Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жапониядагы цунамиден аман калгандар

Жапониядагы цунамиден аман калгандар

Жапониядагы цунамиден аман калгандар

Жер титирөөдөн, ага куйрук улаш болгон цунамиден аман калгандардын айтып бергендери.

ЖУМА күнү, 2011-жылдын 11-мартында саат 14:46да бейкапар жаткан жапон калкынын үрөйүн учуруп, дүрбөлөңгө түшүргөн катуу жер титирөө болду. Ал дүйнө жүзүндөгү эң катуу жер титирөөлөрдүн төртүнчүсү деп катталды. Анын артынан болгон цунамиден, жердин кайра-кайра силкинишинен эл бир нече жума бою коркунучта жашады. Каза тапкандардын жана дайынсыз жоголгондордун саны 23 000дей болду. Ошентсе да миңдегендер аман калышты. Келгиле анда, алардын айтып бергендерине назар салалы.

Мияги префектурасындагы Исиномаки шаарында жашаган Тадаюки менен жубайы Харуми катуу үн чыгып, үйү ары-бери чайпала баштаганда, эшикке чуркап чыгышкан. Тадаюки: «Эшикке чыгарыбыз менен жердин жарака кеткенин көрүп, жүрөгүбүз оозубузга тыгыла түштү. Үйүбүз ары-бери чайпалып, чаң асманга сапырылып жатты»,— дейт.

Жер титирөөнүн очогу Мияги префектурасы жайгашкан аралдын жээгинен 129 километр алыстыкта болгон. Цунами Жапониянын Тынч океан тарабынын 670 километрдей аянтын каптап, таш-талканын чыгарган. Айрым жерлерде толкундун бийиктиги 15 метрге чейин жеткендиктен, суу тосмолорун талкалап, 40 километр аралыкка чейин агып, жолундагы нерселердин баарын жууп кеткен.

Электр жарыгы, газ, таза суу менен камсыз кылган станциялар иштен чыгып калган. Цунами үйлөрдү, дүкөндөрдү жана завод-фабрикаларды, жалпы жонунан, 160 000ге жакын имаратты түп-орду менен агызып кеткен. 440 000ге жакын кишиге мектептерде жана башка коомдук имараттарда убактылуу баш калкалоого туура келген. Башкалары болсо туугандарыныкында, досторунукунда жашап турушкан. Он миңдегендери набыт болсо, миңдегендеринин сөөгү табылбай калган.

Жакындарынан айрылып, кайгыргандар

Жер титирөөгө караганда, цунамиден көп киши каза болгон. Ивате префектурасындагы Рикузентаката шаарында жашаган Ёичи жер титирөөдөн кийин цунами болорун сезип, дароо эле ата-энесин жакын жерде жайгашкан баш калкалоочу жайга жеткирет. Анан кошуналарына жардам бериш үчүн кайра артка кайтып барат. Бирок ата-энесине тынчсызданып, жубайы Тацуко экөө аларды көздөй жөнөшөт. Аңгыча болбой, цунами жакындап калганын угушат.

Алар башка баш калкалоочу жайга барышат, бирок ичине кире албай коюшат. Анткени эшиктин оозу урандылар менен тосулуп калыптыр. Бир маалда бир имараттын аларды көздөй калдайып агып келе жатканын көрүшөт. Ошондо Тацуко: «Качтык!» — деп кыйкырып жиберет.

Экөө бийик жерде жайгашкан бир мектептин короосуна чуркап кирип, аман калышкан. Алардын цунами үйлөрдү биринин артынан бирин оюнчуктай эле агызып баратканын карап тургандан башка аргасы калган эмес. Ошол жерде турган бир аял: «Үйүм агып кетти!» — деп кыйкырып жиберген. Тилсиз жоо Рикузентаката шаарынын үчтөн бир бөлүгүн талкалап кеткен. Суу агызып кеткендердин арасында Ёичинин ата-энеси да болгон. Апасынын сөөгү кийинчерээк табылган, атасыныкы болсо табылбай калган.

Исиномакидеги бир заводдо иштеген Тору жер титирөө болгон маалда жумушунда болчу. Ал жер титирөөдөн кийин цунами болорун сезгендиктен, чогуу иштегендерине: «Качкыла!» — деп кыйкырып, машинесин көздөй чуркайт.

Тору мындай дейт: «Дароо эле үйдү көздөй жөнөдүм, үйүм бийик жерде жайгашкан болчу. Бирок жол тыгынына кабылып калып, үйүмө жетпей калдым. Машинедеги радиодон цунами кошуна шаарга жетип калганын уктум. Кокус цунами бизге чейин келе турган болсо машинемден чыгып кетейин деп терезесин ачып койдум. Бир маалда бийиктиги 2 метрден да ашык болгон, ылай аралашкан капкара суу келип бизди басып калды. Алдыдагы машинелер менин машинеме катуу урунуп, ээ-жаа бербеген суу бизди далай жерге чейин агызып кетти.

Машиненин терезесинен араң чыктым. Бирок май аралашкан сасык суу мени бир топ жерге чейин агызып кетти. Агып баратып машине оңдогон жайдын тепкичин кармап калып, араңдан зорго экинчи кабатка чыктым. Анан үч кишини да эптеп суудан тартып алдым. Суу уламдан улам көбөйө берди. Түн ичинде кар жаап, аябай суук болгондуктан, аз эле киши аман калды. Биз жардам сурап кыйкырып жаткан кишилерге жардам бере алган жокпуз».

Ивате префектурасындагы Камаиси шаарында жашаган Мидори жер титирөө болгонго чейин таята-таенесиникинде болчу. Жаңы эле мектепти бүткөн Мидори бир нече убактан бери ооруп төшөктө жаткан таятасына аттестатын көрсөткөнү барган. Таятасы Мидоринин бааларын көрүп, аны жакшы окуганы үчүн мактап, баары жагымдуу убакыт өткөрүп отурушкан болчу. Ошондон беш күн өткөндөн кийин эле жер титирөө болгон.

Жер титирөөдөн кийин цунами болорун билгендиктен, Мидоринин апасы Юко ата-энесине баш калкалоочу жайга барганы туура болорун айтат. Бирок атасы: «Жок, мен ал жакка барбайм. Биз жээктен алыс жашайбыз. Цунами бизге чейин жетпейт»,— деп болбой коёт. Юко менен Мидори аны үйдөн алып чыкканга аракет кылышат, бирок көтөрө албай койгондуктан бирөөлөрдү жардамга чакырганы сыртка чыгышат. Так ошол маалда суу алар жашаган жерди каптап кирет. Жакын жердеги дөңсөдө турган бир киши: «Болгула, качкыла!» — деп кыйкырат. Цунами үйлөрдү биринен сала бирин агызып кете берет. Мидори: «Таята, таене!» — деп айлананы жаңырта чаңырат. Кийинчерээк таятасынын сөөгү табылган, бирок таенесиники табылбай калган.

Кандай жардам көрсөтүлгөн?

Жапон өкмөтү дароо чара көрүп, өрт өчүргүчтөрдү, полиция кызматкерлерин жана аскер күчтөрүн цунами болгон жерге жиберген. Калыбына келтирүү ишине кыска убакыттын ичинде эле 130 000ден ашуун киши киришкен. Көп өтпөй башка өлкөлөрдөн жана эл аралык уюмдардан да жардам келе баштаган. Ошондой эле жабыр тарткандарга жардам бериш үчүн уюшулган топтор, медицина кызматкерлери келген. Алар табигый кырсыктан аман калгандарды издеп-таап, медициналык жардам көрсөтүп, урандыларды тазалашкан.

Көптөгөн уюмдар өздөрүнүн кишилерине жардам көрсөтүшкөн. Жахабанын Күбөлөрү да ишенимдештерине жардам бериш үчүн бүт күчүн жумшашкан. Жума күнү түштөн кийин болгон жер титирөө менен цунамиден кийин Жахабанын Күбөлөрү дароо эле ишенимдештерин издей башташкан. Бирок жолдордон өтүү мүмкүн эмес болуп, электр жарыгы өчүп, байланыш түйүндөрү үзүлүп калган эле. Цунами каптаган ушунчалык чоң аймактагы адамдарды табуу оңой иштерден болгон эмес.

Фукусима префектурасындагы Сома шаарындагы Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйналышында жетекчиликти колго алган Такаюки жума күнү болгон кырсыктан аман калган бир нече эле үй-бүлөгө жолуга алган. Ал мындай дейт: «Калгандарын эртең издейин деп чечтим. Эртеси аларды таң сүргөндөн кеч киргенге чейин адегенде машине менен, андан кийин жөө издедим. 20 чактыдай жерге, анын ичинде баш калкалоочу жайларга да бардым. Ишенимдештеримди тапканда, аларга Ыйык Китептен Кудайдын сөздөрүн окуп берип, Кудайга кайрылып, чогуу тилендик».

Исиномакиде жашаган Шанжи мындай дейт: «Ишенимдештерибизди издеш үчүн топ-топ болуп бөлүндүк. Цунами болгон жерге келгенде аймактын ушунчалык талкаланганын көрүп, төбө чачыбыз тик турду. Машинелер электр зымдарына чырмалышып, үйлөр бири-бирине минип тоодой болуп калыптыр. Урандылар тоо-тоо болуп үйүлүп, өтөргө жол жок экен. Бир машиненин үстүндө кишинин сөөгү жатыптыр. Ал, кыязы, түн ичинде тоңуп өлүп калса керек. Үйлөрдүн арасына кыпчылып, аңтарылып калган дагы бир машинени көрдүк. Анын ичинде да бир киши өлүп жатыптыр».

Шанжи баш калкалоочу жайлардан ишенимдештерин тапканда абдан кубанганын билдирип: «Ишенимдештеримди көргөндө ушунчалык сүйүндүм, ошондо аларды аябай жакшы көрөрүмдү түшүндүм»,— дейт.

«Ушунчалык тез келет деп ойлогон эмеспиз»

Жахабанын Күбөсү болгон Юи менен Мизуки деген эки жаш кыз Мияги префектурасындагы Минамисанрикуда кошуна турушчу. Жер титирегенде алар үйлөрүнөн чыгып, дароо бийик жерди көздөй чуркап жөнөшкөн. Ошондон он мүнөт өтүп-өтпөй шаарды сууп каптап, баарын, анын ичинде алардын үйүн да агызып кеткен.

Юи менен Мизуки баш калкалоочу жайдан ишенимдештерин таап, алар менен чогуу тиленишкен. Эртеси күнү эртең менен алардын жыйналышындагы жана башка жыйналыштагы ишенимдештери тоону ашып тамак-аш, азык-түлүк алып келишкен. Юи менен Мизуки аларды көргөндө кубанганынан: «Биз силердин сөзсүз келериңерди билгенбиз, бирок ушунчалык тез келет деп ойлогон эмеспиз»,— дешкен.

Томе шаарындагы жыйналышта жетекчиликти колго алган Хидехару баш калкалоочу жайга ишенимдештерин издеп барган. Ал мындай дейт: «Жээкке жакын жашаган ишенимдештерибизди түнү бою издедим. Таңкы төрттөрдө айрымдар баш калкалап бир мектепте отурушканын уктум. Саат жетилерде он киши тамак-аш даярдады, үчөөбүз аларды жеткиргени жөнөдүк. Жолдордон өтүү мүмкүн эмес болгондуктан, мектепке кыйналып жатып, араң жеттик. Алтургай үйсүз калгандар да бизге башкаларга жардам бергенге көмөктөшүп жатышты».

Кудайдын сөзүн угуп, кайраттанышкан

Жахабанын Күбөлөрү Ыйык Китепти изилдеш үчүн дайыма чогулуп турушкан. Айрымдар жыйналыштарын жума күнү кечинде өткөрүшчү. Алсак, Рикузентакатадагы Жахабанын Күбөлөрү Кудайга сыйынуу үчүн чогулуп турган жайы —Падышалык залы — талкаланып калганына карабай, жыйналыштарын өткөрө беришкен. Жыйналышты жетектегендердин бири: «Кандай болбосун, жыйналышты өткөрө берели»,— деген. Ошентип, алар анча талкаланбаган бир үйдө жыйналыш өткөрүүнү чечип, ишенимдештерине билдиришкен.

Электр жарыгы жок болгондуктан, алар генераторду иштетип, жыйналыш өткөрүшкөн. Жыйналышка 16 киши катышкан. Цунамиден үйү талкаланып калган Ясуюки: «Баарыбыз кубанганыбыздан көзүбүзгө жаш алдык. Ал жерде өзүбүздү коопсуз сездик»,— дейт. Хидеко болсо мындай деп кошумчалайт: «Жер кайра-кайра силкингендиктен, бир аз чочулап жаттык. Бирок баарыбыз чогуу болгон үчүн көп деле тынчсызданып, корккон жокмун».

Ооба, алар жыйналышты бир да жолу өткөрбөй калышкан эмес. Жер титирөөдөн эки күн өткөндөн кийин, жекшемби күнү, «Дүйнө жүзү боюнча кудайга биримдикте кызмат кылган эл алааматтан аман өтөт» деген темада баяндама айтылган.

Жардам бериш үчүн караштырылган чаралар

Мамлекеттик уюмдар жабыр тарткандарга жардам бериш үчүн ар кандай чараларды көрүшкөн. Токиого жакын жайгашкан Эбина шаарындагы Жахабанын Күбөлөрүнүн филиалы да жардам берүүгө киришкен. Жер титирөө болгондон бир күн өткөндөн кийин, ишемби күнү, филиал кырсыктан жапа чеккендерге жардам бериш үчүн цунами каптаган аймакты үчкө бөлгөн. Ал эми дүйшөмбү күнү филиалдын өкүлдөрү ошол аймактагы Жахабанын Күбөлөрүнө барышкан.

Жапа чеккендерге бир нече ай бою жардам көрсөтүлгөн. Жапониянын кырсык болбогон шаарларында жашаган жана башка өлкөлөрдө жашаган Жахабанын Күбөлөрү тонналаган азык-түлүктөрдү жөнөтүшкөн. Кырсыктан жабыркагандарга жардам бериш үчүн азык-түлүк сакталган 21 кампа, 3 борбор, бир нече радио түйүнү иштей баштаган. Алгачкы эки айдын ичинде ыктыярдуу жардамчылар 250 тонна азык-түлүк, кийим-кече жана башка нерселерди элге таратып беришкен. Көптөгөн Жахабанын Күбөлөрү да кошуналарына ушул сыяктуу нерселерди берип, колунан келишинче жардам беришкен.

Учурда Рикузентаката жана Офунато шаарларындагы Жахабанын Күбөлөрү жыйналыш өткөрүлгөн жайларын оңдоп, ал жерге келген элге Кудайдын сөзүн айтып жубатып жатышат. Бул көптөргө жүрөктөн кеткис так калтырган кырсыкты унутуп, кайрадан мурункудай жашоо нугуна түшүүгө жардам берип келет. Цунами каптаган аймакта жашаган 14000ден ашуун Жахабанын Күбөсүнөн он эки киши каза болуп, экөө табылбай калган.

Фукусима шаарында жашаган бир үй-бүлө: «Качып баратканда колубузда бирден эле баштык бар болчу. Калган нерселердин баарын ишенимдештерибиз беришти»,— деп айткан. Көптөрдүн өмүрүн алып кеткен бул кырсыктан аман калгандардын көбү ушундай ойлорду айтышкан. Иса пайгамбар жана анын элчилери Жахаба Кудайдын кызматчыларынын бири-бирине бир туугандардай мамиле кыларын айтышкан. Кудайга биримдикте кызмат кылган ушундай элдин арасында болуу кандай сонун! Ооба, Кудайдын элинин ортосундагы биримдикти, сүйүүнү цунами да, башка табигый кырсык да жок кыла албайт (Жакан 13:34, 35; Еврейлер 10:24, 25; 1 Петир 5:9).

[20-беттеги кутуча/сүрөт]

ЯДРОЛУК ЖАРЫЛУУ КОРКУНУЧУ

Цунами болуп өткөндөн кийин Фукусимадагы атом электр станциясындагы (АЭСтеги) реакторлордун зыянга учураганы төгөрөктүн төрт бурчуна тараган. Радиоактивдүү заттар аба аркылуу тарап, Жапонияга жана коңшу мамлекеттерге коркунуч туудурган. Ууланып калбаш үчүн миңдегендер башка жакка көчүрүлгөн.

Мегуми: «Үйүбүз АЭСке жакын жерде болчу. Жер титирөө болгон күндүн эртеси реакторлордун бузулганын уктук, бизге башка жакка качуу керектигин айтышты»,— дейт. Сиңдиси Нацуми: «Вертолёттор тынбай учуп, сиренанын үнү басылбай, коопсуз жакка кеткиле деген эскертүү улам-улам айтылып жатты»,— деп ой бөлүшөт. Кийинки жумаларда Мегуми менен Нацумиге 9 жолу жер которууга туура келген. Акыры, аларга үйүнө барып, 2 сааттын ичинде керектүү буюмдарын алганга уруксат берилген.

60тан өтүп калган Чикако деген аял Фукусимадагы Намие кыштагында жашачу. Ал мындай дейт: «Жер титирегенде, 2 балам менен баш калкалоочу жайга бардым. Жер кайра-кайра катуу силкингендиктен, түнү менен кирпик каккан жокпуз. Таңкы саат 7де башка шаардагы баш калкалоочу жайга качуу керектиги айтылды.

Машине көп болгондуктан, барчу жерибизге түштөн кийин 3төрдө араң жеттик. Ал жерден АЭСте жарылуу болгонун уктук. Кайра эле үйүбүзгө кайтып келебиз деп ойлогондуктан эч нерсе албай чыкканбыз». Чикако балдары менен улам коопсузураак жерге качып отуруп, өздөрү жашаган жерден аябай эле алыстап кетишкен.

[22-беттеги кутуча/сүрөт]

КАНДАЙ САБАК АЛСАК БОЛОТ?

Жогоруда сөз кылынган рикузентакаталык Ёичи колунда болгон нерселеринин көбүнөн кол жууп калган. Ал: «Үй-жайың, топтогон дүнүйөң сени сактап кала албайт деп айта алам»,— деген. Бул сөздөрдүн калетсиз экенине, айрыкча, Иса пайгамбардын айткандарына кулак каккандар толук кошулушат. Иса пайгамбар байлык Кудайдын жактыруусуна, батасына ээ болууга салыштырмалуу эч нерсеге татыбай турганын айткан (Матай 6:19, 20, 33, 34).

Макаладан билгенибиздей, кандайдыр бир эскертүү берилгенде, ага дароо кулак какканыбыз маанилүү. Мындан өмүрүбүз көз каранды болуп калышы мүмкүн. Жер титирөөдөн кийин токтолбостон бийигирээк жерлерге качып кеткендердин көбү аман калышкан.

[18-беттеги карта/сүрөттөр]

(Текстти толугу менен көрүү үчүн адабиятты кара)

ЖАПОНИЯ

ТОКИО

Камаиси

Рикузентаката

Минамисанрику

Исиномаки

Сома

Фукусима атом электр станциясы

Эбина

Жахабанын Күбөлөрүнүн филиалы

[Сүрөттөр]

Рикузентаката, Ивате

Сома, Фукусима

Исиномаки, Мияги

Камаиси, Ивате

Минамисанрику, Мияги

[16-беттеги сүрөт]

Харуми менен Тадаюки

[17-беттеги сүрөт]

Ёичи менен Тацуко

[19-беттеги сүрөт]

Юко менен Мидори

[19-беттеги сүрөт]

Тору

[19-беттеги сүрөт]

Торунун машинеси

[19-беттеги сүрөт]

Такаюки

[20-беттеги сүрөт]

Шанжи

[21-беттеги сүрөт]

Мизуки менен Юи

[21-беттеги сүрөт]

Хидехару

[21-беттеги сүрөт]

Ыктыярдуу жардамчылар

[22-беттеги сүрөт]

Рикузентакатадагы Падышалык залы, цунамиден кийин

[22-беттеги сүрөт]

Үч айдан кийин

[22-беттеги сүрөт]

Оңдолуп бүткөн зал

[16-беттеги уруксат менен коюлган сүрөт]

JIJI PRESS/AFP/Getty Images