Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Бала тынбай ыйлай берсе...

Бала тынбай ыйлай берсе...

Бала тынбай ыйлай берсе...

КАНАДАДАГЫ КАБАРЧЫБЫЗДАН

БАЛАСЫ тынбай эле ыйлай бергендиктен, бир жери ооруп жатабы деп тынчсызданган энеси аны догдурга алып барат. Догдур, ал ойлогондой эле, баласынын колика * болуп жатканын айтат. Канадада чыккан «Глоб энд мейл» гезитинде «ар бир төртүнчү баланын» колика болору айтылган. Андай балдар жумасына, бери дегенде эле, үч күн бир нече саат бою тынбай ыйлашат. Мындайда ата-энеси эмне кылса болот? Педиатрлардын айтканы боюнча, ата-энелер кичине чыдап койсо, баланын коликасы өтүп кетиши мүмкүн. Бирок канчага чейин чыдаш керек?

Канадада жүргүзүлгөн изилдөөдөн колика болгон балдардын 85 пайызынан көбүнүн үч айга толгондо коликасы өтүп кеткени айкын болгон. Ушул изилдөөнү жетектеген Тамми Клиффорддун айтымында, баланын тынбай ыйлаганы энесинин психикалык саламаттыгына эч кандай таасир этпейт. «Андай энелер төрөттөн алты ай өткөндөн кийин эч нерсе болбогондой эле баарын унутуп калышат» (Children’s Hospital of Eastern Ontario Research Institute).

«Глоб энд мейл» гезитинде Тамми Клиффорд менен анын кесиптештеринин коликага байланыштуу жүргүзгөн изилдөөсүнүн жыйынтыгы тууралуу жазылган. «Изилдөөдөн төмөнкү нерселер айкын болгон: айрым балдар төрөлгөндөн үч ай өткөнгө чейин колика болуп, үч айдан кийин коликасы өтүп кетет. Башкаларыныкы бир нече айга чейин созулат. Дагы бирөөлөрүнүкү төрөлгөндөн бир нече ай өткөндөн кийин башталат. Мындай балдардын саны салыштырмалуу аз». Учурда окумуштуулар колика болгон балдардын чоңоюп-өскөнүнө байкоо салып, кошумча изилдөөлөрдү жүргүзүп жатышат. Аларды, өзгөчө, төрөлгөндөн бир нече ай өткөндөн кийин колика болгон балдар кызыктырууда.

Баланын тынбай ыйлай бергени анын мээсинин чайкалып калышына себеп болушу мүмкүн. Бирок буга, «Глоб энд мейл» гезитинде айтылгандай, «баланын тынбай ыйлай бергени эмес, аны сооротуш үчүн силкилдетүү себеп болушу мүмкүн. Баланы бир аз убакытка болсо да силкилдеткенде, мээсине доо кетиши мүмкүн, атүгүл өлүп калышы да ыктымал».

Бир чети, баланын көп ыйлаганы пайдалуу десек болот. «Адатта, андай балдарга көбүрөөк көңүл бурулат, аларды көбүрөөк эркелетип, көбүрөөк көтөрүшөт»,— делет «Глоб энд мейл» гезитинде.

[Шилтеме]

^ 3-абз. Ички органдардын күтүлбөгөн жерден сайгылашып же сыздап катуу оорушу.