Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ойлонуп сүйлөө эмне үчүн маанилүү?

Ойлонуп сүйлөө эмне үчүн маанилүү?

Ыйык Китепте эмне делет?

Ойлонуп сүйлөө эмне үчүн маанилүү?

Бир премьер-министр улгайган аял менен сылык-сыпаа маектешкенден кийин, микрофондун иштеп жатканын билбей, ал аялга карата: «Көз карашы чектелүү, тайкы аял экен»,— деген сөздөрдү айтат. Анан өзүнүн кишилерине: «Муну мага жакын жолотпогула»,— деп кыйкырат. Премьер-министрдин бул орой сөздөрүн уккан эл ага аябай нааразы болот. Ошондон кийин анын аброю түшүп, сегиз күндөн кийин болгон шайлоодон өтпөй калат.

ООЗУНАН жаңылбаган бир да киши жок (Жакып 3:2). Жогорудагы окуядан көрүнүп тургандай, ойлонуп сүйлөө абдан маанилүү. Кандай абройго ээ болоруң, карьераңдын ийгиликтүү болушу, башкалар менен болгон мамилең сүйлөгөн сөздөрүңдөн көз каранды.

Бирок сүйлөгөн сөздөрүң мындан да көптү билдирет. Ыйык Китепте адамдын сүйлөгөн сөздөрү анын чынында кандай адам экенин, ички дүйнөсүн ачып берери айтылат. Иса пайгамбар: «Адамдын жүрөгү эмнеге толсо, оозу ошону сүйлөйт»,— деген (Матай 12:34). Сөздөрүң сезимдериңди, ой жүгүртүүңдү, эмоцияңды чагылдыргандыктан, кантип жана кандай сөздөрдү сүйлөп жатканыңды текшергениң маанилүү. Бул жагынан Ыйык Китеп жардам береби? Келгиле, төмөнкүлөргө токтололу.

Жагымдуу сөздөрдү сүйлөш үчүн...

Адам эмнени ойлосо, ошону сүйлөйт. Жагымдуу сүйлөш үчүн эмнелер жөнүндө ойлоноруңду текшер жана ой жүгүртүүңдү жакшыртыш үчүн эмне кылышың керектиги жөнүндө ойлон. Кудайдын Сөзүндөгү кеңештерди колдонуу ой жүгүртүүңө, ал эми ой жүгүртүүң сүйлөгөн сөзүңө кандай таасир этип жатканына көңүл бур.

Жүрөгүңдү жакшы нерселерге толтур. Ыйык Китепте жакшы нерселерге эмнелер кирери жөнүндө мындай делет: «Эмне чындык болсо, эмне олуттуу көңүл бурууга татыса, эмне адил, эмне таза болсо, эмне сүйүүгө татыктуу болсо, эмне жөнүндө жакшы сөздөрдү айтышса, эмне жакшылык кылуучулукка жатса жана эмне мактоого татыктуу болсо, ошолор жөнүндө дайыма ой жүгүрткүлө» (Филипиликтер 4:8).

Ушул кеңешти колдонуу жаман ойлордон арылууга жардам берет. Ой жүгүртүүңө көргөн, окуган нерселериң күчтүү таасир этерин эч качан эсиңден чыгарба. Андыктан жаман, терс ойлордон алыс болгуң келсе, терс таасир тийгизе турган нерселерден оолак бол. Ан үчүн зордук-зомбулук жана адеп-ахлаксыздык чагылдырылган көңүл ачуулардан качышың керек (Забур 10:5; Эфестиктер 5:3, 4). Анын ордуна, таза, пайдалуу нерселерге көңүл топто. Бул жагынан сага Ыйык Китеп жардам берет. Мисалы, Накыл сөздөр 4:20—27, Эфестиктер 4:20—32, Жакып 3:2—12-аяттарды окуп көр. Бул аяттардагы принциптерди колдонуу сүйлөгөн сөздөрүңдү жакшыртууга кандайча жардам берери жөнүндө ой жүгүрт.

Ылгап сүйлө. Накыл сөздөр 12:18де: «Маңызсыз сүйлөгөн адам кылыч менен жаралагандай жаралайт, ал эми акылдуу адамдардын тили сакайтат»,— делет. Башкалардын жүрөгүн «жаралаган», көңүлүн ооруткан сөздөрдү сүйлөп аларыңды байкасаң, ойлонуп сүйлөгөнгө аракет кыл. Накыл сөздөр 15:28деги эң сонун кеңешке көңүл бурсаң. Ал жерде: «Адил адамдын жүрөгү ойлонуп жооп берет, ал эми мыйзамсыздардын оозунан жаман сөз чыгат»,— деп айтылат.

Келерки айга мындай максат кой: оюңду билдиргенде, өзгөчө, кимдир бирөө ачууңа тийген учурда биринчи эле оюңа келген сөздөрдү айтпаганга чечкиндүү бол. Анын ордуна, ушул макалада келтирилген аяттар жөнүндө ой жүгүртүп, сылык-сыпаа, сабырдуулук, жумшактык менен сүйлөгөнгө бүт күчүңдү жумша (Накыл сөздөр 15:1—4, 23). Бирок ушуну менен эле чектелбе.

Кудайдан жардам сурап тилен. Ыйык Китепти жазууга катышкан бир киши: «Оозумдан чыккан сөздөрүм менен жүрөгүмдөгү ойлорум Сага жага тургандай болсун, Теңирим»,— деп тиленген (Забур 18:15). Сен да Жахаба Кудайга сүйлөгөн сөздөрүңдүн ага жаккыдай болушун жана башкаларга сени менен маектешүү жагымдуу болушун каалаарыңды айт. Накыл сөздөр 18:20, 21де: «Жагымдуу сөздөрдү сүйлөсөң, андан кубаныч аласың. Өлүм менен өмүр тилдин бийлигинде»,— деп жазылган («Азыркы англис котормосу»).

Кудайдын Сөзү күзгүң болсун. Ыйык Китепти күзгүгө салыштырууга болот. Ал сага өзүңдү жакшылап текшергенге жардам берет (Жакып 1:23—25). Андыктан төмөндөгү ыйык китептик принциптер тууралуу ой жүгүртүп жатканда: «Сүйлөгөн сөздөрүм жана кадыр-баркым жөнүндө эмне айтууга болот?» — деп ойлонуп көр.

«Момундук менен айтылган жооп каарды токтотот, ал эми кордогон сөз ачууну козгойт» (Накыл сөздөр 15:1). Сен жумшак, сылык сүйлөйсүңбү?

«Оозуңардан бир да чириген сөз чыкпасын, тескерисинче, уккандарга пайда алып келиши үчүн, зарыл болгондо, аларды бекемдей турган сөздөрдү сүйлөгүлө» (Эфестиктер 4:29). Сүйлөгөн сөздөрүң бекемдээрликпи?

«Сөзүңөр дайыма жагымдуу, туз менен татытылгандай болсун, ошондо ар бир адамга кантип жооп берүү керектигин билесиңер» (Колосалыктар 4:6). Оор жагдайларда да башкалардын көңүлүн оорутпагыдай, жумшактык менен сүйлөгөнгө умтуласыңбы?

Күзгүгө каранып, чачыбызды, кийим-кечегибизди оңдоп турсак, өзүбүзгө да, башкаларга да жагымдуу болот. Анын сыңарындай, Кудай Сөзүнө күзгүгө карангандай каранып, сүйлөгөн сөздөрүбүзгө көңүл буруп, дайыма жакшырып турсак, өзүбүзгө да, башкаларга да жагымдуу болот.

ОЙЛОНУП КӨРДҮҢӨР БЕЛЕ?

● Сүйлөгөн сөздөрүң эмнени көрсөтүп турат? (Лука 6:45).

● Башкалар менен кантип сүйлөшүшүң керек? (Эфестиктер 4:29; Колосалыктар 4:6).

● Сөздөрүң жагымдуу болушу үчүн эмне кылсаң болот? (Забур 18:15; Филипиликтер 4:8).

[11-беттеги сүрөт]

Сүйлөгөн сөздөрүбүз аброюбузга жана башкалар менен болгон мамилебизге таасир этет