Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жылдыздардын «даңкы»

Жылдыздардын «даңкы»

Жылдыздардын «даңкы»

АСМАНДЫН бетин бербей жайнаган сансыз жылдыздарды суктанып караган учурларың болду беле? Жымыңдаган жылдыздардын жаркырап турарын, түсү бири-бириникинен айырмаланарын байкасаң керек. Ыйык Китепте: «Даңкы жагынан жылдыздар да бири-биринен айырмаланат»,— деп бекеринен айтылган эмес (1 Корунттуктар 15:41).

Жылдыздардын бири-биринен айырмаланганынын себеби эмнеде? Эмне үчүн айрымдарынын түсү ак болсо, башкаларыныкы көк, сары же кызыл болот? Алар эмне үчүн жылт-жулт этип, жымыңдап турушат?

Себеби жылдыздардын ядросунда аябай чоң көлөмдөгү энергияны бөлүп чыгарып турган кубаттуу ядролук «меши» болот. Ал «мештен» чыккан энергия жылдыздын сырткы катмарына жетип, мейкиндикке, негизинен, жарык жана инфракызыл нур түрүндө тарайт. Кызыктуусу, ысыгыраак жылдыздардын өңү көк болот, ал эми муздагыраактарыныкы кызыл болот. Анын себеби эмнеде?

Негизи, жарык бул фотон деп аталган майда бөлүкчөлөрдүн агымы же энергия толкундары деп эсептелет. Ысыгыраак жылдыздар энергиясы көбүрөөк фотондорду бөлүп чыгарат. Алардын толкун узундугу кыскараак болот жана спектрдин көк түстөгү сызыгына туура келет. Муздагыраак жылдыздар болсо энергиясы азыраак фотондорду бөлүп чыгарат. Алардын толкун узундугу спектрдин кызыл түсүнүн сызыгына туура келет. Ал эми биздин Күн орто температурадагы жылдыздарга кирет жана көп өлчөмдөгү саргыч жашыл нурларды бөлүп чыгарат. Анда эмне үчүн Күн бизге жашыл болуп көрүнбөйт? Анткени ал толкун узундугу ар кандай болгон башка нурларды да бөлүп чыгарат. Ошондуктан космос мейкиндигинен караганда Күн ак түстө болуп көрүнөт.

Күндү кубулткан Жердин атмосферасы

Биз Күндү Жерди каптап турган атмосфера аркылуу көрөбүз. Анын бизге кандай көрүнгөнү убакыт-саатка көз каранды. Мисалы, чак түштө Күн агыш сары болуп көрүнсө, батып баратканда кызгылт-сары же кызгылт өңгө боёлот. Күндүн өңүнүн өзгөрүп турушуна суунун бууланышы, атмосферадагы газ молекулалары жана башка ар кандай өтө майда бөлүкчөлөр таасир этет.

Жердин атмосферасынын курамынан улам Күндүн көгүлтүр жана кызгылт көк нурлары атмосферага көбүрөөк чачырагандыктан, күн ачык болуп турганда асман көпкөк болуп көрүнөт. Ал эми чак түштө Күндүн түз тийген нурлары сары болуп көрүнөт. Күн батып бараткан кезде болсо анын нурлары атмосферанын калың катмары аркылуу өтүп, жер бетине карата тар бурч менен тие баштайт. Мунун аркасында көк, жашыл нурлары атмосферага тарап кетет да, бизге кызыл нурлары гана жетет. Ошондуктан батып бараткан Күн кээде кыпкызыл же кызгылт күрөң топтой көрүнөт.

Ар кандай түскө боёлгон түнкү асман

Түнкү асмандын кооздугуна суктанууга бизге көзүбүздөгү жарык сезүүчү клеткалар — колбачалар менен таякчалар — жардам берет. Көзгө жарык тийгенде дал ошол клеткалар иштей баштайт. Колбачалар өң-түстү айырмалоого шарт түзөт, бирок караңгыда иштебей калат. Таякчалар болсо өң-түстү айырмалоого катышпайт, бирок жарыкка абдан сезгич келген фоторецепторлор болуп саналат. Ыңгайлуу шарттарда бир таякча атүгүл бир фотонду да сезе алат! Мындай учурда таякчаларыбыз толкун узундугу кыскараак болгон, спектрдин көк түстөгү сызыгына жакыныраак жайгашкан нурду кабыл алат. Ошондуктан куралсыз көз менен караганда жарыктыгы бирдей болгон начар көрүнгөн жылдыздардын арасынан кызыл түстөгүлөрүн эмес, көк түстөгүлөрүн гана көрө алабыз. Бирок азыркы учурда атайын оптикалык аспаптардын жардамы менен андан да көп нерсени көрүүгө болот.

Маселен, жылдыздуу асманды дүрбү же телескоп менен карап, куралсыз көзгө анча көрүнбөгөн асман телолорун, айталы, алыс аралыктагы жылдыздарды, галактикаларды, кометаларды, тумандуулуктарды көрүүгө болот. Анткен менен атмосферанын калың катмарынан улам көп нерсени даана көрүү мүмкүн эмес. Ошондуктан астрономдор Жердин орбитасында айлана турган «Хаббл» телескобун ойлоп таап, аны космоско учурушкан. Анын жардамы менен жарыктыгы абдан начар жылдыздардыкынан он миллиард эсе аз болгон объектилерди да көрүүгө болот. Техниканын ал кереметин колдонуунун натыйжасында укмуштуудай ачылыштар жасалып, космостун тереңиндеги галактикаларды, ошондой эле тумандуулуктарды, башкача айтканда, газдардан жана жылдыздар аралыгындагы чаңдардан турган булуттарды сүрөткө тартуу мүмкүн болгон.

Айта кетчү нерсе, азыркы учурда жерге орнотулган жаңы телескоптор айрым жактардан «Хаббл» телескобунан да ашып түшөт. Алсак, алардын айрым өзгөчөлүктөрүнүн аркасында атүгүл «Хаббл» телескобу менен көрө албаган нерселерди да так-даана көрүүгө мүмкүн болууда. Мисалга Гавайи аралындагы Кек обсерваториясында жайгашкан, дүйнөдөгү эң кубаттуу оптикалык телескоптордун бири «Кек I» телескобун алалы. Анын жардамы менен Сидней университетинде (Австралия) иштеген астроном Питер Татхилл Саманчынын жолу галактикабыздын борборуна жакын жайгашкандай көрүнгөн Жаачы топ жылдызындагы кош жылдыздардын айланасындагы чаң булуттарын көрө алган.

Астрономдор асман мейкиндигине тереңирээк сүңгүп кирген сайын, жаңы жылдыздар менен жаңы галактикалар табылып жатат. Алардын саны канча? Аны бир да киши так айта албайт. Бирок Жаратканыбыз Жахаба Кудай үчүн бул табышмак эмес. Кудай жөнүндө Забур 147:4тө: «Жылдыздарды санап, Алардын баарын атынан атайт»,— делет.

Ышая пайгамбар да ушул сыяктуу сөздөрдү айткан. Андан тышкары, ал Ааламдын Кудайдын чексиз кубаттуулугунун, түгөнгүс энергиясынын аркасында жаралганын айтып, илимий жактан так көз карашты чагылдырган. Ал мындай деп жазган: «Башыңарды көтөрүп, асманды карагыла. Мунун баарын ким жараткан? Ал жылдыздардын кошуунун эсеби боюнча чыгарат, ар бирин атынан атайт. Анын кубаты эбегейсиз, күчү зор болгондуктан, ар бири өз ордунда турат» (Ышая 40:26).

Мындан 2 700 жылдай мурун жашаган Ышая пайгамбар булардын баарын кайдан билген? Албетте, ал аны өзү эле ойлоп таап, жазып койгон эмес. Ал бул сөздөрдү Кудайдын рухунун жетеги менен жазган (2 Тиметей 3:16). Муну менен ал, Ыйык Китепти жазууга катышкан башка пайгамбарлар сыяктуу эле, адам баласы бир да илимий китептен таба албай турган, телескоп менен да көрө албай турган чындыкты — жылдыздарга укмуштуудай кооздук менен даңкты Жараткан Кудай бергенин — айкын кылган.

[12-беттеги кутуча/сүрөт]

Жылдыздар эмнеге жымыңдашат?

Жылдыздардын жылт-жулт этип, кыймылдап тургандай көрүнгөнү, башкача айтканда, жымыңдап турганы атмосферадагы өзгөрүүлөргө байланыштуу болот. Мисалы, бассейндин түбүндө лампочкалар орнотулганын элестетсеңер. Суунун бетин жыбыр толкун каптаганда, алардын жарыгы кандай болуп көрүнөт? Алар, жылдыздар сыяктуу эле, жымыңдагандай көрүнөт. Бирок чоң лампалардын жаркыраганына андай майда толкундар көп деле таасир этпейт. Ошондой чоң лампаларга планеталарды салыштырууга болот. Бирок бул алардын жылдыздардан чоң экенин билдирбейт, алар биздин планетага жакыныраак жайгашкандыктан гана чоңураак көрүнөт.

[13-беттеги кутуча/сүрөт]

Чынында түсү кандай?

Балким, силер космостогу «Хаббл» телескобу менен тартылган галактикалардын, тумандуулуктардын жана жылдыздардын укмуштуудай кооз, түркүн түстүү сүрөттөрүн көргөндүрсүңөр. Бирок, кызыктуусу, алардын түсү чынында андай эмес. Ал сүрөттөр — сүрөт искусствосу менен илимдин шайкештигинен улам жаралган эмгек. Негизи, «Хаббл» телескобу менен тартылган сүрөттөр башында ак-кара түстө болот. Андан кийин ал сүрөттөр ар кандай жарык чыпкалары (светофильтр) аркылуу өткөрүлөт. Астрономдор жана башка адистер заманбап техниканы, компьютердик программаларды колдонуп, ар кандай түстөгү ал сүрөттөрдү кошуп, космостогу объектилердин өңүн, чынында кандай болсо, дал ошондой кылып чагылдырууга аракет кылышат *. Бирок кээде астрономдор кандайдыр бир илимий изилдөө жүргүзүш үчүн кээ бир объектилердин өңүн атайылап өзгөртүшөт.

[Шилтеме]

^ 21-абз. Начар көрүнгөн жылдыздарды түнүчүндө телескоп менен караганыбызда биз, негизинен, өңдү айырмалай албаган, бирок жарыкка сезгич келген клеткалардын, таякчалардын, жардамы менен көрөбүз.

[Сүрөттөр]

Ак-кара

Кызыл

Жашыл

Көк

Үч өңдү кошкондон кийинки сүрөт

[13-беттеги уруксат менен коюлган сүрөт]

J. Hester and P. Scowen (AZ State Univ.), NASA

[12-беттеги сүрөт]

Сыңар мүйүз топ жылдызындагы V838 жылдызы

[12-беттеги сүрөт]

Өз ара аракеттешүүчү Arp 273 галактикалары

[11-беттеги сүрөт]

NASA, ESA, and the Hubble Heritage (STScI/AURA) -ESA/Hubble Collaboration

[12-беттеги сүрөт]

V838: NASA, ESA, and H. Bond (STScI); Arp 273: NASA, ESA, and the Hubble Heritage Team (STScI/AURA)