Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мексиканын атагы таш жарган «элчиси»

Мексиканын атагы таш жарган «элчиси»

Мексиканын атагы таш жарган «элчиси»

●16-кылымдын башында испан баскынчылары Мексикага келгенде жергиликтүү элдин агаванын ширесинен ачытып жасаган пульке ичимдигин татып көрүшкөн. Пульке ичимдигинин курамында, сыраныкындай эле, алкоголдун өлчөмү аз. Анын курамында углеводдор, витаминдер, минералдык заттар, өсүмдүктөрдөн алынган белоктор да бар. Ошондуктан аны ден соолукка пайдалуу деп эсептешет.

Спирт ичимдиктерин тамак менен ичип көнүп калган испандыктар ошондон көп өтпөй агава ширесинен «мескаль» деп аталган, пулькеден да күчтүү ичимдикти жасай башташкан. Бүгүнкү күндөгү «текила» деген ичимдик ошондон келип чыккан. Учурда Мексикада текила жасагандар абдан көп, алар жылына 189 миллион литр текила жасашат. Анын 40 пайызы башка өлкөлөргө сатылат.

Лилия тукумуна кирген агаванын көгүш агава деп аталган түрү Халиско штатындагы (Борбордук Мексика) Текила шаарына жакын жайгашкан кургакчыл тоолуу аймактарда өстүрүлөт. Текила ичимдиги Текила шаарынын атынан коюлган *. Агава өсүп-жетилиши үчүн 12 жыл керек. Ошол убакыт ичинде ал минералдык заттарды топтойт. Агава бышып-жетилгенде тикендүү жалбырактарын кесип салып, өзөгүн гана алышат. Өзөгү ананаска окшош болот, салмагы 50 килограммдай болуп, ширелүү келет. 7 килограмм өзөгүнөн 1 литр текила жасалат.

Мексикалыктардын көбү таза текилага туз кошуп, лаймдан (цитрус өсүмдүгү) бир кесим салып ичкенди жакшы көрүшөт. Ал эми башка өлкөдөгүлөр текилага лаймдын ширеси, апельсин ликёру кошулуп жасалган «маргарита» деп аталган коктейлди жакшы көрүшөт. Коктейлди кырына туз катырылган стаканга куюп, майдаланган муз салып ичишет *. Текила 90го жакын өлкөдө сатылгандыктан, анын Мексиканын атагы таш жарган «элчиси» деп аталганы таң калыштуу эмес.

[Шилтемелер]

^ 4-абз. Мексикада агаванын 136 түрүнөн пульке ичимдиги жана башка спирт ичимдиктери жасалат. Бирок текила көгүш агавадан гана жасалат.

^ 5-абз. Спирт ичимдиктерин чени менен ичүүгө Ыйык Китепте тыюу салынбайт (Забур 104:15; 1 Тиметей 5:23). Бирок анда өтө көп ичүү жана аракечтик Кудайга жакпай турганы айтылат (1 Корунттуктар 6:9, 10; Тит 2:3).