Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Акылдуу» көз

«Акылдуу» көз

«Акылдуу» көз

● Адамдын көзү абдан кереметтүү жаратылган. Бирок анын керемети башкаларды өзүнө тартып турган сулуулугунда эле эмес, адамдын өзүнө күчтүү таасир эткенинде. Маселен, бир китепте «мээ менен байланышкан бардык нерв талчаларынын 40 пайызы көздүн торчо кабыгы менен» — көздүн ичиндеги ичке, түзүлүшү татаал ткань менен — байланышта экени айтылган («Visual Impact, Visual Teaching»).

Иса Машаяк көздү «дененин чырагы» деп айткан. Сөздөрүнүн маанисин түшүндүрүп, ал: «Эгер көзүң бир эле нерсеге багытталса [таза, жакшы нерсеге багытталса], бүт денең жарык болот. Эгер көзүң жаман нерсеге багытталса, бүт денең караңгы болот»,— деген (Матай 6:22, 23). Муну менен Иса пайгамбар көргөн нерселерибиздин жүрөгүбүздүн түпкүрүндөгү ойлорубузга, сезимдерибизге жана кылган иштерибизге күчтүү таасир этерин айткысы келген. Чынында эле, жакшы ойлор жашообузду «жарык» кылат, жаман ойлор болсо «караңгы» кылат.

Мисалга Иса пайгамбардын Матай 5:28, 29дагы сөздөрүн алалы. Ал жерде: «Аялды кумарлануу менен карай берген ар бир адам жүрөгүндө аны менен ойноштук кылган болот. Ошондуктан сени оң көзүң күнөөгө түртсө, аны оюп алып [каймана мааниде], ыргытып жибер»,— деп жазылат. Бул сөздөр менен ал эмнени айткысы келген? Карама-каршы жыныстагы адамдарды «карай берүү» туура эмес каалоолорду ойготушу мүмкүн. Анан бир күнү болбосо, бир күнү андай каалоосуна жетеленген адам бузуктук кылып, Кудайдын ырайымынан айрылып калышы ыктымал (Жакып 1:14, 15).

Андыктан өзүбүздүн көзүбүздү өзүбүз оюп салгандай кыйын болуп жатса да, кармана билгенибиз жакшы эмеспи! Бир нече мүнөттүк рахат үчүн түбөлүк өмүргө болгон үмүтүбүздөн айрылып калганыбыз кандай гана өкүнүчтүү болмок.

Көзүбүздү «башкара» билбесек, ач көздүк сапаты да өрчүп кетиши мүмкүн. Ошондуктан Ыйык Китепте: «Көз кумары... Атабыздан эмес, бул дүйнөдөн»,— деп эскертилет. «Анын үстүнө, бул дүйнө өзүнүн кумарлары менен кошо жок болот, ал эми Кудайдын эркин аткарган адам түбөлүк жашайт» (1 Жакан 2:16, 17).

Кудайды өтө эле катуу талаптарды коёт деп айтууга болобу? Жок. Анын буйруктарына баш ийүү өзүбүзгө эле пайда алып келет. Ал эми анын принциптерин баркка албоо көйгөйлөрдү жаратып, адамды бактысыз кылат (Галатиялыктар 6:7, 8). Эгер Кудайдын Сөзүндө жазылгандарга, анын ичинде көзүбүздү туура нерсеге багыттоого карата берилген көрсөтмөлөргө кулак каксак, сөзсүз бактылуу болобуз. Иса пайгамбар: «Кудайдын сөзүн угуп, аны аткаргандар бактылуу!» — деп айткан (Лука 11:28). Андан сырткары, Кудайдын сөзүн аткаргандар түбөлүк өмүргө да ээ болушат. Ал эми «көзүн» адеп-ахлаксыздыкты, ач көздүктү өрчүтө турган нерселерге багыттагандар бактысынан да, өмүрүнөн да айрылышат.