Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Коркуу неврозунан кыйналгандарга кантип жардам берсе болот?

Коркуу неврозунан кыйналгандарга кантип жардам берсе болот?

Коркуу неврозунан кыйналгандарга кантип жардам берсе болот?

«Туруп-туруп эле жүрөгүм лакылдап, муздак тер басып, демим кыстыга баштайт да, өзүнчө эле коркуп, бир нерседен кооптонуп, оюмду топтой албай калам» (Изабелла, 40 жаштарда. Катуу коркунуч менен коштолгон невроздон кыйналып келет).

«КОРКУУ» деген сөзгө «кыжалат болуу же тынчы кетүү» деген да аныктама берсе болот. Мисалы, алдыңардан кабанаак ит чыга калып, коркуп кеткен учуруңар болгон болушу керек. Адатта, ит кетип калгандан кийин, көбүбүз коркпой калабыз. Бирок андан кийин деле корко бере турган болсоңорчу? Андай коркуу сезимин психикалык бузулуу деп эсептесе болобу?

Эгер коркуу сезими өнөкөткө айланып, эч кандай себеби жок эле пайда боло берсе, бул адамдын психикасынын бузулушуна байланыштуу болушу мүмкүн. АКШдагы Психикалык саламаттыкты сактоо боюнча улуттук институттун билдирүүсүнө ылайык, 18 жаштан өйдө курактагы америкалыктардын арасында коркуу сезиминен арыла албай кыйналгандардын саны жыл сайын болжол менен 40 миллионго жетет. Жогоруда сөздөрү келтирилген Изабеллага окшоп, андай оору менен ооругандар катуу азап чегишет.

Андан тышкары, ооруган кишинин өзү эле эмес, үй-бүлөсү да кыйналат. Бирок андай адамдарга жардам берсе болот. Жогоруда айтылып өткөн институт тарабынан чыгарылган бир адабиятта: «Бүгүнкү күндө коркуу сезиминен улам кыйналгандарды дарылоонун жакшы жолдору бар жана жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн натыйжасында андай кишилерге толук кандуу жашоо өткөрүүгө жардам бере турган дарылоонун жаңы ыкмалары табылып, колдонулууда»,— деп жазылган.

Андан тышкары, коркуу сезиминен арыла албай кыйналгандарга үй-бүлөсү, достору да жардам бере алат. Кантип?

Кантип жардам берсе болот?

Жөлөк-таяк болгула. Жалпы коркунуч неврозунан жана травмадан кийинки психикалык бузулуунун айынан кыйналган Моника деген бир аял: «Көптөр менин эмоциялык абалымды түшүнбөйт»,— деп айткан.

Ошондуктан андай оору менен ооругандар башкалар түшүнбөйт деп коркуп, өзүнүн оорусун жашырганга аракет кылышат. Натыйжада өздөрүн күнөөлүү сезип, эмоциялык абалын ого бетер оордотуп алышат. Андыктан үй-бүлөсү менен досторунун андай кишиге жөлөк-таяк болуп, жардам бергени абдан маанилүү.

Оорусу жөнүндө көбүрөөк билгенге аракет кылгыла. Бул кеңешке, өзгөчө, оорулуу кишинин жакындары, үй-бүлөсү, жакын достору олуттуу карашы керек.

Жубатып, соороткула. Биздин замандын биринчи кылымында жашаган Кудайга кызмат кылган Пабыл деген бир киши Грециянын Тесалоника деген шаарындагы досторуна: «Мындан ары да бири-бириңерди кубаттандырып, бекемдей бергиле»,— деп жазган (1 Тесалоникалыктар 5:11). Ооруп жаткан адамды биз жылуу сөзүбүз менен кубаттандырып, соорото алабыз. Андайда сөздөрүбүзгө, аларды кандай тон менен айтканыбызга көңүл бурганыбыз абдан маанилүү. Ошондой эле ага чындап тынчсызданып жатканыбыз көрүнүп турушу керек. Анын жүрөгүн оорутуп, катуу тие турган сөздөрдү кыйытып айтуудан да сак болушубуз керек.

Мисалы, Аюп пайгамбардын үч досун алалы. Алар аны жашыруун кылган иштери үчүн азап чегип, кыйналып жатат деп ырасташкан.

Алардай болбош үчүн, оорудан кыйналып жүргөн жакыныңардын сезимдерине аяр мамиле кылып, анын айткандарын кунт коюп уккула. Жагдайга өзүңөрдүн эмес, анын көз карашы менен карап көрүп, аны түшүнгөнгө аракет кылгыла. Ошондой эле жыйынтык чыгарууга шашпагыла. Өздөрүн Аюп пайгамбардын досубуз деп эсептеген алиги үчөө ошентпегени үчүн, Аюп пайгамбар аларды «азабымды арбыткан сооротуучулар» деген. Себеби алар аны сооротпой эле, кайра абалын оордотушкан (Аюп 16:2).

Оорусу бар киши өзүнүн сезимдерин кысылбай, эркин айтып бере алгыдай болушуңар керек. Ошондо гана анын абалын, канчалык кыйналарын жакшыраак түшүнө аласыңар. Андан да маанилүүсү, ал кишиге дем-күч берип, чөгүп кетпей, жашоодон кубаныч алууга жардам бере аласыңар.

[25, 26-беттердеги кутуча/сүрөт]

Коркуу неврозунун түрлөрү

Эгер жакындарыңардын же досторуңардын бири коркуу неврозунан кыйналып жүргөн болсо, ал оору жөнүндө көбүрөөк билгениңер абдан маанилүү. Андай психикалык бузулуунун беш түрүн карап көрөлү.

Катуу коркунуч менен коштолгон невроз. Ушул макаланын башында айтылган Изабелланы эстесеңер. Ал, катуу коркунуч менен коштолгон невроз ага «чабуул» койгон учурларда эле эмес, андай «чабуулдардын» ортосунда да кыйналарын айткан. Ал: «Оорум кармабаган учурда деле эмкиси качан башталат деп дайыма коркуп жүрөм»,— дейт. Ошондуктан невроздун ушул түрү менен ооругандар көбүнчө оорусу кармаган жерлерден да качып калышат. Айрымдар атүгүл ошонун айынан үйүнө камалып, эч жакка чыкпай калышат же андай жерлерге ишенген бирөө коштоп жүргөндө гана бара алышат. Изабелла муну мындай деп түшүндүрөт: «Жалгыз калдым дегиче эле, оорум кармайт. Апам жанымда болгондо гана коркпойм. Ал жок жүрө албайм».

Жадатма невроз. Мындай оору менен ооруган адамга, мисалы, «микроб жугузуп алдым же кир болуп калдым» деген ой илээшип алат да, андай адам утур-утур эле колун жууй бергенге мажбур болот. Ушундай невроздун дагы бир түрү менен ооруган Рейнан деген бир киши: «Мен кетирген ката-кемчиликтеримди эстеп, аларды тигиндейинен да, мындайынан да кайта-кайта талдай берем»,— дейт. Жадатма невроздон кыйналгандар адатта өзүнүн каталары жөнүндө башкаларга айта беришет. Рейнан да ошенте бергендиктен башкалардын аны кайра-кайра жубатып, жылуу-жумшак сөздөрдү айтып, көңүлүн тынчытып турушуна муктаж. Андан тышкары, ага доктурларга барып, дарыланып турганы да жардам берет *.

Травмадан кийин өрчүгөн невроз. Акыркы учурларда мындай диагнозду кандайдыр бир катуу жаракат алган же ошондой коркунучту туудурган жагдайга туш болгон адамдын психикасынын бузулганын көрсөткөн белгилерди сүрөттөгөндө колдонушууда. Невроздун ушул түрүнөн кыйналгандар көп чочушу, тез эле кыжырданышы, эч нерсеге көңүлү жок болуп калышы, мурун кызыккан нерселерине таптакыр кызыкпай калышы, ошондой эле жакындарына кайдыгер карап калышы ыктымал. Айрымдары болсо ачуулуу болуп, атүгүл башкаларга кол көтөрүшү мүмкүн. Андан сырткары, алар алган травмасын эсине сала турган жагдайлардан качканга аракет кылышат.

Көпчүлүктөн коркуу (Социофобия). Мындай диагноз күндөлүк турмуштагы кадимки эле жагдайларда элдин арасында жүрө албаган, өтө эле уяң адамдарга коюлат. Алардын айрымдары башкалардын караганынан, көңүл бурганынан же сындаганынан абдан коркушат. Эл көп жерге бара турган болсо бир нече күн же жума мурун эле ошону ойлоп, тынчсыздана башташат. Ушунчалык катуу корккондуктан аларга жумушка же мектепке баруу же ушу сыяктуу кадимки эле күндөлүк иштерди кылуу абдан кыйынга турат. Ошондой эле аларга бирөөлөр менен достошуп, дос күтүү да оңойго турбайт.

Жалпы коркунуч неврозу. Буга чейин айтылган Моника невроздун ушул түрү менен ооруйт. Ал эртеден кечке кымындай эле бир нерсеге же атүгүл эч кандай себепсиз эле катуу тынчсыздана берет. Мындай невроз менен ооругандар көбүнчө кандайдыр бир кырсыкты күтүп корко беришет, ошондой эле ден соолугун, акча маселесин, үй-бүлөсүндөгү же жумушундагы кыйынчылыктарын ойлоп, өтө эле тынчсыздана беришет. Жаңы күн башталды деген ойдун өзү эле андай адамдардын коркуп-кооптонушуна себеп боло берет *.

[Шилтемелер]

^ 19-абз. «Ойгонгула!» журналы дарылануунун кандайдыр бир белгилүү бир түрүн жактабайт.

^ 22-абз. Бул макала АКШдагы Коомдук саламаттыкты сактоо департаментиндеги Психикалык саламаттыкты сактоо боюнча улуттук институт тарабынан чыгарылган адабиятка негизделди.

[24-беттеги сүрөт]

Алар сооронучка муктаж