Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Карьерадан да алда канча баалуу

Карьерадан да алда канча баалуу

Карьерадан да алда канча баалуу

Айтып берген: Мурат Ибатуллин

1987-жылы Орусиянын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан Угандага (Африка) жиберилдим. Төрт жылдык келишим түзүп, ал жерде догдур болуп иштемей болдум. Ачыгын айтсам, Орусияга кайтып келгим келчү эмес. Австралияда, Канадада жана Америка Кошмо Штаттарында иштегим келгендиктен жетиштүү тажрыйба топтоп алсам дечүмүн. Бирок 1991-жылы пландарым түп-тамыры менен өзгөрүп, Орусияга кайтып келдим. Эмне үчүн мындай болгонун айтып берейин.

МЕН 1953-жылы Орусиядагы Татарстан Республикасынын борбор калаасы Казань шаарында төрөлгөм, улутум татар. Татарлардын көбү ислам динин тутушат. Бала кезимде таятам менен таенемдин намаз окуганын көп көрчүмүн. Алар намаз окуп жатканда, тоскоолдук кылбашыбыз үчүн, ата-энем, таяке-таежелерим бизди бөлмөдөн чыгарып жиберишчү. Атам менен апам коммунисттик идеологияны жактаган атеист болгондуктан таятамдардын динчил болгонунан уялгандай сезилчү.

Төрт жашымда полиомиелит менен ооруп калдым. Ал оору ошол жылдары бүт Советтер Союзун каптаган экен. Ошентип, оорунун айынан балалыгым ооруканаларда, санаторийлерде өттү. Таятамдын менин жакшы болуп кетишимди сурап, Кудайдан тиленген учурлары эсимде. Ден соолугум башка балдардыкындай эле чың болушун аябай каалачумун, ошондуктан бутумдун ооруганына карабай, футбол, хоккей жана башка спорт оюндарын ойной берчүмүн.

Чоңойгон сайын догдур болгум келе баштады. Динге көп деле кызыкчу эмесмин, атеист да эмес болчумун. Дегеле Кудай жөнүндө ойлончу эмесмин. Ошол учурларда коммунисттик идеологияны сындап атам, таажездемдер менен талашып-тартыша берчүмүн. Таажездем университетте философиядан сабак берчү, атам болсо Мамлекеттик коопсуздук комитетинде (КГБ) иштечү. Медициналык окуу жайын аяктагандан кийин жакшы нейрохирург болуп, башка өлкөгө барып иштейм деген максат койдум.

Жакшы жашоону көздөп...

1984-жылы мээ шишигин аныктоо боюнча доктордук диссертациямды жактадым. Үч жылдан кийин 1987-жылы Мулагодогу (Уганда) ооруканага барып иштемей болдум. Ал кооз өлкөгө аялым Дилбар, жети жашар уулум Рустем, төрт жашар кызым Алиса болуп көчүп бардык. Ооруканада жумуш аябай оор болчу, кээде КИВ (ВИЧ) жуктуруп алган кишилерге операция жасачубуз. Угандада болгону эки эле нейрохирург болгондуктан, өлкөнүн чар тарабын кыдырууга туура келчү.

Бир күнү Дилбар экөөбүз китеп сатылган дүкөндөн биринчи жолу орус тилиндеги Ыйык Китепти көрдүк. Анан Советтер Союзунда жашаган досторубузга берип жибериш үчүн бир нече Ыйык Китеп сатып алдык, анткени ошол маалда Советтер Союзунда ал китепти сатып алуу такыр мүмкүн эмес болчу. Жубайым экөөбүз Ыйык Китептен бир нече бөлүм окуп көрүп, түшүнбөй койгондуктан токтотуп койдук.

Угандалыктардын эмнеге ишенерин, эмнени ыйык тутарын түшүнүүгө аракет кылып, үч жыл бою ар кандай чиркөөлөргө барып көрдүк. Мындан тышкары, араб тилиндеги Куран китебин окуп чыгууну чечтим. Анан уулум экөөбүз араб тилин үйрөнө баштадык да, бир нече айдан кийин эле арабча бир аз сүйлөп калдык.

Ошондой күндөрдүн биринде миссионер болуп кызмат кылган Хайнц жана Марианна Вертхольцтор менен таанышып калдык. Хайнц Германиядан, ал эми Марианна Австриядан экен. Биринчи жолу маектешкенибизде дин жөнүндө сүйлөшкөн жокпуз. Африкадан кездешкен европалыктардай болуп, алардан Угандага эмне үчүн келишкенин сурадык. Алар Жахабанын Күбөлөрү экенин, угандалыктарга Ыйык Китепти изилдөөгө жардам бериш үчүн келген миссионерлер экенин айтышты.

Ошондо университетте философия сабагынан Жахабанын Күбөлөрү балдарды курмандыкка чалып, алардын канын ичкен секта деп окутканы эсиме түштү. Анан Хайнц менен Марианнага ушул жөнүндө айтып бердим, бирок алардын ошондой жаман ишке барарына ишенгим келген жок. Дилбар экөөбүз алардан «Сен жер бетиндеги бейиште түбөлүк жашай аласың» * деген китепти алып, бир нече саатын ичинде эле бир тобун окуп чыктык. Бир маалда Дилбардан: «Китеп кандай экен?» — деп сурасам, окугандары ага ушунчалык жагып, жан дүйнөсүн козгогонун айтты. Мен да ошондой сезимде болуп жатканымды билдирдим.

Ошондон кийин Хайнц, Марианналар менен аябай сүйлөшкүбүз келди. Алар менен кийинки жолу жолукканда, ар кандай темада сүйлөштүк. Ыйык Китеп жөнүндө билгендерибиз жүрөгүбүздү ушунчалык козгоп, Дилбар экөөбүзгө окуп-билгендерибизди досторубузга, чогуу иштешкендерибизге айтканга түрткү берди. Биз Орусия өлкөсүнүн элчисине, Орусия жана башка мамлекеттердин консулдарына, Ватикандын өкүлүнө кабар айттык. Ватикандын өкүлүнүн: «Байыркы Келишимде жазылгандын баары жомок»,— деген сөздөрү бизди аябай таң калтырды.

Туулуп-өскөн жерибизге кайтып келишибиз

1991-жылы Орусияга кетерибизге бир ай калганда Дилбар экөөбүз Жахабанын Күбөсү болууну чечтик. Биз Казань шаарына барарыбыз менен жыйналыштарга барып турабыз деп ойлогонбуз. Бирок Орусияга келгенден кийин үч ай бою Падышалык залына бармак турсун, бир да Жахабанын Күбөсүн жолуктура алган жокпуз. Андыктан жалгыз болсок да, дүйнө жүзүндөгү Жахабанын Күбөлөрүндөй эле, үйдөн үйгө кабар айтууну чечтик. Натыйжада бир нече киши менен ыйык китептик изилдөө баштадык. Алардын бири кийинчерээк Жахабанын Күбөсү болду.

Ошондон көп өтпөй үйүбүзгө улгайган бир киши келип калды, ал Жахабанын Күбөсү экен. Көрсө, ага Угандадагы бир туугандар биздин даректи беришиптир. Ошентип, кичинекей бир бөлмөлүү үйдө 15 киши чогулган жыйналышка бара баштадык. Хайнц менен Марианна биз менен байланышып турду, атүгүл бир жолу биздикине келип кетишти. Кийинчерээк биз да алардыкына Болгарияга барып келдик. Алар Угандадан кийин Болгарияга дайындалып, азыркыга чейин ошол жакта кызматын улантып жатышат.

Жахаба батасын төктү

Чогуу иштешкендериме мүмкүнчүлүк болгон сайын кабар айта берчүмүн. Убакыттын өтүшү менен кабарды уккандардын көбү, алардын ичинде чогуу иштешкендеримдин айрымдары Жахабанын Күбөсү болушту. Орусияга келгенден бир жыл өткөндөн кийин 1992-жылы Казань шаарындагы Жахабанын Күбөлөрүнүн саны 45ке жетти, кийинки жылы болсо 100дөн ашты. Учурда Казанда жети жыйналыш бар: бешөө орус тилинде, бирөө татар тилинде, бирөө жаңдоо тилинде өткөрүлөт. Ошондой эле армян жана англис тилиндеги топтор бар.

1993-жылы Нью-Йорк шаарында өткөрүлгөн догдурлардын конференциясына катыштым. Ал жактан Жахабанын Күбөлөрүнүн Бруклиндеги бүткүл дүйнөлүк башкы башкармалыгына экскурсияга барганга мүмкүнчүлүгүм болду. Башкы башкармалыктан дүйнө жүзү боюнча кабар айтуу ишин жетектөөгө жардам берген Ллойд Бэрри бир тууганга жолуктум. Ал колу бош эмес болсо да мени менен маектешкенге убакыт бөлдү.

Мен татар тилинде ыйык китептик адабияттар аябай керек болуп жатканын айтып берип, экөөбүз ошол жөнүндө сүйлөштүк. Ошондон бир нече жыл өткөндөн кийин эле Орусияда татар котормо тобу түзүлүп, адабияттар татар тилинде чыга баштады. Ыйык Китепти изилдөөгө арналган «Күзөт мунарасын» эне тилибизде ала баштаганыбызда кубанганыбызды айтпа. Андан көп өтпөй татар тилинде жыйналыш ачылды.

Кансыз дарылоо ыкмалары

Мен Кудайдын мыйзамдарына, анын ичинде Элчилер 15:20да айтылган «канды колдонуудан качкыла» деген мыйзамга бекем карманам. Ошондой эле Элчилер 15:29да Кудайдын кызматчылары «буркандарга багышталган нерселерди,.. канды колдонуудан жана бузуктук кылуудан качышы» керектиги айтылат.

Ошондуктан Жахабанын Күбөлөрүнө медициналык жардам керек болгондо кан куйдурбоого байланыштуу көз карашын сыйлаган догдурларга кайрылышат. Мен Казандагы Жахабанын Күбөлөрүнүн Ооруканалар менен байланышуу комитетинде убактылуу кызмат кылып калдым *. 1997-жылы Новосибирск шаарында жашаган бир ишенимдешибиз бир жаштагы баласына шашылыш операция жасалышы керектигин билдирип, жардам сурап кайрылды. Ошол учурда Орусияда кансыз операция жасоого макул болгон тажрыйбалуу догдурлар абдан аз болчу. Ошондуктан кансыз операция жасай турган догдурду табууга жардам берерибизди айттык.

Анан Казань шаарынан жүрөккө операция жасай турган оорукананы таптык. Ал жерде иштеген догдурлар бир жаштагы Павелге операция жасаганга макул болушту. Ошентип, 1997-жылы 31-мартта догдурлар «тетрада Фалло» деп диагноз коюлган жүрөк кемтигине кансыз операция жасап, операция ийгиликтүү болду. «Вечерняя Казань» гезитинин 3-апрелде чыккан санында: «Ымыркай азыр жакшы болуп калды, эми мындан ары медициналык жардам талап кылынбайт... 11 айдан бери биринчи жолу Павликтин (Павел деген аттын эркелетип айтылышы) апасынын жаны жай алып, эс алып калды»,— деп жазылган. Павел операциядан кийин тез эле жакшы болуп кетип, оорукананын коридорунда алгачкы кадамын жасаган.

Учурда Павел 8-класста окуйт жана башка балдардай эле, ден соолугу чың. Ал сууда сүзгөндү, муз тепкенди жана футбол ойногонду жакшы көрөт. Павел азыр апасы менен бирге Новосибирсктеги Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйналышына барып турат. Павелге операция жасалгандан кийин ошол ооруканадагы догдурлар жүрөгү ооруган бир нече Жахабанын Күбөсүнө кансыз операцияны ийгиликтүү жасашты. Азыр Татарстанда медицина өнүгүп, кан куюусуз жасалган операциялар барган сайын көбөйүүдө.

Учурдагы жумушум

Учурда жубайым экөөбүз бир нече Жахабанын Күбөлөрү менен неврологиялык жана кардиологиялык оорулары бар бейтаптарга жогорку деңгээлдеги дарылоо ыкмаларын сунуш кылган ооруканада иштейбиз. Биз ар кандай операцияларга, өзгөчө канды үнөмдөө ыкмаларына макул болгон бейтаптарга жасалган операцияларга көп катыштык. Азыр мен нейрорентгенолог болуп иштейм, жана нейрохирургия тармагындагы кансыз дарылоо ыкмаларындагы жетишкендиктерди изилдеп турам. Казань Мамлекеттик медициналык университетинин неврология жана нейрохирургия бөлүмүнүн профессору катары догдурларга жана студенттерге сабак берем жана кансыз дарылоонун кандай артыкчылыктары бар экенин түшүнүүгө жардам берем *.

Жубайым мен иштеген ооруканада ультраүн менен диагноз коюу боюнча адис болуп иштейт. Жумушубуздун башкаларга пайда алып келгендиги бизге кубаныч тартуулайт. Бирок ыйык китептик чындыктардын адамдарды рухий жактан сакайтып жатканын көрүүдөн алган кубанычыбызга эч нерсе тең келбейт! Кудайдын жакында: «Тургундардын бири да: „Мен ооруп жатам“,— деп айтпайт»,— деген убадасын адамдардын жүрөгүнө жеткирүү терең канааттануу тартуулайт (Ышайа 33:24).

[Шилтемелер]

^ 12-абз. Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган, учурда басылбайт.

^ 23-абз. Ооруканалар менен байланышуу комитети Жахабанын Күбөлөрүнөн турат. Ал комитет кан куйдуруу маселеси көтөрүлгөндө бейтапка кансыз дарылоого макул болгон догдурларды таап, кызматташканга жардам берет.

^ 27-абз. Кансыз дарылоо ыкмалары кан куйдуруунун ордуна колдонулган дарылоо ыкмалары болуп эсептелет. Кан куйдуруу көптөгөн коркунучтар менен коштолгондуктан, кансыз операция жасоо жана кансыз дарылоо дүйнө жүзүндө барган сайын кеңири колдонулууда. Кан куйдуруу аркылуу КИВ (ВИЧ) жана башка вирустар жугушу мүмкүн, ошондой эле аллергиялык реакция жүрүп кетиши ыктымал.

[12-беттеги сүрөт]

Африкада догдур болуп иштеп жүргөндө

[13-беттеги сүрөт]

Жубайым экөөбүздүн Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдей баштаган кезибиз, 1990-жыл

[14-беттеги сүрөт]

Ллойд Бэрри менен Бруклинде, 1993-жыл

[15-беттеги сүрөт]

Павел менен апасы

[15-беттеги сүрөт]

Жубайым Дилбар экөөбүз кызматта