Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Төгөрөктүн төрт бурчунда

Төгөрөктүн төрт бурчунда

Төгөрөктүн төрт бурчунда

«Жакыр өлкөлөрдө жашаган аялдардын, бай өлкөлөрдө жашаган аялдарга салыштырмалуу, төрөт маалында каза болуу ыктымалдыгы 300 эсеге жогору» («BUSINESSWORLD», ФИЛИППИН).

Германияда жүргүзүлгөн сурамжылоого ылайык, 11—15 жашка чейинки балдардын 40 пайызы Күндүн чыгыштан чыгарын, ал эми 60 пайызы Айдын 4 жумада бир жаңырып турарын билишпейт («WELT ONLINE», ГЕРМАНИЯ).

Археологдор байыркы Гат шаарынан филистимдиктердин ибадатканасынын калдыктарын табышкан. Бул эки тирөөчү бар имараттын калдыктары Ыйык Китептеги Шимшон жөнүндөгү билдирүүнү эске салат. Билдирүүдө Шимшондун эки тирөөчтү болгон күчү менен түрткөндө, ибадаткананын кулап калганы айтылат («THE JERUSALEM POST», ИЗРАИЛЬ).

Колуктуну Азиядан издегендер

«Жапония, Түштүк Корея сыяктуу Азиянын бай өлкөлөрүндө жашаган эркектер колуктуну Азиянын кедейирээк өлкөлөрүнөн, мисалы, Вьетнамдан, Филиппинден издешүүдө»,— делет бир Интернет-гезитте. 1995-жылдан 2006-жылга чейинки убакыт аралыгында чет өлкөлүк аялдарга үйлөнгөн жапониялык эркектердин саны 73 пайызга өскөн. Мунун себеби эмнеде? «Материалдык жактан көз карандысыз болгон жергиликтүү аялдар талапты катуураак коюшат»,— делет ошол эле гезитте. Ошондой эле алардын көп деле турмуш кургусу келбей турганы айтылат. Ал эми кедейирээк өлкөлөрдө жашаган аялдар бай өлкөдө жашаган, атүгүл кара жумушта иштеген эркектерге да турмушка чыкканга даяр. Себеби бай өлкөдө жашаган эркекке турмушка чыгуу «жакшыраак жашоого үмүт берет деп ойлошот» («BusinessWorld»).

Ойноштук кылганга өбөлгө түзгөн сайт

«Өмүр көз ирмемде өтүп кетет. Бирөө менен жүрүп, ойноп-күлүп ал»,— деген чакырык менен кызматын сунуш кылган Интернеттеги таанышуу сайты учурда беш өлкөдө бар. Америкада чыккан бир гезитке ылайык, ошол сайттын негиздөөчүсү эч кимди ойноштук кылууга үндөбөй турганын, «бул сайтка ойноштук кылууну мурун эле чечип алгандар кирерин» айткан. Анан: «Көйгөйлөр көбүнчө ойноштук кылгандардын жашыруун иши билинип калганда болот. Биз болсо сайтка киргендерге эч кимге билгизбей ойноштук кылганга шарт түзүп беребиз. Биз кантип ойноштук кылуу керектигин ойлоп чыгарган жокпуз, болгону эле, мыкты жолун сунуш кылабыз»,— деген. Учурда аталган сайттын кызматынан 6,4 миллиондой киши пайдаланат («Metro News»).

Бийлеш үчүн жаралганбызбы?

Йорк (Англия) жана Ювяскюля (Финляндия) университеттеринин изилдөөчүлөрүнүн отчётуна ылайык, «адам баласы музыка укканда музыканын ыргагына жараша бутун, дене-боюн кыймылдатып бийлөө жөндөмдүүлүгү менен жаратылган». Алар балдардын тили чыга электе эле музыканы укканда анын ыргагына жараша буту-колун кыймылдатып, ар кандай кыймыл-аракеттерди кылууга аракет кылышарын аныкташкан. Балдар кыймыл-аракети канчалык жакшыраак болгон сайын, ошончолук сүйүнүп, жыргашат. Мындан адамдын музыканын ыргагын сезип, ошого жараша дене-боюн кыймылдатканы убакыттын өтүшү менен үйрөнгөн нерсе эмес, тубаса жөндөмдүүлүк экени көрүнүп турат.