Тарыхта аты калган адам
Тарыхта аты калган адам
● Сен элдин эсинде кандай киши катары калгың келет эле? Башкалар сени ойлогондо дароо эле кандай өзгөчөлүгүңдү эстешет? Көптөр тарыхта аты калышы үчүн илим, саясат, спорт жана искусство тармагында чоң жетишкендиктерге жетүүгө умтулушат. Бирок көптү билүүгө ынтызар болуп, суроолоруна жооп издегени менен да тарыхта аты калган адамдар болгон.
Маселен, беш жүз жыл мурун Борбордук Америкада жашаган бир киши көп нерсени билгиси келип, көп суроолорду берген. Никарао деген ал киши уруу башчысы болгон. Сыягы, Никарагуа өлкөсүнүн аталышы ошол кишинин атынан келип чыккан. Кийин анын уруусу да, ал жашаган жер да, көл да анын атынан аталып калган.
Никараонун уруусу Тынч океан менен Никарагуа көлүнүн ортосундагы жер тилкесинде жашачу. Христофор Колумб жаңы дүйнөнү ачкандан көп өтпөй, ал жакка испаниялык саякатчылар барышкан. Капитан Хиль Гонсалес де Авила өзүнүн аскери менен азыркы Коста-Риканын түндүгүн көздөй жүрүп отуруп, б.з. 1523-жылы Никараонун жерине кирип барат.
Тааныш эмес жерди кыдыруу алар үчүн канчалык кызыктуу болгонун элестетсеңер. Алар уруу башчысы Никарао менен жолукканына да аябай кубанышса керек. Анткени жергиликтүү калк аларга кымбат баалуу белектерди жана көп алтын берип тосуп алышкан. Никарагуалыктар азыр деле марттыгы менен белгилүү.
Никарао көптөн бери жүрөгүн өйүп жүргөн суроолоруна жооп алгысы келген. Испаниялыктардын келиши менен анда жаңы суроолор пайда болгон. Жылнаамачылардын жазгандарына ылайык, ал капитан Гонсалеске мындай суроолорду берген:
«Жер жүзүндөгү адамдардын, жаныбарлардын баарын жок кылган Топон суу жөнүндө уктуңар беле? Кудай кайра жерге Топон суу каптатабы? Адам өлгөндөн кийин эмне болот? Күн, ай, жылдыздар кантип жылат? Аларды асманда эмне кармап турат? Алар бизден канчалык алыс? Алар жарык бербей калышы мүмкүнбү? Шамал каяктан чыгат? Жылуулук менен суук, жарык менен караңгы кантип пайда болот? Эмне үчүн күн узарып же кыскарып турат?»
Бул суроолорунан Никараонун өзүн курчап турган дүйнө жөнүндө көбүрөөк билгиси келгенин жана диний көз карашын билүүгө болот. Анын берген суроолору бүгүнкү күндөгү адамдарды да кызыктырат. Ошондой эле Никараонун Топон сууга байланыштуу берген суроосу Ыйык Китепте айтылгандарды эсибизге салат (Башталыш 7:17—19).
Спиритизм жана адамды курмандыкка чалуу сыяктуу каада-салттар никарагуалыктардын кан-жанына сиңип, маданиятынын бир бөлүгү болгонуна карабай, Никарао өз элинин жүрүм-турумун, жашоо образын ойлоп тынчсызданган. Мындан адам баласы табиятынан эле жакшы менен жаманды айырмалай ала турганын көрүүгө болот. Кудайдын Пабыл деген бир кызматчысы бул тууралуу: «Алардын абийири да күбөлөндүргөндө, алар ойлонуп, өздөрүн бирде айыптаса, бирде акташат»,— деп жазган (Римдиктер 2:14, 15).
Уруу башчысы Никарао биринчи жолу испаниялыктар менен жолуккан деп эсептелген жерде азыркы учурда Никараонун эстелиги тургузулган. Көптү билүүгө ынтызар болгон жана бизди курчап турган дүйнө тууралуу терең ой жүгүрткөн ал кишиден чынында эле үлгү алсак болот (Римдиктер 1:20).
[29-беттеги карта]
(Текстти толугу менен көрүү үчүн адабиятты кара)
Никарагуа
ТҮШТҮК АМЕРИКА
АТЛАНТИКА ОКЕАНЫ