Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мактоо эмне үчүн маанилүү?

Мактоо эмне үчүн маанилүү?

Ыйык Китепте эмне делет?

Мактоо эмне үчүн маанилүү?

КӨПТӨР алардын аракетин эч ким байкабайт деп ойлошот. Мисалы, жумушчуларга алардын эмгеги көз жаздымда калып жаткандай сезилет. Көптөгөн жубайларга да өмүрлүк жары аларды баалабагандай сезилет. Айрым балдар болсо эч качан ата-энемдин оюндагыдай бала боло албайм деп ойлошот. Башкаларды жана жакындарыбызды мактап турсак, эч кимибизде мындай сезим болмок эмес.

Азыр башкаларды чын дилден мактаган кишилерди чанда гана жолуктурасың. Бул таң калыштуу деле эмес, себеп дегенде Ыйык Китепте «акыркы күндөрдө өзгөчө оор мезгилдин келери», адамдардын «өзүн өзү сүйгөн,.. жакшылыкты билбеген, ишенимсиз» болору айтылган (2 Тиметей 3:1, 2).

Силерди кимдир бирөө чын жүрөктөн мактаганы эсиңердеби? Андайда көңүлүң көтөрүлүп, канат байлап каласың. Ыйык Китепте: «Өз убагында айтылган сөз кандай жакшы!» — деп айтылат (Накыл сөздөр 15:23). Ал китепте жазылгандар бири-бирибизге жакшы мамиле кылганга жардам берет.

Жакшы сапаттарды көрө билгиле

Биз Кудайдын алдында аябай баалуу болгондуктан, ал жакшы сапаттарыбызды, иштерибизди байкайт жана абдан баалайт. Бул жөнүндө Ыйык Китепте: «Жахаба өзүнүн күчүн ага бүт жүрөгү менен берилген адамдарга жардам бергенге колдонуш үчүн бүт жер жүзүн карап турат»,— делет (2 Жылнаама 16:9). Ырас, Кудайды жакшы көрөрүбүздү көрсөтүп, анын мыйзамдары боюнча иш кылганыбызда, ал муну сөзсүз байкайт.

Жахаба Кудай жаман жактарыбызга эле көңүл бура бербейт. Эгер ошентсе, эч кимибиз туруштук бере алмак эмеспиз (Забур 130:3). Жахаба Кудайды топурак-таштын арасынан кымбат баалуу асыл таш издеген кишиге салыштырсак болот. Ал киши аны тапканда кубанычы койнуна батпай сүйүнөт. Табылган асыл таш текши, жылмакай болбогондуктан, башында баалуу деле көрүнбөйт. Бирок аны тапкан киши андан аябай кооз зер буюмдарды жасаса болорун билет. Анын сыңарындай, Кудай да биздин жүрөгүбүздү изилдегенде жаман сапаттарыбызга эмес, жакшы сапаттарыбызга көңүл бурат. Жакшы сапаттарыбызды көргөндө ал абдан сүйүнөт. Ошондой эле ал сапаттарыбызды «тазалап», «жылмаласа», бизден ишенимдүү, берилген кызматчы чыгарын жакшы билет.

Биз башкалардын жаман жагын көргөнгө жакын келебиз. Андыктан Жахаба Кудайды туураганыбыз маанилүү. Эгер башкаларга Кудай карагандай карасак, алардын жакшы сапаттарын көргөнгө аракет кылабыз (Забур 103:8—11, 17, 18). Ал эми башкалардын жакшы сапаттарын байкасак, аларды чын дилден мактай алабыз. Бул аларга кандай таасир этет? Биздин сөздөрүбүз аларды сергитип, андан ары да жакшы иштерди кыла бергенге дем-күч берет. Бул өзүбүзгө да кубаныч тартуулайт (Элчилер 20:35).

Жакшы иштерди байкагыла

Иса пайгамбар да башкалардын жакшы иштерин байкай билчү. Бир жолу оорулуу бир аял анын сырт кийимине колун тийгизип, оорусунан айыкканда, Иса пайгамбар аны ишеним менен иш кылганы үчүн мактап: «Кызым, сени ишенимиң айыктырды»,— деген (Марк 5:34).

Дагы бир жолу ал Иерусалимдеги ибадатканада элди окутуп жатып, казына идиштерине акча салып жаткан көптөгөн бай кишилерди байкап отурган. Анан колунда жок бир жесир аялдын «наркы өтө төмөн эки тыйын» салганын көргөн. Башкалар ага караганда көп акча салышкан. Бирок Иса пайгамбар ал аялды эки тыйынды чын жүрөктөн тартуу кылганы үчүн элдин алдында мактап, мындай деген: «Силерге айтып коёюн, бул жесир аял жарды болгонуна карабай баарынан көп салды. Анткени тигилердин баары өздөрүнөн артканды салышты, ал эми бул аял, өзү муктаж болуп турса да, колунда болгондун баарын салды» (Лука 21:1—4).

Биз Иса пайгамбарды кантип туурай алабыз? Ыйык Китепте: «Колуңан келип турганда, муктаж болгондордон жакшылыгыңды аяба»,— делет (Накыл сөздөр 3:27).

Мактоо дем-күч берип, канат байлатат

Жакшылыкты билбеген адамдардын айланасында жашап жаткандыктан, бири-бирибизди мактап, баалай турганыбызды билдирип турганыбыз маанилүү. Кимдир бирөөнү чын жүрөктөн мактаганыбызда, анын көңүлү көтөрүлүп, бекемделип калат. Ошондой эле андан ары да жакшы иштерди кыла бергенге түрткү алат (Накыл сөздөр 31:28, 29).

Ыйык Китепте: «Сүйүүгө жана жакшы иштерге үндөө үчүн бири-бирибизге көңүл бөлөлү»,— деген кеңеш берилет (Еврейлер 10:24). Бири-бирибизге көңүл буруп, жакшы сапаттарыбызды, жакшы иштерибизди байкай билсек, дүйнө таптакыр башкача болмок. Чынында эле, мактоо дем-күч берип, канат байлатат!

ОЙЛОНУП КӨРДҮҢӨР БЕЛЕ?

● Бири-бирибизди жакшы иштерибиз үчүн эмне себептен макташыбыз керек? (Накыл сөздөр 15:23).

● Жахаба Кудай биздин кандай сапаттарыбызга көңүл бурат? (2 Жылнаама 16:9).

● Башкаларды качан мактасак болот? (Накыл сөздөр 3:27).

[27-беттеги сүрөт]

Башкалардын жакшы иштерин байкап, мактайсыңбы?