Социалдык тармактарга байланыштуу эске алчу төрт нерсе
Социалдык тармактарга байланыштуу эске алчу төрт нерсе
Негизи эле, Интернетти, социалдык тармактарды колдонууда сак болуш керек *. Эмесе, кайсы жактардан сак болуш керектигин көрсөткөн төмөнкү суроолорго токтололу.
1 Социалдык тармактар жана өзүң жөнүндөгү купуя маалыматтар
«Көп сүйлөгөн күнөөгө батпай койбойт, ал эми тилин тыя билген эстүүлүк кылат» (Накыл сөздөр 10:19).
Эмнени билишиң керек? Этият болбосоң, өзүң жөнүндө жазган маалыматыңдан, сүрөттөрүңдөн, досторуңа жазгандарыңдан же комментарийлериңден чоочун бирөөлөр көп нерсени, мисалы, каякта жашаарыңды, качан үйдө болоруңду, каякта иштээриңди же окууруңду оңой эле билип алышы мүмкүн. Алсак, «эртең өргүүгө кетип жатабыз» деп жазып койсоң, ууруну үйгө өзүң чакыргандай эле болосуң.
Андан тышкары, кошумча маалыматтарды, маселен, электрондук дарегиңди, туулган күнүңдү же телефон номуруңду жазып койсоң, сага кимдир бирөөлөр тийишип, тынчыңды алып, коркутуп-үркүтүп, атүгүл жеке маалыматыңды уурдап алып, аны өз кызыкчылыгына колдонуп коюшу мүмкүн. Анткен менен көптөр социалдык тармактагы веб-барагына ушундай маалыматты ачык эле жаза беришет.
Социалдык тармактарды колдонгондордун көбү өздөрү жазган маалыматтардын башкаларга тарап кетерин унутуп калышат. Алар «досторум үчүн гана» деген тизмедеги адамдар менен кат алышкан күндө да, ал досторунун алар жазган маалыматты андан ары кандай колдонорун көзөмөлдөй алышпайт. Чынында эле, социалдык тармактагы веб-баракка жазылгандарды көпчүлүк окуй аларын же башкалар аны көпчүлүккө маалым кылып коё аларын эске алуу керек.
Эмне кылсаң болот? Жазган маалыматтарың элдин баарына маалым болбой купуя бойдон калыш үчүн эмне кылыш керектигин жакшылап билип ал. Жазгандарыңды, сүрөттөрүңдү өзүң жакшы билген, ишенген адамдарың гана окуп-көрө ала тургандай кылып кой.
Ошенткен күндө да аларды досторуң эле эмес, башкалар да окуй алышы мүмкүн экенин унутпа. Веб-барагыңды дайыма текшерип тур: кайсы бир маалыматыңды уятсыз адамдар өз кызыкчылыгына колдонуп койбойбу же сенин кайсы жакта экениңди билип албайбы, ойлонуп көр. Өзүң же башка бирөө жөнүндө купуя маалыматты атүгүл досторуңа жазуудан сак бол (Накыл сөздөр 11:13). Кандайдыр бир купуя маалыматты айтыш керек болуп жатса, ал киши менен башка жол менен байланыш. Камерон деген бир кыз: «Купуя маалыматтарды телефон аркылуу айткан алда канча коопсузураак»,— дейт.
Кандай жыйынтык чыгарса болот? «Өзүңдүн „каякта“ жүргөнүңдү унутпасаң, веб-барагыңа купуя маалыматыңды эч качан жазбайсың. Балээни башыңа үйөсүңбү, үйбөйсүңбү, өзүңдөн»,— дейт Кимми деген бир кыз.
2 Социалдык тармактар жана убактың
«Эмне маанилүүрөөк экенин баамдагыла» (Филипиликтер 1:10).
Эмнени билишиң керек? Социалдык тармактарды колдонуу көп убакытты алып, маанилүү иштерден алаксытышы ыктымал. Кей деген бир кыз бул туурасында мындай дейт: «Кат жазышкан кишилериң канчалык көп болсо, ошончолук көп убакыт кетет. Ошентип отуруп баш-отуң менен кирип кетесиң». Учурунда социалдык тармактардын желесине чырмалып калгандардын айткандарына көңүл буралы.
«Социалдык тармактардан чыгуу абдан кыйын. Киргиң келбесе деле кире берип, эси-дартыңдын баары ошол болуп калат» (Элиза).
«Социалдык тармактарда досторуңдун жазгандарынан тышкары, кызыктуу толгон-токой нерселер: оюндар, ар кандай тесттер, жакшы көргөн ырчыларыңдын ырлары бар» (Блейн).
«Ага киргенде айлампага түшүп, сорулуп бараткандай эле болосуң. Убакыттын учуп жатканын билбей отура бересиң. Анан апаң жумуштан келип: „Идиштерди дагы эле жууй элексиңби?“ — дегенде гана эсиңе келесиң» (Анна-Лиза).
«Мен мектептен үйгө кеткиче шашчумун. Үйгө келерим менен ким эмне деп жазды экен деп жанталышып веб-барагымды ачып, жазгандардын баарына жооп берип, жаңы сүрөттөрдүн баарын көрүп чыкчумун. Ошол учурда өзүнчө эле кыжырлана берчүмүн, анткени башкалардын алаксытканын аябай жаман көрчүмүн. Кээ бир тааныштарым социалдык тармактардан дээрлик чыгышпайт: алар атүгүл бирөөлөрдүкүнө барганда да, социалдык тармактарга киришет. Анан дагы үйүнө келип алып түнгө чейин кат жазышат» (Меган).
Эмне кылсаң болот? Өткөн убакыт кайра кайрылып келбейт. Андыктан акчаны үнөмдөш үчүн бюджет түзгөндөй эле, убакытты туура колдонуш үчүн да «бюджет» түзүп ал. Алгач, социалдык тармакка канча убакыт бөлөрүңдү жазып ал. Анан бир айдын ичинде ошого канчалык кармана алганыңды байкап көр. Зарыл болсо, «бюджетиңди» кайра карап чык.
Өспүрүм балдардын убактысынын көбүн социалдык тармактарга кетирип жатканы ичинен бир нерсеге бушайман болуп жүргөнүнүн белгиси болушу мүмкүн. Ненси Виллард деген жазуучу өзүнүн китебинде социалдык тармактарды көбүнчө жан дүйнөсү тынч эмес, стресске кабылган, өзүн-өзү сыйлоо сезими төмөн өспүрүмдөр колдонорун белгилеген. Ал: «Көп өспүрүмдөр башкалар алар жөнүндө кандай ойдо экенине көп маани беришет. Эгер алардын өзүн-өзү сыйлоо сезими социалдык тармак аркылуу канчалык көп киши менен кат алышарынан көз каранды болсо, анда алар социалдык тармакка байланып калышы мүмкүн»,— деп жазган («Cyber-Safe Kids, Cyber-Savvy Teens»).
Социалдык тармактардын же дагы башка ушу сыяктуу нерселердин үй-бүлөңдөгүлөр менен болгон ынак мамилеңди бузушуна эч качан жол бербе. Дон Тапскотт деген бир жазуучу өзүнүн китебинде: «Интернеттин бир кызык жери: алыста жүргөндө жакын адамдарыңды жакындатып коёт да, жаныңда жүргөндө алыстатып салат»,— деп жазган («Grown Up Digital»).
Кандай жыйынтык чыгарса болот? Эмили деген кыз мындай дейт: «Социалдык тармактын бир жакшы жери, ал аркылуу башкалар менен дайыма байланышып тура аласың. Бирок, ар бир нерсенин чеги болгондой эле, аны колдонуунун да чеги болушу керек».
3 Социалдык тармактар жана аброюң
«Жакшы ат көп байлыктан артык, урмат-сый күмүш менен алтындан артык» (Накыл сөздөр 22:1).
Накыл сөздөр 20:11; Матай 7:17). Бирок көптөр мындай коркунучту этибарга албай калат көрүнөт. «Социалдык тармакка киргенде көптөр эмнегедир көп нерсени эске албай калышат. Кээ бирөөлөр демейде айтпаган сөздөрдү жазышат. Алар бир эле жолу жазган орунсуз сөзү менен жакшы атын биротоло булгап аларын эстен чыгарып коюшат»,— дейт Ракел деген бир кыз.
Эмнени билишиң керек? Сак болбосоң, социалдык тармакка жазгандарыңдан улам жаман атка конуп калышың мүмкүн (Чынында эле, эгер аброюңду түшүрүп алсаң, кесепетин көпкө чейин тартышың мүмкүн. Жогоруда айтылып өткөн Дон Тапскоттун китебинде: «Интернетке жазгандарынан улам көптөр жумушунан айрылышкан же ошонусу үчүн аларды жумушка албай коюшкан. Ушундай учурлар аябай көп болот»,— делет.
Эмне кылсаң болот? Социалдык тармактагы веб-барагыңа башка бирөөнүн көз карашы менен карап көрүп, булар жөнүндө ойлонуп көр: «Башкалар мен жөнүндө эмне деп ойлоп калышы мүмкүн? Салган сүрөттөрүмдү көрүп, мени кандай адам деп элестетишет? Жеңил ойлуу же карама-каршы жыныстагыларга жакын адамдайбы? Көңүл ачканды өтө эле жакшы көргөндөйбү? Эгер жумушка орношкону жатсам, жумуш бере турган киши веб-барагыма кирип, мен жөнүндө ушундай ойдо калып калбайбы? Бул сүрөттөрдөн менин Кудайдан корккон адам экеним көрүнүп турабы?»
Эгер өспүрүм болсоң: «Ата-энем, мугалимим же мен сыйлаган улуураак бирөө веб-барагыма кирсе, кандай ойдо болот? Аларга ал жердеги сүрөттөрүмдү же жазгандарымды көрсөткөндөн уялат белем?» — деп ойлонуп көр.
Кандай жыйынтык чыгарса болот? Аброюңду сактагың келсе, Кудайдын кызматчысы элчи Пабылдын: «Адам эмнени сепсе, ошону орот»,— деген сөздөрүн эсиңден чыгарба (Галатиялыктар 6:7).
4 Социалдык тармактар жана досторуң
«Акылдуулар менен достошкон акылдуу болот, ал эми акылсыздар менен мамилелешкен зыян тартат» (Накыл сөздөр 13:20).
1 Корунттуктар 15:33). Ошондуктан социалдык тармактар аркылуу кимдер менен байланышып жатканыңа көңүл бур. Досторду туура тандай бил. Айрымдар жүздөн ашык кишини, анча-мынча эле тааныган же таптакыр тааныбагандарды да, «досторум» деген тизмеге кошуп коюшат. Бирок алардын баары эле жакшы киши болбошу мүмкүн. Буга байланыштуу айрымдардын эмне дегенине көңүл буралы:
Эмнени билишиң керек? Кимдер менен дос болгонуң ой жүгүртүүңө, жүрүм-турумуңа сөзсүз таасир этет («„Досторуңа“ кошуп коюшуңду суранган ар бир эле кишини ылгабай кошо берсең, сөзсүз бир балээге кабыласың» (Анна-Лиза).
«Көптөр „досторунун“ тизмесине кошууну сурангандарды алардын көңүлүн кыя албаганы үчүн эле, өздөрү каалабаса да, кошуп коюшат» (Лианна).
«Башкалар менен социалдык тармак аркылуу байланышуу кадимки эле мамилелешүүгө окшош. Ошондуктан кимдир бирөө менен байланышып жатканда абайлашың керек» (Алексис).
Эмне кылсаң болот? Кимдерди «досторум» деген тизмеңе кошоруңду алдын ала чечип ал. Мисалы, айрымдар өздөрү жакшы билген адамдар менен гана байланышууну чечишкен *.
«Мен „досторума“ өзүм билген адамдарды, жөн эле тааныган эмес, жакшы билгендеримди гана кошом» (Жейн).
«Мен көптөн бери достошуп жүргөн адамдар менен гана кат алышам. Чоочундарды такыр жолотпойм» (Моника).
«Мен жакшы тааныгандарды жана мен карманган нормаларга карманат деп билгендеримди гана „досторума“ кошом» (Рае).
«Эгер тааныбаган бирөөлөр менден „досторум“ деген тизмеге кошуп коюшумду суранса, андайларга жооп бербей коюу мен үчүн кыйын деле эмес. Мен мени менен кат жазышып жүргөндөрдүн баарын билем жана алар менен Интернет аркылуу эле эмес, мындай да досмун» (Мария).
«Эгер кимдир бирөөнүн салган сүрөттөрү же жазган сөздөрү жакпай калса, аны менен болгон байланышымды дароо үзөм. Андай жаман сүрөттөргө көз жүгүртүп коюунун өзү эле адамга терс таасир этет деп ойлойм» (Кимми).
«Мурда социалдык тармакты колдонуп жүргөндө веб-барагымдагы купуя маалыматтарымды чоочун бирөөлөр көрө албагыдай кылып тууралап койчумун. Мисалы, досторумдун досторун жакшы тааныбагандыктан, кандай адам экенин билбегендиктен жазгандарымды же сүрөттөрүмдү алар көрө албагыдай кылып койчумун. Аларды жакын досторум эле көрө алчу» (Хетер).
Кандай жыйынтык чыгарса болот? Гвен Шургин О’Кифф деген бир жазуучу өзүнүн китебинде: «Негизи, өзүң жакшы тааныган адамдар менен гана кат алышып туруудан же бетме-бет көрүшүп туруудан өтөрү жок»,— деп жазган * («CyberSafe»).
[Шилтемелер]
^ 2-абз. «Ойгонгула!» журналы социалдык тармактардын кайсы бир түрүн жактабайт же аларды колдонбогула деп үндөбөйт. Жахабанын Күбөлөрү Интернетти колдонууда Ыйык Китептеги принциптерди бузуудан сак болушу керек (1 Тиметей 1:5, 19).
^ 35-абз. Бул макалада жумуш боюнча эмес, кокусунан байланышкандар жөнүндө сөз жүрүп жатат.
^ 42-абз. Социалдык тармактар тууралуу көбүрөөк маалымат алыш үчүн «Ойгонгула!» (ор.) журналынын бул сандарын карагыла: 2011-жыл, июль, 24—27-беттер; 2011-жыл, август, 10—13-беттер.
[8-беттеги кутуча]
Жапканды унутпа!
Эгер веб-барагыңды жаппай чыгып кетсең, сен жокто чоочун бирөөлөр кирип, каалаганын жазып коюшу мүмкүн. Роберт Вильсон деген бир юристтин айтымында, бул «акча салган капчыгыңарды же телефонуңарды эл көп жерге таштап кеткенге окшош. Анын сыңарындай, веб-барагыңарды жаппай кетсеңер, көрүнгөндүн баары кирип, өз билгенин жазып коюшу мүмкүн». Ошондуктан ал веб-баракты дайыма жаап жүрүүнү кеңеш кылат.
[8-беттеги кутуча]
Ойлонуп иш кыл!
Бир сурамжылоодон социалдык тармакты колдонгондордун көбү «үй тоногондордун, жеке маалыматтарды уурдагандардын, аңдып жүрүп, кол салгандардын оңой олжосу болуп калышы ыктымал экени айкын болгон. Мисалы, социалдык тармакты колдонгондордун 15 пайызы каякта жүргөнүн же кайсы жакка сапар тартканы жатканын жазышкан; 34 пайызы туулган күнүн толугу менен жазышкан, ал эми балдары менен үйдө отургандарынын 21 пайызы балдарынын аты-жөнүн жазып, сүрөттөрүн салышкан» («Consumer Reports»).