Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ыйык Китепти изилдөөнү кантип кызыктуу кылам?

Ыйык Китепти изилдөөнү кантип кызыктуу кылам?

Жаштардын суроолору

Ыйык Китепти изилдөөнү кантип кызыктуу кылам?

Ыйык Китепти эмне үчүн изилдеш керек? Мындай элестетсең болот:

Ыйык Китепти изилдесең, кенч табасың. Дүйнө жүзүнө кеңири тараган бул китептен...

● канткенде жашоодон кубаныч ала аларыңды биле аласың

● мурун болгон жана келечекте боло турган окуялар жөнүндө билесиң. Муну башка жактан биле албайсың

● өзүңдүн кандай адам экениңди жана канткенде жакшы адам боло аларыңды билесиң *

ЫЙЫК КИТЕПТИ изилдөө күч-аракетти талап кылат, бирок мунун сөзсүз акыбети кайтат! Айрым жаштардын Ыйык Китепти кантип изилдешерин билгиң келеби? Кийинки бетти кесип ал. Ал жерде сен курактуу жаштардын Ыйык Китепти өз алдынча изилдөөгө тоскоолдук кылган кыйынчылыктарды кантип жеңип жатканы жана Ыйык Китепти изилдөөнүн аркасында кандай пайда алып жатканы жөнүндө айтылат.

«Ыйык Китепте ар бир адамга кызыктуу боло турган маалымат бар. Андагы билимдин түбү жок, кызыгып эле изилдей бересиң!» (Валерия) *

«Жаштардын суроолору» рубрикасына чыккан дагы башка макалаларды www.watchtower.org/ypu веб-сайтынан таба аласыңар

[Шилтемелер]

^ 7-абз. Ушулар жөнүндө көбүрөөк билиш үчүн Жахабанын Күбөлөрүнө кайрылсаң же 5-беттеги даректердин бирине жазсаң болот.

^ 9-абз. Макаладагы ысымдар өзгөртүлүп берилди.

[15, 16-беттердеги кутуча/сүрөттөр]

ЫЙЫК КИТЕПТИ КАНТИП ИЗИЛДЕСЕ БОЛОТ?

Кыйынчылык: КААЛОО ЖОК

«Мага бир саат бою Ыйык Китепти изилдеген дайыма эле оңойго тура бербейт. Кээде бүткүчө тажап кетем» (Лена).

Эмне кылсаң болот? ПАЙДАСЫН ОЙЛО

Ыйык Китепти изилдөөдөн кубаныч алыш үчүн: «Изилдөөдөн кандай пайда алам?» — деп ойлонуп көр. Сен Кудай менен дос болгуң келеби? Дүйнөдө болуп жаткан окуялардын маанисин түшүнгүң келеби? Жакшы сапаттарды өрчүткүң келеби? Эгер ошондой болсо, бул жагынан сага Ыйык Китеп жардам берет.

«Ыйык Китепти изилдөөнү мектептеги сабактай же бүтүрүшүң керек болгон бир иштей көрбө. Анын ордуна, изилдөөнү дүйнөдөгү бир да дос тең келе албаган Жахаба Кудай менен дос болууга жол ачкан мүмкүнчүлүк катары көр» (Бетани).

«Ыйык Китепти өз алдынча изилдегенде Жахаба Кудай менен убакыт өткөргөн болосуң. Кимдир бирөө менен ата-энең айткан үчүн эле убакыт өткөрсөң, бирок чынында аны менен дос болгуң келбесе, аны досум деп айта аласыңбы? Эгер Ыйык Китепти өзүң каалаган үчүн изилдесең, Жахаба Кудай сенин досуң болот» (Биянка).

Көңүл бур: «Бардык Жазма Кудайдын рухунун жетеги менен жазылган жана окутуу үчүн, ашкерелөө үчүн, оңдоо үчүн, адилдик жолунда тарбиялоо үчүн пайдалуу» (2 Тиметей 3:16). Чынында эле, Ыйык Китепти окуунун аркасында жаман жактарыңды байкап, оңоло аласың. Ошондой эле Кудайга кандай иштердин жагарын билесиң.

«Мен Ыйык Китепти окуу кандай пайда алып келерине көңүл топтойм. Өзүмдүн кайсы бир жаман жагымды байкасам, ошол жөнүндө Ыйык Китепте эмне айтыларын изилдеп көрүп, өзгөргөнгө аракет кылам» (Макс).

Ойлонуп көр:

Ыйык Китепти изилдегенге сага эмне түрткү берет?

Кыйынчылык: КЫЗЫКСЫЗ

«10 мүнөт окугандан кийин тажай баштайм, 20 мүнөттөн кийин башка нерсеге алаксый баштайм, 30 мүнөттөн кийин такыр эле отура албай калам!» (Алисон).

Эмне кылсаң болот? ТАПКЫЧ БОЛ

Изилдөөнү кызыктуу кылып өткөрүш үчүн эмнени, кантип жана кайсы жерде изилдей турганың жөнүндө ойлонуп көр.

«Өзүңдү кызыктырган суроолорду изилдегенге убакыт бөл. Билгиң келген нерселер жөнүндө изилдегенде кубаныч алып, канааттанып каласың» (Ричард).

«Ыйык Китептен кайсы бир окуяны окуп жатканда өзүңдү ага катышып жаткандай элестет. Өзүңдү башкы каармандай же окуянын өрчүшүн сырттан карап турган байкоочудай элестет. Окуяны көз алдыңа тартылгыдай кылып оку» (Стивен).

«Изилдөөнү жагымдуу кылып өткөр. Мисалы, лимонад алып алып, короого отуруп алып изилдесең болот. Мага улам бир нерседен жеп коюп изилдеген жагат. Баарына эле ушинткен жагат болуш керек» (Александра).

Көңүл бур: изилдөөнү кызыксыз деп айтуу жөн эле шылтоо, кеп чынында башкада болушу мүмкүн. Башкача айтканда, изилдөөнүн өзү кызыксыз эмес, аны сен кызыксыз деп эсептеп жатышың ыктымал. Андыктан көз карашыңды өзгөрткөнгө аракет кыл. Бул сага өзүңдү колго алып, кандайдыр бир өзгөрүүлөрдү кылганга жардам берет (Накыл сөздөр 2:10, 11).

«Ыйык Китепти өз алдынча изилдөө кызыксыз болбошу керек. Аны кызыктуу кылып өткөрүш өзүңдүн колуңда» (Ванесса).

Ойлонуп көр:

Изилдөөңдү кызыктуу кылыш үчүн эмне кылсаң болот?

Кыйынчылык: УБАКЫТ ЖОК

«Мен Ыйык Китепти окуганга көп эле убакыт бөлгүм келет, бирок убактым тартыш болгондуктан ага убакыт табыш аябай кыйын» (Мария).

Эмне кылсаң болот? ТУУРА БӨЛҮШТҮР

«Эмне маанилүүрөөк экенин баамдай» билгениң чоңоюп калганыңдын белгиси (Филипиликтер 1:10).

«Апам, Ыйык Китепти изилдегенге өзүм убакыт таппасам, мага эч ким убакыт таап бербесин айтчу. Ыйык Китепти изилдөөдөн кубаныч ала баштагандан тартып изилдөөгө убакыт таба баштадым» (Натания).

«Чоңойгон сайын Ыйык Китепти качан изилдей турганымды белгилеп алып, ага эч нерсеге карабай карманышым керектигин түшүндүм» (Йоланда).

«Эгер биринчи Ыйык Китепти окуп туруп, анан көңүл ачсаң, изилдөөдөн көбүрөөк кубаныч аласың, өзүңдү да жемелебейсиң» (Диана).

Көңүл бур: кайсы иштерди биринчи орунга коюш керектигин билбесең, убакытты туура пайдалана албай, ага кул болуп каласың. Андыктан Ыйык Китепти изилдөөгө атайын убакыт бөлүп койгонуң жакшы (Эфестиктер 5:15, 16).

«Мен мектепте окуйм. Алаксыткан нерселер аябай көп. Бирок Ыйык Китепти өз алдынча изилдөөнү биринчи орунга коюш үчүн дайыма күч жумшайм» (Жордан).

Ойлонуп көр:

Ыйык Китепти изилдөөгө кантип убакыт тапсаң болот?

[15-беттеги кутуча/сүрөттөр]

СЕН КУРАКТУУ ЖАШТАРДЫН ОЮ

«Ата-энең же башкалар изилдеген теманы эмес, сени кызыктырган теманы изилдегенде гана Ыйык Китепти өз алдынча изилдеген болосуң» (Закари).

«Аз-аздан башта. Ыйык Китепти беш эле мүнөт окусаң да, аны күнүгө оку. Анан акырындап 10 мүнөткө, 15 мүнөткө чейин жеткирип, узарта берсең болот. Бара-бара изилдөөдөн кубаныч ала баштайсың» (Кели).

«Кичинекей эле нерселерди кылуу менен Ыйык Китепти изилдөөнү кызыктуу кылса болот. Мисалы, ар кандай түстөгү калем саптарды алып, жакшы дептер ачып алсаң болот. Же компьютериң бар болсо, „Өз алдынча изилдөө“ деген папка ачып алган да жакшы» (Даниела).

«Өзүмө жаккан теманы изилдегенде көпкө чейин изилдейм. Мага тынч жерде изилдеген жагат, антпесе оюм бөлүнө берет» (Жордан).

[14-беттеги схема]

(Текстти толугу менен көрүү үчүн адабиятты кара)

Кесип, бүктөп ал