Байыркы Ысрайылдагы музыка
Байыркы Ысрайылдагы музыка
МУЗЫКА байыркы ысрайыл элинин маданиятынын ажырагыс бөлүгү болгон. Мисалы, адамдарды сыйынууга чакыруу жана маанилүү окуяларды билдирүү үчүн сурнай жана мүйүз керней тартылган. Падышалардын көңүлүн ачуу үчүн арфа чертилип, гусли ойнолгон (1 Шемуел 16:14—23). Ал эми салтанаттуу аземдерди майрамдоодо дап, жез табак жана шылдырак кагылган (2 Шемуел 6:5; 1 Жылнаама 13:8).
Ыйык Китепте Кабылдын урпагы Жубалдын «арфа черткендер менен чоор тарткандардын биринчиси болгону» айтылат (Башталыш 4:21, «ЖД»). Демек, кыл аспаптарды да, үйлөмө аспаптарды да биринчи болуп Жубал жасаса керек.
Ыйык Китепте музыка менен коштолгон көптөгөн окуялар баяндалат. Бирок анда музыкалык аспаптар жөнүндө аз эле маалымат бар. Анткен менен археологиялык ачылыштардын жана байыркы жазуулардын негизинде окумуштуулар байыркы музыкалык аспаптардын көрүнүшү жана үнү кандай болгонун аныктоого аракет кылышкан. Айрым жыйынтыктар божомолдоо болсо да, келгиле, кээ бир бышыкталган маалыматтарды карап көрөлү.
Дап, шылдырак жана жез табак
Кудай Муса менен ысрайылдыктарды Кызыл деңизден керемет жолу менен алып өткөндөн кийин, Мусанын эжеси Мириям жана аны коштогон көп аялдар бийге түшүп, дап кагышкан (Чыгуу 15:20). Ушу күнгө чейин байыркы убакка таандык бир да дап табылбаса да, Израилдин Хезип, Мегидо, Бейт-Шейан деген жерлеринен дап кагып жаткан аялдын чоподон жасалган байыркы айкелчелери табылган. Ыйык Китептин котормолорунда көп учурда дап деп берилген ал аспап бетине жаныбардын териси керилген жөнөкөй эле жыгач алкак болгон көрүнөт.
Уруу башчыларынын убагында кубанычтуу окуяларда аялдар дап кагышкан жана бул ыр, бий менен коштолгон. Ыйык Китепте Ысрайылдын аскер башчысы Иптах чоң жеңишке жетип, үйүнө кайтып келгенде, кызы аны «дап кагып бийлеп» тосуп чыкканы айтылат. Бир жолу ысрайылдык аялдар да Дөөтүнүн жеңиштерине кубанып, дап кагып, «ырдап, бийлешкен» (Башкаруучулар 11:34; 1 Шемуел 18:6, 7).
Дөөтү падыша келишим сандыгын Иерусалимге алып барганда, эл «Теңирдин алдында кипарис жыгачынан жасалган ар түрдүү музыкалык аспаптарда ойноп, лира, арфа чертип, забур ырдап, дап кагып, шылдырак уруп, жез табак кагышкан» (2 Шемуел 6:5). Кийинчерээк Иерусалимдеги ибадатканада жез табак каккан, сурнай тарткан, арфада жана башка кыл аспаптарда ойногон, үйрөтүлгөн музыканттардан турган оркестр түзүлгөн.
Жогоруда даптын кандай болгонун карап чыктык. Ал эми шылдырак кандай болгон? Кыязы, ал кармагычы бар анча чоң эмес сүйрү музыкалык аспап болгон. Аны какканда шыңгыраган үн чыккан. Ыйык Жазмада шылдырак жөнүндө бир эле жолу, келишим сандыгынын Иерусалимге жеткирилиши жөнүндө айтылганда, сөз кылынган. Бирок жүйүттөрдүн ооздон оозго өтүп келген маалыматтарына ылайык, шылдырак кайгылуу окуяларда да кагылган.
Ал эми байыркы убактагы жез табак жөнүндө эмне айтууга болот? Ал бири-бирине кага турган эки чоң жез табактан турган. Бирок байыркы Ысрайылда диаметри 10дей сантиметрдей келген жез табактар да болгон. Алар кастаньеттерге окшош келип, зың-зың эткен үн чыгарган.
Арфа жана кыл аспаптар
Көбүнчө «арфа» же «лира» деп которулган кинор деген аспап байыркы Ысрайылда кеңири колдонулган. Дөөтү Шабул падышанын көңүлүн тынчытыш үчүн так ошол аспапта ойноп берип турган (1 Шемуел 16:16, 23). Окумуштуулар байыркы таш дубалдарда, тыйындарда, мозаикаларда, кооз табактарда жана мөөрлөрдө тартылып-чегилген сүрөттөрдөн лиранын, бери дегенде эле, 30 түрүн табышкан. Кылымдар аралыгында ал аспаптын формасы ар кандай болуп өзгөрө берген. Адамдар аны колго алып, манжалары же плектр, башкача айтканда, кыл тергич менен терип же чертип ойношкон.
Небел кинорго эле окшош болгон. Анын канча кылдуу болгону, көлөмү жана анда терип ойношконбу же чертиппи, белгисиз. Бирок окумуштуулардын көбү небелди да, кинорду да музыканттар оңой эле көтөрүп жүрө алышкан деген ойдо.
Сурнайлар жана мүйүз кернейлер
Кудай Мусага эки сурнай жасоого көрсөтмө берген. Алар күмүштөн каңдалып жасалышы керек эле (Сандар 10:2). Дин кызматчылар аларды ибадатканага байланышкан окуяларды жана ар кандай салтанаттуу аземдерди жарыялоо үчүн колдонушкан. Максатка жараша сурнайлар менен ар кандай, мисалы, бийик жана көпкө созулган же кыска үндөр чыгарылчу. Ал сурнайлардын көрүнүшү чынында кандай болгону белгисиз, анткени биздин күндөрдө байыркы учурга таандык бир да сурнай табылган эмес. Биз аларды сүрөтчүлөрдүн эмгектеринен гана көрө алабыз; буга Римдеги Тит аркасынын бетине чегилип түшүрүлгөн сүрөт мисал боло алат.
Мүйүз керней же шофар жөнүндө Эврей Жазмаларында 70тен ашуун жолу айтылат. Ал аспап текенин же кочкордун мүйүзүнөн жасалган. Жүйүт эмгектеринин булактарына ылайык, мүйүз кернейдин эки түрү болгон: бири түз жана алтын мүштөктүү болсо, экинчиси ийри болуп, күмүш менен жасалгаланган. Мүйүз кернейдин эки же үч тондуу күңгүрөгөн үнү алыска кеткендиктен, ал көбүнесе белги берүү үчүн колдонулган.
Байыркы Ысрайылда мүйүз керней диний майрамдарда кандайдыр бир белги берүү үчүн, маселен, ишембинин башталышын жана соңуна чыгышын билдирүү үчүн тартылган. Бирок ал башка учурларда да, айталы, согуш маалында колдонулган. Гидондун өз аскери менен мидиандыктарга түн жамынып капысынан сокку урарда анын 300 жоокери мүйүз керней тартканда чыккан мээ каңгыткан, жүрөк титиреткен добушту элестетсеңер (Башкаруучулар 7:15—22).
Ар кыл музыкалык аспаптар
Байыркы доордо жылаажын, флейта жана лютня сыяктуу аспаптар да колдонулган. Жахабанын пайгамбары Даниел байыркы Бабылда сүргүндө жүргөндө Бабыл падышасы Небухаданасардын оркестри жөнүндө жазган. Ал оркестрдин курамында цитра, чоор жана волынка болгон (Даниел 3:5, 7).
Ыйык Жазмада айтылып өткөн айрым аспаптар тууралуу кыскача билип кеткенибиздей, музыка ысрайыл элинде жана кыязы, башка цивилизацияларда адамдардын жашоосунун ажырагыс бөлүгү болгон. Ооба, илгерки заманда падыша сарайында, сыйынуу жайларында, айыл-кыштактарда жана үйлөрдө музыка жаңырып турган.
[15-беттеги сүрөт]
Байыркы шылдырак кадимки шылдырактай эле кагылган
Дөөтү падыша арфада чебер ойногон
Дап байыркы уруу башчыларынын убагынан тартып эле колдонулуп келет
Сурнай көптөгөн окуяларды жарыялоо үчүн колдонулган
[16-беттеги сүрөт]
Урма аспап кармаган аялдын айкелчеси, б.з.ч. 8-кылым
Кыл аспаптын сүрөтү түшүрүлгөн тыйын, б.з. 2-кылымы
«Сурнай тартылчу жайга» деген сөздөр чегилген Иерусалимдеги ибадаткананы курчаган дубалдын ташы, б.з.ч. 1-кылым
Pottery figurine: Z. Radovan/BPL/Lebrecht; coin: © 2007 by David Hendin. All rights reserved; temple stone: Photograph © Israel Museum, Jerusalem; courtesy of Israel Antiquities Authority