Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Кудайдын... мээримдүү Ата экенин билүүгө жардам бергениңерге рахмат»

«Кудайдын... мээримдүү Ата экенин билүүгө жардам бергениңерге рахмат»

«Кудайдын... мээримдүү Ата экенин билүүгө жардам бергениңерге рахмат»

● Кошмо Штаттардын түштүгүндө жашаган 19 жашар бир кыз мындай деп жазган: «Мен чиркөөгө барган үй-бүлөдө чоңоюп-өскөм, ошондуктан Иса Машаякты Куткаруучум катары көрчүмүн. Ошентсе да көп жылдар бою Кудайдын каарынан, тозок отунда жазалануудан коркуп жашап келгем. Бирок бир күнү „Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?“ деген китебиңер колума тийип калды.

Бир нече эле бөлүмдү окугандан кийин жан дүйнөмө аябагандай зор тынчтык орногонун сездим. Көкүрөгүмдү басып турган оор жүктү алып салгандай эле сезимде болдум. Азыр мен Жахабанын мээримдүү, боорукер жана ырайымдуу Кудай экенин түшүнөм. Ал мени менен жакшы мамиле болгусу келет жана андан калчылдап коркушумду каалабайт. Мен ушул жекшембиде Жахабанын Күбөлөрүнүн Падышалык залына барып келейин деп жатам! Ушунчалык толкунданып турам. Кудайдын тозок отун жараткан бирөө эмес, мээримдүү Ата экенин билүүгө жардам бергениңерге рахмат».

«Ыйык Китеп эмнеге окутат?» китебинде башка да маанилүү суроолор талкууланат. Мисалы, андан өлгөн кишинин абалы, тирилүүгө болгон үмүт, үй-бүлөлүк жашоону кантип жакшыртса болору, Кудайдын, Иса Машаяктын ким экени жана Кудайдын азап-кайгыга эмне үчүн жол берип жатканы жөнүндө билүүгө болот. Ал китепти алууну кааласаңар, төмөндөгү купонду толтуруп, бул журналдын 5-бетиндеги даректердин бирине жөнөтүп жибергиле.

□ Бул жерде көрсөтүлгөн китепти

□ Ыйык Китепти үйдөн акысыз изилдегим келет.