Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Пилдин тумшугу

Пилдин тумшугу

Өзүнөн өзү пайда болгонбу?

Пилдин тумшугу

● Учурда инженерлер колдун функциясын аткарган роботту мурункудан да ийилчээк, кыймылдуу кылып, анын иштешин жакшыртууда бир топ ийгиликтерге жетишишти. Жасалма колду жакшыртуу проектисинин үстүнөн иштеген компаниянын башчысы ал «колдун» «азыркы кездеги өнөр жайлардагы автоматташтырылган механизмдердин кайсынысынан болбосун ашып түшөрүн» айткан. Инженерлер андай идеяны кайдан алышкан? Компаниянын башчысы аларга «пилдин тумшугунун түзүлүшүн изилдөө жардам бергенин» айткан.

Көңүл бурсаңар: салмагы 140 килограммга жеткен пилдин тумшугун «жер бетиндеги эң ийилчээк, эң пайдалуу шайман» деп коюшат. Көп функциялуу ал «шайман» мурундун да, суу ичкенге ылайыктуу түтүктүн да, колдун да, манжанын да ролун аткарат. Пил ошол тумшугу менен дем алат, жыт сезет, суу ичет, бир нерсени көтөрөт, атүгүл кулак тундура «сурнай» тартат.

Бирок анын ролу ушу менен эле чектелип калбайт. Пилдин тумшугунда 40 000дей булчуң жипчелери бар болгондуктан, пил тумшугун каалагандай бура алат. Ал тумшугунун учу менен жерден майда тыйынды ала алат. Ошол эле тумшугу менен салмагы 270 килограммга чейин жеткен жүктү да көтөрө алат!

Инженерлер пилдин тумшугунун түзүлүшүнүн өзгөчөлүктөрүн изилдөө үй тиричилигинде да, өнөр жайларда да колдонула турган эң мыкты роботторду ойлоп табууга жардам берет деп үмүттөнүшүүдө. Жогоруда айтылган компаниянын дагы бир адиси: «Биз кадимки роботтордон кыйла айырмаланган жаңы жардамчы-роботту жараттык. Мунун аркасында адамдар менен роботтордун чогуу иштеши, мурункудан айырмаланып, натыйжалуу да, ошол эле учурда коопсуз да болуп калды»,— деп белгилеген.

Кандай деп ойлойсуңар? Пилдин тумшугу эволюция жолу менен пайда болгонбу же Жараткандын колунан бүткөнбү?