Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Паракорлук кулач жайды

Паракорлук кулач жайды

Паракорлук кулач жайды

Дэни * Гонконгдогу соода-сатык жүргүзгөн мекемеде иштейт. Ал мекемени өндүргөн товары менен камсыз кыла турган заводдордун бирине барганда анын жетекчисине заводдун товары мекеменин талаптарына жооп бербей турганын айткан. Кечинде тамактанып отурушканда, заводдун жетекчиси Дэниге конверт берет. Конвертти ачса, он миңдеген долларлар бар экен. Дэни андай акчаны бир жылда араң тапмак.

● Дэни кабылган жагдайга далайлар кабылат. Анткени алдамчылык барган сайын кулач жайып баратканын баарыбыз эле көрүп жатабыз. Алсак, сот кагаздарынан көрүнүп тургандай, Германиядагы эң чоң өндүрүштүк ишкана башка мекемелер менен келишим түзүш үчүн, пара берүүгө 2001-жылдан 2007-жылга чейин 1,4 миллиард доллар короткон.

Чоң-чоң ишканаларда болгон чыр-чатактардан улам бир аз өзгөрүүлөр болгону менен, алдамчылык жайылгандан жайылып баратат. Коррупцияга каршы күрөшкөн бир уюмдун 2010-жылы жүргүзгөн изилдөөсүнө ылайык, дүйнө жүзү боюнча «акыркы үч жылдын ичинде коррупция аябай күчөгөн».

Алдамчылык эмне үчүн күч алып баратат? Чынчыл болуунун пайдасы барбы? Кантип чынчыл боло алабыз? Ыйык Китептеги кеңештер чынчыл болууга жардам береби?

[Шилтеме]

^ 2-абз. Бул катар макалаларда айрым ысымдар өзгөртүлүп берилди.