Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Ааламдагы эң кубаттуу, үйрөнүүгө жөндөмдүү „машине“»

«Ааламдагы эң кубаттуу, үйрөнүүгө жөндөмдүү „машине“»

«Ааламдагы эң кубаттуу, үйрөнүүгө жөндөмдүү „машине“»

БАЛАНЫН мээсин «ааламдагы эң кубаттуу, үйрөнүүгө жөндөмдүү „машине“» деп атаганга толук негиз бар. Жаңы эле жарык дүйнөгө келген ымыркай уккан, сезген, көргөн нерселеринин баарын акылына сиңире баштайт.

Мындан тышкары, жаңы төрөлгөн бала жанына келген же аны колуна алып эркелеткен кишинин жүзүн аябай кызыгып карайт, үнүн кулак түрүп угат. Пинелопи Лич деген жазуучу өзүнүн китебинде бул туурасында мындай деген: «Көптөгөн изилдөөлөргө ылайык, ымыркайлар көңүлүн бурдуруп, өзүнө тартып турган үндөргө, жалтырак бир нерселерге өзгөчө кызыгышат жана буюм-тайымдарды кайра-кайра кармалап, туюп-сезип көргүсү келет. Чоңдор алардын мындай каалоосун дароо эле орундатышат». Андыктан бала чоңоюп-өсүп жаткан маалда ата-энесинин ролу абдан маанилүү («Babyhood»).

«Балача сүйлөчүмүн»

Ата-энелер менен педиатрлар жаңы төрөлгөн наристенин башкалардын сүйлөгөнүн угуп жатып эле сүйлөгөнгө үйрөнө аларына таң калып келишет. Изилдөөлөрдөн айкын болгондой, ымыркай бир нече эле күндүн ичинде энесинин үнүн айырмалап, аны башкалардыкы менен чаташтырбай калат. Ал эми бир нече эле жуманын ичинде ата-энеси сүйлөгөн тил менен башка тилдин айырмасын түшүнө баштайт. Бир нече айдын ичинде болсо, сөздөрдү бири-биринен айырмалап калат, ошондуктан кишинин сүйлөп жатканын түшүнүксүз үндөрдөн так айырмалап калат.

Кудайга кызмат кылган элчи Пабыл: «Мен бала кезимде баладай сүйлөчүмүн»,— деп жазган (1 Корунттуктар 13:11). Балдар кантип сүйлөшөт? Адатта, алар булдурап, түшүнүксүз бир нерселерди эле айта беришет. Бирок алар жөн эле ар кандай үндөрдү чыгара берет деп айтууга болобу? Жок. Доктор Лиз Элиот өзүнүн китебинде киши «эриндердин, тилдин, таңдайдын жана кекиртектин бир канча булчуңдарынын тез аранын ичинде биргелешип шайкештикте иштешин талап кылган татаал кыймыл аракеттин» аркасында гана сүйлөй аларын жазган. Ошондой эле ал: «Балдар булдурап чоңдордун көңүлүн өзүнө бурдургусу келгендей көрүнсө да, алардын бир нерселерди айтканга аракет кылганы сүйлөп жатканда иштей турган булчуңдарды машыктырып жаткандагысы»,— деп кошумчалаган («What’s Going On in There?—How the Brain and Mind Develop in the First Five Years of Life»).

Ата-энелер балдарынын булдураган сөздөрүнө так, айкын жооп беришет. Ушундай кылганы туура. Анткени бала так, айкын айтылган сөздөрдү укканда жооп кайтарганга аракет кылат. Ушунун аркасында наристе пикир алмашканга үйрөнөт. Бул ага өмүр бою керек болот.

Ата-энелердин ролунун алмашышы

Бала төрөлгөндөн кийин ата-энелер анын муктаждыктарын канааттандыруу менен эле алек болуп калышат. Мисалы, бала ыйлап баштаса эле, энеси эмизет же кимиси болбосун, чуркап барып жалаягын алмаштырат же болбосо алдейлеп колуна ала коёт. Ата-энелердин ымыркайына бүт көңүлүн коюп, бөпөлөп бакканы туура. Анткени алар ушинтүү менен балдарына эң сонун кам көрө алат (1 Тесалоникалыктар 2:7).

Ата-энеси бөпөлөп баккан, баланын өзүн эң маанилүү киши катары эсептеши, ошондой эле чоңдор, өзгөчө, ата-энеси анын бардык каалоолорун аткарышы керек деп ойлогону табигый эле нерсе. Албетте, мындай көз караш туура эмес дечи, бирок баланын эмне үчүн ушундайча ой жүгүртөрүн түшүнсө болот. Бир жылдан ашуун убакыт бою ата-энеси күн сайын анын көзүнүн кареги менен тең айлангандыктан, бала ушуга көнүп калат. Андыктан өзүнүн көз карашы боюнча, ал — падыша, ал эми анын падышалыгында чоң кишилер кызмат кылат. Жубайларга үй-бүлөгө байланыштуу кеңештерди берген адис Жон Роузмонд мындай дейт: «Ата-энелер эки жылга жетпеген убакыттын ичинде эле баласын, чын эле, „падыша“ экенине ишендирип коюшат, анан анын туура эмес көз карашын оңдогонго бери дегенде эле 16 жыл жумшашат! Кызыктуусу, ата-эне баласына ушинтип ойлогонго өздөрү „пайдубал“ тургузуп беришет да, кийин ошол „пайдубалды“ кайра эле өздөрү акырындык менен талкалашат».

Бала эки жашка чыгайын деп калганда, ата-энесинин ролу алмашат. Башкача айтканда, алар баласынын ою менен боло бербей, аны окутуп-үйрөтө башташат. Так ошол маалда баланын оюндагы баягы «падышалыгы» кулайт. Ошондон тартып ал ата-энеси ага эмес, өзү ата-энесине баш ийиши керектигин түшүнө баштайт. Ооба, бала «падышалык тактысынан» ажырайт. Албетте, мындай өзгөрүүнүн ага жакпасы турган иш. Андыктан ачууланып, кайрадан бийликти колго алганга аракет кылышы мүмкүн. Кантип?

Кыял-жоругу чыга баштаганда...

Эки жашка чыгып калганда балдардын жүрүм-турумунда кескин өзгөрүүлөр болот. Алар себепсиз эле кыжырданып, кыял-жоругун көрсөтө башташат. Ошол мезгилде ата-энелердин жүгүнө кошумча жүк кошулат. Бала «жок» деген сөздү көп айтып, тил албай калат. Ал ичиндеги сезимин ооздуктай албай, өзүнө да, ата-энесине да ачуулана берет. Бала бир чети ата-энесинин жанында болгусу келсе, бир чети алардын жанында болгусу келбейт. Айласы кеткен ата-энелерге кээде эч нерсе жардам бербечүдөй сезилет. Балдар эмне үчүн мындай боло башташат?

Эми келгиле, тили чыгып, там-туң басып калган баланын жашоосунда кандай өзгөрүүлөр болоруна токтололу. Буга чейин ал ыйлаар замат, ата-энеси үстүнө үйрүлүп түшө калчу. Эми болсо «падышалык бийлиги» убактылуу эле экенин жана кээ бир нерселерди өз алдынча кылышы керектигин мойнуна ала баштайт. Ошентип, убакыттын өтүшү менен, Ыйык Китепте айтылгандай, ата-энесинин тилин алып, баш ийиши керектигин түшүнө баштайт (Колосалыктар 3:20).

Ушундай өткөөл мезгилде ата-энелер бийликти колго алып, баласына туура жетекчилик бериши зарыл. Эгер алар муну чечкиндүү болуп, ошол эле учурда мээримдүүлүк, сүйүү менен кылышса, баласы өзгөрүлүүгө ийкемдүү болот. Натыйжада үйрөнгөн нерселери ага өсүп-жетилгенге жардам берет.

Инсан катары калыптанышы

Жаныбарлар, атүгүл жансыз техника да сөздөрдү айырмалап, адамдардын сүйлөгөнүн туурай алат. Бирок жалгыз гана адам баласы акыл токтотуп, өзүн-өзү текшере алат. Эки-үчкө чыгып калган бала өзүн ыңгайсыз же күнөөлүү сезүү, өзүн-өзү сыйлоо жана уялуу сыяктуу сезимдерди чагылдыра баштайт. Бул баланын инсан катары калыптанышынын алгачкы баскычы болуп эсептелет. Башкача айтканда, ал так ушул мезгилде көпчүлүк туура эмес иш кылса да, туура иш кылууга чечкиндүү болгонго үйрөнөт.

Баланын өсүп-жетилип келаткан ушул мезгилинде ата-энеси таң каларлык дагы бир өзгөрүүгө күбө болот. Баласы башкалардын сезимин эске алганга үйрөнө баштайт. Эгер эки жашка чыкканга чейин өзү менен өзү болуп, жалгыз эле ойноп жүргөн болсо, эми башка балдарга кошулуп ойной баштайт. Ошондой эле ата-энесинин көңүлү жайдары экенин аңдаганга үйрөнүп, аларга жакканга аракет кыла баштайт. Ошентип, ал үйрөнүүгө мурункудан да ийкемдүүрөөк боло баштайт.

Бала үч жашка чыгып калганда эмне туура, эмне туура эмес экенин жана эмне жакшы, эмне жаман экенин мурункуга караганда айкыныраак түшүнө баштайт. Андыктан ата-энелер так ушул мезгилден баштап ага жакшы тарбия берип чоңойтконго бүт күчүн жумшашы керек.

[5-беттеги кыстырма]

Ымыркай бир нече эле күндүн ичинде энесинин үнүн айырмалап, аны башкалардыкы менен чаташтырбай калат

[6-беттеги кыстырма]

Үч жашка чыгып калганда эмне туура, эмне туура эмес экенин жана эмне жакшы, эмне жаман экенин мурункуга караганда айкыныраак түшүнө баштайт

[6-беттеги кутуча]

КЫЯЛ-ЖОРУГУ ЭМНЕ ҮЧҮН ЧЫГА БАШТАЙТ?

Жон Роузмонд деген жазуучу мындай деп жазган: «Айрым ата-энелер балдары бир нерселерди талап кылганда аларга туура эмес мамиле кылгандыктан балдары чыр салып, кыялын көрсөтөт деп ойлошот. Алар балдарынын чатак салганына өзүн күнөөлүү сезгендиктен, баласы тынчып калышы үчүн бир нерселерди кыла коюшат. Ошондуктан „жок“ дебей, „ооба“ деп, баарына уруксат беришет. Же баласын жазалагандын ордуна, өздөрүн күнөөлүү сезип калбаш үчүн эле, баласы талап кылган нерседен да көптү беришет. Ошентип, ата-энелер да, балдары да максатына жеткендей көрүнөт. Баласынын чатак салганы токтойт. Ата-энесинин болсо кулак-мээси тынчып, эс алып калат. Бирок баласы ушундай жол менен каалаган нерсесинин баарына жетсе болорун түшүнүп, мурункудан да көбүрөөк чыр салып, кыял-жоругун көрсөтө баштайт» («New Parent Power»).