Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Оозуңар «баа жеткис идиштейби»?

Оозуңар «баа жеткис идиштейби»?

Оозуңар «баа жеткис идиштейби»?

● Байыркы убакта жашаган Сулайман падыша: «Алтын бар, сансыз маржан да бар, бирок билимге толгон ооз баа жеткис идиштей»,— деп айткан (Накыл сөздөр 20:15, «ЖД»). Алтын дайыма жогору бааланып келген, ошондой эле Сулаймандын күндөрүндө маржан да абдан жогору бааланчу. Бирок биздин оозубуз алардан да баа жеткис боло алат. Кандайча? Түзмө-түз мааниде эмес, оозубуздун баа жеткис болору андан кандай сөздөр чыкканынан көз каранды.

Баа жеткис ооздон жакшылык, боорукердик жана сүйүү чагылдырылган сөздөр чыгып турат. Ошондой эле «билимге толгон ооз» Кудай тууралуу жазылган Ыйык Китептеги чындык жөнүндө сүйлөйт. Бул байыркы китеп акылмандыкка, зарыл болгон даанышман кеңештерге бай, андан сырткары, анда Жараткан Кудай тууралуу чындык жазылган (Жакан 17:17).

Өкүнүчтүүсү, көптөр Кудай жөнүндө калп, туура эмес нерселерди айтуу менен оозун туура эмес колдонушат. Мисалы, айрымдар көбүнчө адамдардын айынан болуп жаткан азап-кайгы жана адилетсиздик үчүн Кудайды күнөөлөп, ага тил тийгизишет. Буга байланыштуу Накыл сөздөр 19:3тө: «Акылсыздыгы адамды жолунан адаштырат, жүрөгү болсо Теңирге кыжырданат»,— делет.

Башкалары болсо эки жүздүүлөнүп сүйлөп, ушак айтып, атүгүл бирөөлөргө жалаа жабуу менен оозунун баалуулугун төмөндөтүшөт. Накыл сөздөр 26:23тө: «Таза эмес жүрөктөн чыккан жагымдуу сөздөр таза эмес күмүш менен капталган чопо идиштей»,— деп айтылган. Таза эмес күмүш чопо идишти каптап тургандай эле, күчтүү сезим менен чын ыкластан айтылгандай болгон «жагымдуу сөздөр», чынында эле, «жаман жүрөктү» жашырып коё алат (Накыл сөздөр 26:24—26).

Бирок муну Кудайдан жашыруу мүмкүн эмес. Ал биздин чынында кандай экенибизди көрүп турат. Ошон үчүн Иса Машаяк: «Адегенде чөйчөк менен идиштин ичин тазала, ошондо сырты да таза болот»,— деп айткан (Матай 23:26). Кандай гана таамай айтылган сөздөр! Жүрөгүбүз рухий чындыкка толуп, ички дүйнөбүз таза болсо, бул сүйлөгөн сөзүбүздөн көрүнүп турат. Ушундай кылсак, оозубуз, өзгөчө, Кудайдын көз алдында «баа жеткис идиштей» болот.

[29-беттеги сүрөт]

Акылдуунун оозу «баа жеткис идиштей»