Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Эмне үчүн көптөр колдонот?

Эмне үчүн көптөр колдонот?

Эмне үчүн көптөр колдонот?

АКЫРКЫ айда сен кимдир бирөө менен кандай жол менен пикир алыштың?

Бетме-бет сүйлөшүп

Кат жазып

Телефон чалып

Электрондук почта аркылуу

SMS жазып

IM кызматы аркылуу (заматта кабарлашуу)

Видеочат аркылуу

Социалдык тармак аркылуу

Азыркы заманда адамдар бири-бири менен кандай гана жолдор менен байланышпайт! Бирок ал ыкмалардын ар биринин артыкчылыгы да, кемчилиги да бар. Алардын бир нечесине токтололу.

БЕТМЕ-БЕТ СҮЙЛӨШҮҮ

Артыкчылыгы: Адамдын жүзүн, жаңсоолорун көрө аласың, кандай тон менен сүйлөп жатканын байкай аласың.

Кемчилиги: Эки тараптын тең сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүгү болушу керек.

КАТ ЖАЗУУ

Артыкчылыгы: Жылуу сезимдериңди билдирип, жекече көңүл бура аласың.

Кемчилиги: Жазганга убакыт кетет, жеткиче да убакыт өтөт.

ЭЛЕКТРОНДУК ПОЧТА

Артыкчылыгы: Тез жетет.

Кемчилиги: Эмоцияңды билдирүү кыйын; жазгандарыңды туура эмес түшүнүп алышы мүмкүн.

Ал эми социалдык тармактар тууралуу эмне дешке болот? Айрымдар аны байланышуунун эң жакшы жолу деп эсептешет. Азыркы күндө жүздөгөн социалдык тармактар бар. Алсак, эң эле кеңири колдонулуп жаткан «Фейсбук» тармагында кеминде 800 миллиондой киши катталган. «Тайм» журналында: «Эгер „Фейсбук“ деген өлкө бар болсо, анда ал калкынын санынын көптүгү боюнча үчүнчү орунду ээлеп, Кытай менен Индиядан кийинки өлкө болмок»,— деп жазылган. Социалдык тармактар деген эмне? Эмне үчүн көптөр аларды колдонушат?

Социалдык тармак бул — белгилүү бир топтогу адамдар менен, айталы, достор менен маалымат алмашууга мүмкүндүк берген веб-сайт. 21 жаштагы Жейн мындай дейт: «Социалдык тармактар башкалар менен дайыма байланышта болгонго мүмкүндүк берет. Андан тышкары, досторуңа өзүңдүн саякаттап жүргөндө же дагы башка учурларда түшкөн сүрөттөрүңдү жөнөтө аласың, алардын сүрөттөрүн да көрө аласың».

Ал эми кат жазуу тууралуу эмне айтууга болот? Ал деле жакшы, бирок ага көп убакыт талап кылынат, сүрөттөрдү чыгарганга да акча кетет. Телефон аркылуу сүйлөшүүчү? Бул да көп убакыт алат. Себеби сен бир учурда бир эле киши менен сүйлөшө аласың. Кээде болсо сүйлөшөйүн деген кишиң үйүндө жок болуп калат же бошобой калат. Ал эми электрондук каттар тууралуу эмне десе болот? «Азыр электрондук каттарга эч ким жооп бербей калган. Жооп берсе да, бир нече жумадан кийин гана жооп бериши мүмкүн,— дейт 20 жаштагы Даниелла.— Ал эми социалдык тармак аркылуу байланышуу опоңой. Мисалы, мен өзүмдүн эмне кылып жатканымды „комментарий“ деген жерге жазып коём, досторум да өздөрүнүкүн жазышат. Анан тармакка киргенде бири-бирибиздикин окуй алабыз. Бул аябай ыңгайлуу».

Социалдык тармактарды кыларга иши жоктор эле колдонушат деп айтууга болбойт. Маселен, 2011-жылы 11-мартта Жапонияда жер титиреп, цунами каптаганда, көптөр жакындарынын аман-эсен экенин билиш үчүн алар менен социалдык тармактар аркылуу байланышкан.

Кошмо Штаттарда жашаган Бенжемин менен болгон окуяны алалы. Ал мындай дейт: «Цунами каптаганда, Жапонияда телефон менен байланышуу мүмкүн болбой калган. Менин бир таанышым Токиодогу досубузга электрондук кат жазганын, бирок жооп ала электигин айтканда, уюлдук телефонумду ала калып, шак эле Интернетке кирдим да, социалдык тармактан анын веб-барагын таптым. Анын веб-барагына кирсем, ал өзүнүн аман-эсен экенин жана кийинчерээк дагы кабарлашарын жазып коюптур».

Бенжемин сөзүн минтип улайт: «Мен Токиодогу досумдун ал-акыбалын аны тааныган башка досторума айтып коёюн деп, алар менен байланышууну чечтим. Бирок алар социалдык тармактарды колдонбогондуктан, аларга электрондук почта аркылуу кат жөнөтүүгө туура келди. Алардын ар бирине кат жазып, даректерин издеп тапканга бир топ убакыт кетти. Кээ бирөөлөрү мага бир нече күндөн кийин жооп беришти. Бир досумдан болсо эки жумадан кийин гана жооп алдым. Алар көптөр менен кат алышып тургандыктан, баарына жооп берүүгө жетишпей жатышты болуш керек. Эгер алар социалдык тармактарды колдонушса, убактысын бир топ үнөмдөй алышмак. Себеби социалдык тармакта жазгандарыңды досторуң бир нече мүнөттөн кийин эле окуй алышат».

Ооба, социалдык тармактардын ыңгайлуу жактары көп. Бирок коркунучтуу жактары да бар. Анда алардан кантип сактанса болот?

[5-беттеги кутуча/сүрөттөр]

КАНДАЙ КЫЗМАТ АТКАРАТ?

1. Өзүңдүн веб-барагыңа кандайдыр бир маалымат жазасың.

2. «Достор» деген тизмеңдегилердин баары өзүлөрүнүн веб-барагын ачканда, сенин жазгандарыңды окуй алышат. Сен да өзүңдүн веб-барагыңды ачканда алардыкын окуй аласың.