Төгөрөктүн төрт бурчунда
Төгөрөктүн төрт бурчунда
Германиядагы он наристенин жетөөнүн Интернетте электрондук почтасы бар. Ата-энелер Интернеттен балдары үчүн почта ачып, алар жөнүндө кыскача маалымат, алардын сүрөттөрүн же жатында жаткан сүрөттөрүн салып коюшат. Ал сүрөттөр Интернетте кала бериши мүмкүн болгондуктан адистер сак болуу керектигин эскертишет («BABY UND FAMILIE», ГЕРМАНИЯ).
Мамлекеттин эсептөөсү боюнча, Орусияда жыл сайын 14 000 аял үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктан каза болот («РИА НОВОСТИ», ОРУСИЯ).
Эвересттин 6 858ден 7 752 метрге чейинки бийиктикте жайгашкан жерине жааган карда таза сууну булгап, ден соолукка зыян тийгизе турган мышьяк менен кадмий бар экени аныкталган. Буга адамдардын абаны булгап жатканы себеп болууда («SOIL SURVEY HORIZONS», АКШ).
Жакында Кытайдагы Ыйык Китеп чыгарууга укугу бар бир эле уюм 80 миллион нускада Ыйык Китеп басып чыгарган. Ал уюм ай сайын 1 миллион Ыйык Китеп чыгарат. Бул дүйнө жүзү боюнча чыгарылып жаткан Ыйык Китептердин төрттөн бир бөлүгүн түзөт («XINHUA», КЫТАЙ).
«Америкадагы католиктердин үй-бүлөсүндө тарбияланган жашы жеткен балдардын 10 пайыздан бир аз көбү католик чиркөөсүнөн чыгып кетүүдө» («НЭШНЛ КАТОЛИК РИПОТЭ», АКШ).
2010-жылы болгон табигый кырсыктар
Бир камсыздандыруу компаниясы акыркы он жылдыкта жыл сайын, орто эсеп менен, 785 табигый кырсык болуп турганын, ал эми 2010-жылы 950 табигый кырсык болгонун билдирген. Алардын бешөө чоң масштабда болгон. Чилиде, Кытайда, Гаитиде катуу жер титирөө болуп, Пакистанда сел жүргөн. Орусияда күндүн катуу ысыганынан жана абанын булганышынан 10 миңдеген кишилер каза тапкан. Исландияда жанар тоо атылып, күл аралаш кара түтүн түндүк Европаны каптап калгандыктан, аба жолдору жабылып калган. Австралияда 2 жолу катуу жааган мөндүр өлкөнү 2 миллиард долларга чыгым кылган. Лондондо чыккан «Телеграф» гезитинде мындай делген: «Камсыздандыруу компаниясы жаппаган чыгымды кошуп эсептегенде, экономика, жалпы жонунан, 130 миллиард долларга чыгымга учураган, ал эми мурунку жылдары 50 миллиард доллар чыгым болгон».
Биздей эле адамдар болгонбу?
«Көптөр неандерталь адамдары (археологиялык казууда табылган байыркы адамдар) аң сезимдүү адамдардан төмөн турат деп ойлошкон. Бирок аң сезимдүү адамдар кылган иштерди алардын да кыла алганы аныкталгандан кийин, оюн өзгөртүштү»,— делет «Нью сайентист» журналында. Археологиялык казуулардан анык болгондой, неандерталь адамдары үй курушкан, меш жасашкан, от жага алышкан, кийим кийип жүрүшкөн, тамак жасай алышкан. Шаймандарды жасашкан жана жыгач саптын башына учтуу темир тагып, найза же жебе жасаш үчүн желим ойлоп чыгарышкан. Алардын ар кандай жасалгаларды тагынып жүрүшкөнү, ооругандарга кам көрүп, өлгөн адамдарды көмүшкөнү да аныкталган. Сент-Луис шаарындагы (АКШ) Вашингтон университетинин антропология илиминин профессору Эрик Тринкастын айтымында, «неандерталь адамдары биздей эле ой жүгүрткөн, аң-сезимдүү адамдар болгон».