Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Байланыштасыңбы?

Байланыштасыңбы?

Байланыштасыңбы?

● Келгиле, XX кылымдын орто чениндеги Кошмо Штаттардын бир айылын элестетели. Ал жакта жашаган Сэм деген бир кишини башкалар техникадан «коркот» деп шылдыңдашат. Элдин баары, Сэмдин өспүрүм балдары да, телефон менен сүйлөшкөнгө кызыгышат. Сэм болсо кызыкпайт. Ал телефон аркылуу туугандары менен байланышса болорун билсе да, аны такыр колдонгусу келбейт. Ал 16 жаштагы кызына: «Мурун адамдар телефону жок эле, бетме-бет сүйлөшүп чер жазышчу эле»,— деп айтат.

Бирок кийинчерээк Сэм оюн өзгөртөт. Ал көп жылдардан бери көрүшө элек адамдары жөнүндө ойлонот. Ошондой эле колу бошобогон туугандарынан, алар менен жолугуп сүйлөшө албагандыктан, алыстап баратканын да сезет. Ал: «Алар менен байланышып туруш үчүн, эл колдонгон техниканы колдонушум керек» — деп ойлонот да, акыры телефон сатып алууну чечет.

Эми 2012-жылды элестетели. Сэмдин небереси Нейтан алыскы бир өлкөгө көчүп кеткен жакын достору Роберто, Анжела менен жаңы эле телефон менен сүйлөшүп бүттү. Нейтан: «Алардын көчүп кеткенине он жыл болуп кетиптир. Убакыттын шуулдап өткөнүн карачы»,— деп таң калат.

Нейтан алыс жакка көчүп кеткен туугандары, достору менен телефон чалышып, сүйлөшүп турчу. Ал ошого эле ыраазы болчу. Эми болсо элдин баары, Нейтандын өспүрүм балдары да башкалар менен байланышып туруш үчүн социалдык тармакты колдонушат.

Башкалар Нейтанды, социалдык тармакты колдонбогону үчүн, элден артта калган деп эсептешет. Нейтан болсо алыстагы туугандарынын үнүн угуп, телефон аркылуу сүйлөшкөндү жакшы көрөт. Ошентсе да ал оюн өзгөртүп, заманга ылайыкташа баштайт. Ал: «Башкалар менен байланышып туруш үчүн, мен да социалдык тармактарга өтүшүм керек окшойт»,— деп ойлонот.

Ал эми биз жөнүндө эмне деп айтууга болот? Баарыбыз эле башкалар менен пикир алышып тургубуз келет (Башталыш 2:18; Накыл сөздөр 17:17). Ошондуктан көптөр азыркы учурда социалдык тармактарды колдонушат. Бирок ал тууралуу эмнелерди билишибиз керек?