Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Төгөрөктүн төрт бурчунда

Төгөрөктүн төрт бурчунда

Төгөрөктүн төрт бурчунда

Бразилиядагы 10дон 13 жашка чейинки окуучулардын 17ге жакын пайызы кимдир бирөө тарабынан зордук-зомбулук көрүшкөн же өздөрү ошондой ишке барышкан («O ESTADO DE SÃO PAULO», БРАЗИЛИЯ).

Бүгүнкү күндө 12 жашка чейинки балдар арасында кан басымынын жогорулашы, холестериндин көбөйүшү, боор оорулары, бөйрөктө таштын пайда болушу сыяктуу оорулар көбөйүп баратат. Мунун себеби эмнеде? Балдар аз кыйымылдагандыктан, ден соолукка зыяндуу тамак-ашты көп жегендиктен жана семирип кеткендиктен ушундай ооруларга чалдыгып жатышат («ABC», ИСПАНИЯ).

АКШнын өкмөтүнүн эсептегени боюнча, 2008-жылы төрөлгөн баланы 18 жашка чейин багып-чоңойтконго орто жашаган үй-бүлө 221 190 доллар (инфляцияны эске алганда, 291 570 доллар) сарптайт (UNITED STATES DEPARTMENT OF AGRICULTURE, АКШ).

Ойногонду унутуп калышыптыр

Жакынкы убакта Улуу Британияда жүргүзүлгөн сурамжылоодон ар бир бешинчи ата-эне «балдары менен чогуу ойногонду» унутуп калганы айкын болгон. Ал эми ар бир үчүнчү ата-эне балдары менен чогуу ойноо кызыксыз десе, башкалары алар менен ойногонго убактысы жок экенин же алар менен эмне ойношту билбей турганын билдиришкен. Психолог жана профессор Таня Байрон ушул сурамжылоого байланыштуу мындай деген: «Ата-эненин балдары менен чогуу ойногону жагымдуу болушу үчүн оюн балдарды бир нерсеге үйрөткүдөй, ой жүгүрткөнгө түрткү бергидей, шыктандыргыдай жана пикир алышууга өбөлгө түзгүдөй болушу керек». Үч ата-эненин бири балдары менен компьютердик оюндарды ойногусу келерин айтышса, балдары андай оюндарды жалгыз ойногусу келерин айтышкан. Беш жаштан он беш жашка чейинки балдардын көбү ата-энеси менен таза абада ойной турган оюндарды жана шахмат, шашки сыяктуу оюндарды ойногусу келерин билдиришкен.

Электрондук «ата»

Балдарына жатарда жомок айтып бергенге чолосу тийбеген аталарга Интернет өзүнүн кызматын сунуш кылат.

Сиднейде чыккан «Дейли телеграф» гезитинде мындай делет: «Атасы жомогун компьютерге жаздырат, ал эми Интернет кызматы ага музыка, ар кандай үн-дабыштарды кошуп коёт. Ошентип, бала уктаар маалы келгенде электрондук „атасынын“ жомогун уга алат». Бирок үй-бүлөлүк жашоо боюнча адистер буга карата сын көз карашта. Ньюкаслдагы (Австралия) бир университеттеги үй-бүлөдөгү мамилелерди изилдөө боюнча түзүлгөн программанын жетекчиси Ричард Флетчер: «Баласына жомокту атасы өзү окуп бергени экөөнүн ынак болушуна өбөлгө түзөт»,— дейт. Анткени атасы жомок айтып берип жатканда баласын кучактап, кошо күлүп, аны менен сүйлөшө алат. Флетчер кошумчалагандай, Интернеттеги ушул сыяктуу бир да кызмат атанын баласынын жанына отуруп алып жомок айтып бергенине тең келбейт.