Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Чынчыл болсоң, ийгиликке жетесиң

Чынчыл болсоң, ийгиликке жетесиң

Чынчыл болсоң, ийгиликке жетесиң

«Адамдын дүнүйөсү ашып-ташып турса да, колунда болгон мүлкү ага өмүр бере албайт» (Лука 12:15).

БААРЫБЫЗ эле тамак-ашка акча табышыбыз керек экенин жакшы билебиз. Өзүбүзгө жана үй-бүлөбүзгө кам көрүү — ар бирибиздин Кудай алдындагы милдетибиз (1 Тиметей 5:8).

Бирок эс-дартыбыздын баары эле көбүрөөк акча табуу, баюу, буюм-тайым сатып алуу болуп калсачы? Байлык топтоого умтулгандар пайда көрүш үчүн алдаганга, туура эмес иштерге барышы мүмкүн. Алар анын кесепеттүү болорун өтө кеч болуп калганга чейин түшүнбөшү ыктымал. Ыйык Китепте да акчаны сүйгөндөр көптөгөн кыйынчылыктарга дуушар болору айтылат (1 Тиметей 6:9, 10).

Келгиле, дүнүйө топтоодон да эмне маанилүүрөөк экенин айтып берген төрт кишинин мисалына көңүл буралы.

Таза абийир

«Бир нече жыл мурун биздин фирмадан миллион долларга товар сатып алгысы келген бир кардар менен сүйлөшкөм. Эгер ал биздин товарды сатып алса, фирмадан мага сыйлык катары миңдеген доллар берилмек. Кардар мага: „Силердин товарыңарды сатып алышымды кааласаң, сыйлык катары ала турган акчанын жарымын мага беришиң керек“,—деп айтты. Мен ага айтканы туура эмес болгондон тышкары, мыйзамга да жатпай турганын ачык эле айттым.

Андан: „Алдамчылыкка барган, чынчыл эмес киши менен иштешкиңиз келет беле?“ — деп сурадым. Анан макул эмес экенимди дагы бир жолу билдирип, мага кайрылгысы келсе, байланышса болорун айттым. Бирок ал кайрылган жок.

Эгер анын сунушуна макул болуп, ошондой ишке барсам, башкалар мага ишенбей калышмак, абийирим да кыйнамак. Анан да арам ишке түрткөн кишинин кулу болуп калмакмын» (Дон, АКШ).

Жан дүйнө тынчтыгы

Биринчи макалада айтылган Дэниге заводдун ээси алар өндүргөн товардын сапаты талапка жооп берет деп калп айтып коюшу үчүн пара сунуш кылган. Дэни эмне кылган?

«Заводдун ээсине тамакка чакырганына ыраазычылык билдирип, акча салынган конвертти кайрып бердим. Ал акчасын кайра-кайра сунуштап, анын айтканындай кылсам, дагы көбүрөөк берерин айтты. Мен макул болгон жокмун.

Эгер анын сунушуна макул болсом, пара алганым качан билинип калат деп дайыма коркуп жүрмөкмүн. Кийинчерээк жетекчим ал жөнүндө билип калыптыр. Ошондо пара албаганым жакшы болуптур деп аябай сүйүндүм. Дароо эле Сулайман пайгамбардын: „Арам оокат издеген өз үйүн бүлгүнгө учуратат, ал эми параны жек көргөн өмүр сүрөт“,— деген сөздөрү эсиме түштү (Накыл сөздөр 15:27)» (Дэни, Гонконг).

Үй-бүлөнүн бактылуу болушу

«Менин курулуш ишканам бар. Кардарларды алдаганга, салык төлөбөй кутулуп кеткенге көп эле мүмкүнчүлүктөр болот. Бирок чынчылдык менен иш кылуунун акыбети кайтарына үй-бүлөм менен дайыма ынанып келем.

Чынчыл болуу деген үйдө болобу, жумушта болобу, бардык жерде чынчыл болууну билдирет. Өмүрлүк жарыңдын Кудайдын чынчылдыкка байланыштуу мыйзамдарын эч качан бузбай турганын билсең, жүрөгүң тынч болуп, ага дайыма ишенесиң. Жубайың да сенин чынчылдыкты ыңгайлуу учурда кийип, ыңгайсыз учурда чечип коё турган кийим катары көрбөй турганыңды билсе, өзүн коопсуз сезет.

Дүйнөдөгү эң чоң ишкананын ээси болсоң да, үй-бүлөдөгү ынтымакты, биримдикти эч кандай акчага сатып ала албайсың. Мен Жахабанын Күбөсү болгондуктан Ыйык Китептеги кеңештер жумушума баш-отум менен кирип кетпестен, башка нерселерди да унутпаганга жардам берерине ынанып келем. Ач көздүккө толгон, акчанын кулу болуп калган дүйнөнүн агымы менен кетпей, үй-бүлөмө убакыт бөлүп турам» (Дэрвин, АКШ).

Кудай менен ынак мамиледе болуу

«Менин милдетиме ишканабызга керектүү нерселерди сатып алуу кирет. Сатуучулар кээде: „Товарды арзандатылып берилиши керек болгон баадан кымбатыраак алды деп жазып берели, калганын чөнтөгүңө салып кой“,— деп айтышат. Бирок андай кылсам, ишканабыздан уурдаган болуп калмакмын.

Алган маянам аз эле, андыктан көбүрөөк акча тапканым ашыкча болмок эмес. Бирок Кудайдын алдында ак болуп, абийириңдин таза болгонуна эмне жетсин! Ошондуктан дайыма Ыйык Китептеги: „Биз... бардык жагынан чынчыл болууну каалайбыз“,— деген сөздөргө ылайык иш кылам (Еврейлер 13:18)» (Ракел, Филиппин).

[9-беттеги кутуча/сүрөттөр]

Чынчыл болгонго жардам берген кеңештер

Иш жүргүзүүнүн эрежелери ар кайсы өлкөдө ар кандай болушу мүмкүн. Бирок чечимди Ыйык Китептеги кеңештерге ылайык чыгаруу акылдуулукка жатат. Чынчылдык менен иш жүргүзүүгө төмөнкү алты кеңеш жардам берет.

Чындыкты айткыла

Кеңеш: «Бири-бириңерге калп айтпагыла» (Колосалыктар 3:9).

Сөзүңөргө тургула

Кеңеш: «„Ооба“ деген сөзүңөр „ообаны“, „жок“ деген сөзүңөр „жокту“ билдирсин» (Матай 5:37).

Ишеничтүү болгула

Кеңеш: «Бирөөнүн сырын ачпа» (Накыл сөздөр 25:9).

Чынчыл болгула

Кеңеш: «Пара алба, анткени пара акылдуулук менен өкүм чыгаргандардын да ниетин бузат» (Чыгуу 23:8).

Адилеттүү болгула

Кеңеш: «Башкалардын өзүңөргө кандай мамиле кылышын кааласаңар, силер да аларга бардык жагынан ошондой мамиле кылгыла» (Матай 7:12).

Мыйзамды бузбагыла

Кеңеш: «Баарына тиешелүүсүн бергиле: салык талап кылганга салык... төлөгүлө» (Римдиктер 13:7).

[9-беттеги кутуча/сүрөттөр]

Дайыма чынчылдык менен иш кылганга эмне жардам берет?

Эмне маанилүү экенин аныктап алгыла. Силер үчүн Кудайга жагуу маанилүүбү же байлык топтоо маанилүүбү?

Алдын ала чечип алгыла. Алдамчылык менен иш кылууга түрткөн кандай жагдайлар болушу мүмкүн экенин ойлонуп, андайда эмне кыларыңарды чечип алгыла.

Чынчыл экениңер башкаларга маалым болсун. Чынчылдык менен иш жүргүзөрүңөрдү кимдир бирөөлөр менен иштеше баштаганда эле сылыктык менен айткыла.

Башкалар менен кеңешкиле. Азгырыкка кабылганда же кандай чечим чыгарышты билбей жатканда силердикиндей көз карашка карманган адамдар менен кеңешкиле.

[8-беттеги сүрөт]

Чынчыл болсоң, жан дүйнөң тынч болот