Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кандай кечени жакшы өттү деп айтууга болот?

Кандай кечени жакшы өттү деп айтууга болот?

Жаштардын суроолору

Кандай кечени жакшы өттү деп айтууга болот?

Кечеге барганда эмне кылганды жакшы көрөрүңдү белгиле.

○ тамак ичкенди

○ бийлегенди

○ ойногонду

○ жаңы досторду тапканды

○ эски достор менен пикирлешкенди

○ жана башка

ЖАШТАРДЫН көбү достору менен көңүл ачканды жакшы көрүшөт. Достор менен чогулуп туруунун эч жаман деле жери жок. Атүгүл Ыйык Китепте да чогулуп, көңүл ачкан адамдар жөнүндө айтылат.

Билесиңби?

● Аюп пайгамбардын уулдары кезектешип шерине өткөрүп турушчу (Аюп 1:4).

● Иса пайгамбар үйлөнүү тоюна барган (Жакан 2:1—11).

● Иса пайгамбардын 1-кылымдагы шакирттери да үйлөрдө чогулуп турушчу (Элчилер 2:46, 47).

Достор менен чогулуп туруу жагымдуу экени шексиз. Бирок, өкүнүчтүүсү, айрым кечелер андай болбой калат.

БОЛГОН ОКУЯ «Бир жолу мени бир бала кечеге чакырган. Анын ата-энеси үйүндө жок болчу. Кечеге каалагандардын баары келсе болорун айткан. Мен барбай эле коёюн дедим. Кийин ошенткениме аябай сүйүндүм. Анткени эртеси күнү эле ал кечеде көптөр мас болуп, атүгүл үч бала эсин жоготуп койгонун уктум. Ошондой эле айрымдары мушташа кеткендиктен полиция кызматкерлери келип, кечедегилердин баарын таратышыптыр» (Жанел).

ЭМНЕГЕ ҮЙРӨНСӨ БОЛОТ? Баары өзүнөн өзү эле жакшы болуп калат деп ойлобо. Кечени сен уюштуруп жатсаң да, бирөө кечеге чакырса да кийинки беттердеги суроолор жөнүндө ойлонуп көргөнүң пайдалуу болот. Ошондой кылсаң, кийин кечени өкүнүч менен эмес, жылуу сезим менен эскересиң.

ЖАКШЫ ӨТКӨРҮЛГӨН КЕЧЕЛЕР

«Бир жолу курбум кече өткөргөндө, апасы ар бирибизге көз салып турду. Атүгүл курткамды алайын деп машинеге баратсам, ал: „Каякка баратасың?“ — деп сурады. Балким, ал бизди өтө эле көзөмөлдөп, кайтаргандыр, бирок мен ага нааразы болгон эмесмин. Анткени кийин өкүнүп калгандан көрө, сак болгонуң жакшы экенин түшүнөм» (Ким).

«Мен жакшы өткөрүлгөн кечелерде болгом. Ал кечелерге ар кайсы курактагы адамдар келгендиктен жакшы өткөн деп ойлойм. Андан тышкары, кызыктуу оюндар уюштурулгандыктан эч ким өзү менен өзү болгон эмес, баарыбыз чогуу ойногонбуз» (Андреа).

«Жаштардын суроолору» аттуу рубриканын башка макалаларын www.watchtower.org/ypu веб-сайтынан карасаңар болот.

[24, 25-беттердеги сүрөттөр]

«Жакшы адамдар да бар, эки жүздүүлөнүп жакшы көрүнгөн адамдар да бар. Кече жакшы өтүшү үчүн кимдерди чакырышты тандай билиш керек.»

«Мен жаман нерселер болбошу үчүн кандайдыр бир чектөөлөр коюлган, баары ойлонуштурулуп жакшы уюштурулган кечелерде болгом. Кечелер ушундай уюштурулса, көп нерсеге тынчсызданбайсың, кече болсо жагымдуу өтөт.»

[Сүрөттөр]

Николь

Эндрю

[24, 25-беттеги кутуча/сүрөт]

● Кечеге кимдер жана канча киши келет?

«Кечеге жакшы тааныгандарды гана чакырыш керек деп ойлойм. Каалагандардын баары эле келе берсе болот же кечеге чакырылгандарга досторуңарды ээрчитип келе берсеңер болот деп айтпашың керек» (Рене).

«Кечеге сен чакыргандар гана келгидей болушу керек, болбосо, баш аламан болуп кетет. 20 кишини чакырсаң, алар 10 кишини ээрчитип келиши мүмкүн, ал 10 киши дагы башкаларды чакырышы ыктымал. Ушундай болгонун өз көзүм менен көргөм» (Колетт).

«Кечеге көп кишини чакырсаң, көзөмөлдөө кыйын болуп калат. Менин оюмча, аз эле киши чакырганың акылдуулукка жатат» (Алексис).

«Акылдуулар менен достошкон акылдуу болот, ал эми акылсыздар менен мамилелешкен зыян тартат» (НАКЫЛ СӨЗДӨР 13:20).

[24, 25-беттеги кутуча/сүрөт]

● Эмнелер болуп кетиши мүмкүн?

«Эгер кечени сен уюштурсаң жана ал жакта жаман бир нерселер болуп кетсе, сен жаманатты болуп каласың» (Брижет).

«Баарын алдын ала жакшылап ойлонуштурса, келгендердин баарына жагымдуу болуп, кече жакшы өтөт. Эмнелер болуп кетиши мүмкүн экенин эске алып, ошондой жагдайлар болуп калса, эмне кылыш керектигин ойлонуштуруп коюшуң керек» (Сез).

БОЛГОН ОКУЯ: «Бир досум мени кечеге чакырбай турганын айткан, анткени ата-энем ага „Кечеге кимдер келет? Канчага чейин болот?“ деген сыяктуу суроолорду берерин билчү. Ал кимдир бирөө аны ушинтип көзөмөлдөп турганын жактырчу эмес. Эгер ал ушундай суроолорду жактырбаса, анда ал уюштурган кечелер жакшы эмес, ал жакта көп жаман нерселер болот окшойт деп ойлойм» (Элен).

«Жесеңер да, ичсеңер да, эмне кылсаңар да, баарын Кудайды даңкташ үчүн кылгыла» (1 КОРУНТТУКТАР 10:31).

[25, 26-беттеги кутуча/сүрөт]

● Күтүлбөгөн жагдайлар болуп калса, эмне кыласың?

«Күтүлбөгөн жагдайлар болуп калса, кантип кетип калышты ойлонуштуруп койгом. Кечеге барганда дайыма ата-энеме чалып, үйгө канчада барарымды айтып коём. Ошондо алар: „Баары жайындабы?“ — деп сурашат. Эгер мен жок дей турган болсом, алар: „Үйдө жумуштар бар, тезинен келип кал“,— дешет. Сүйлөшүп бүткөндөн кийин досторума ата-энем үйгө эртерээк кел деп жатат деп кетип калам» (Териз).

БОЛГОН ОКУЯ: «Бир жолу кечеге эки бала келип калды. Алар кечеге чакырылган эмес болчу, алардын бири баңгизат колдонорун баары билчү. Чынын айтсам, кечеден кетким келген жок, ошентсе да атама телефон чалып, мени алып кетишин сурандым» (Мэри).

«Кыраакы киши кырсыкты көрүп жашынат, ал эми тажрыйбасыздар түз эле барып жазаланат» (НАКЫЛ СӨЗДӨР 22:3).

[25-беттеги кутуча/сүрөт]

● Ким баш-көз болот?

«Эгер чоңдордон кимдир бирөө баш-көз болуп турса, кече жакшы өтөт» (Марк).

«Мурун кечеде ата-энем да болгондо, өзүмдү оңтойсуз сезе берчүмүн. Бирок азыр алардын кече тынч, жакшы өтүшүн каалагандыктан мени менен чогуу болорун түшүнөм. Кечеде ата-энең болсо эле, кече кызыксыз болуп калат деп ойлобо» (Лаура).

«Абийириңерди таза сактагыла» (1 ПЕТИР 3:16).

[25-беттеги кутуча]

АТА-ЭНЕҢДЕН СУРАП КӨР

Ата-энеңден жаш кезинде кандай кечелерге барышканын сурап көр. Алардан ошо убакта өздөрү уюштурган же барган кечелерге байланыштуу азыр эмнелерди башкача кылмактыгын сура.

КЕЧЕ УЮШТУРГАНДА ЭМНЕЛЕРДИ ЭСКЕ АЛЫШ КЕРЕК?

Ата-энең менен сүйлөшүп, төмөнкү суроолор жөнүндө ойлонуп көр.

1. Кимдерди чакырам?

2. Канча киши чакырам?

3. Кечени кайсы жерде өткөрөм?

4. Ким баш-көз болот?

5. Эмнелерди уюштурам?

[23-беттеги схема]

(Текстти толугу менен көрүү үчүн адабиятты кара)

СЕНИ ДА ЧАКЫРАМ!