Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Деңиз таш бакасынын навигациялык системасы

Деңиз таш бакасынын навигациялык системасы

Өзүнөн өзү пайда болгонбу?

Деңиз таш бакасынын навигациялык системасы

● Изилдөөчүлөр деңиз таш бакасынын жумуртка ташташ үчүн жээкке чыкканын «жаныбарлар дүйнөсүндөгү укмуштуудай көрүнүштөрдүн бири» дешет. Сойлоочулар түркүмүнө кирген бул жаныбарлар окумуштууларды ондогон жылдардан бери кызыктырып келет.

Көңүл бурсаңар: ар бир 2—4 жыл сайын ургаачы таш бака жумуртка ташташ үчүн жээкке чыгат. Ал бир эле чуңкурга жүздөгөн жумуртка таштап, кум менен көөмп коюп, кете берет. Ал эми кичинекей таш бакалар жумурткадан чыгары менен дароо эле деңизди көздөй жөнөп, баш-аягы 12 900 километрге созулган «саякатка» чыгышат. Жылдар оошкондон кийин ошол жумурткалардын биринен чыккан ургаачы таш бака чоңоюп-жетилип, жумуртка ташташ үчүн баягы өзү жумурткадан чыккан жерге кайрылып келет.

Деңиз таш бакасы канткенде багытынан жазбай жүрө алат? Буга байланыштуу Түндүк Каролина университетинин (Кошмо Штаттары) биологу Кеннет Ломенндин: «Кыязы, алардын ичинде кандайдыр бир магниттик карта бар көрүнөт»,— деген сөздөрү «Нэшнл жиогрэфик ньюс» журналына басылып чыккан. Изилдөөчүлөрдүн билдирүүсүнө ылайык, деңиз таш бакасы багытын жердин магнит талаасынын бурчу жана интенсивдүүлүгү аркылуу аныктай алат. Ушундай укмуштуудай өзгөчөлүгүнүн аркасында жаңы эле жумурткадан чыккан кызыл эт таш бакалар Атлантика океаны боюнча 12 900 километрдей аралыкты сүзүп өтө алат жана Ломенндин айтымында, «алар ушундай узак сапарга бири-бирин ээрчибей, жалгыз эле чыга алышат».

Кандай деп ойлойсуңар? Деңиз таш бакасынын укмуштуудай навигациялык системасы өзүнөн өзү пайда болгонбу же Жараткандын колунан бүткөнбү?

[25-беттеги кутуча/сүрөт]

КЫЗЫКТУУСУ

● Ургаачы таш бака таштаган жумурткаларын көөмп коёт да, аларга ошол бойдон кам көрбөйт.

● Таш баканын баласы атайын өсүп чыккан тиши менен («карункула» деп аталат) жумуртканы жарып чыгат. Кийин ал тиши түшүп калат.

● Деңиз таш бакасы өмүрүнүн 90 пайызын сууда өткөрөт.

[25-беттеги сүрөт]

© Masa Ushioda/WaterF/age fotostock