эс алууга убакыт бөл (Матай 14:23).

● Жакшы эс алып, жетиштүү укта (Насаатчы 4:6, «ЖД»).

[7-беттеги сүрөт]

Стресс менен күрөшүү үчүн пикир алмашууга убакыт табуу маанилүү

[7-беттеги сүрөт]

Кудайга жаккан сапаттарды өрчүтүү стресс менен күрөшүүгө жардам берет