Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Үй-бүлө менен талкуулоо үчүн

Үй-бүлө менен талкуулоо үчүн

Үй-бүлө менен талкуулоо үчүн

Айырмасын тапкыла

А жана Б сүрөттөрүнөн үч айырмачылыкты таба аласыңарбы? Төмөнкү саптарга жоопторуңарды жазып, сүрөттөрдү боёгула.

ЖАРДАМ: 1 Шемуел 16:1—3, 6—13-аяттарды окугула.

1

2

3

4. А сүрөт туурабы же Б сүрөт туурабы?

ТАЛКУУЛОО ҮЧҮН: Жахаба адамдын эмнесине карайт? Жахаба «жүрөктөгүнү көрөт» деген эмнени билдирет?

ЖАРДАМ: Жеремия 17:10ду окугула.

Жахаба адамдын сырткы көрүнүшүнө карайбы?

ЖАРДАМ: Накыл сөздөр 11:22; 31:30; 1 Петир 3:3, 4-аяттарды окугула.

Кудайга жагыш үчүн кайсы сапаттарды өрчүтүшүңөр керек?

ЖАРДАМ: Лука 10:27; 2 Петир 1:5—8-аяттарды окугула.

ҮЙ-БҮЛӨНҮН ИШ-АРАКЕТИ:

Галатиялыктар 5:22, 23-аяттарды окугула. Тогуз сапаттын ар бирин өз-өзүнчө кагазга жазгыла. Кагаздардын бирин бириңердин артына жармаштыргыла. Кагазда кайсы сапат жазылганын ал көрбөгүдөй болушу керек. Ал суроолорду берип, кагазда кайсы сапат жазылганын тапсын. Ал башкалар «ооба» же «жок» деп жооп бере алгыдай гана суроолорду бериши керек.

Чогултуп, изилде

Кесип алып, бүктөп, сактап кой

ЫЙЫК КИТЕПТИК КАРТОЧКА 6 ДӨӨТҮ ПАЙГАМБАР

СУРООЛОР

А. Дөөтү пайгамбар да, Иса пайгамбар да кайсы шаарда төрөлгөн?

Б. Кичинекей кезинде Дөөтү пайгамбар ________ болчу, ал ________ жана ________ өлтүргөн.

В. Дөөтү пайгамбардын: «Уулум Сулайман,.. таанып-бил...»,— деген сөздөрүн аягына чыгаргыла.

[Таблица]

Б.з.ч. 4026-ж. Б.з. 1-ж. Б.з. 98-ж.

Адам ата жаратылган Болжолу, б.з.ч. 1000-жылдары жашаган Ыйык Китептин акыркы китеби жазылып бүткөн

[Карта]

Бетлехемден Иерусалимге көчкөн

Иерусалим

Бетлехем

Эла өрөөнүндө Голийат менен беттешкен (1 Шемуел 17:2).

Эла өрөөнү

ДӨӨТҮ ПАЙГАМБАР

КЫСКАЧА ТАРЖЫМАЛЫ:

Жышайдын уулу, Ысрайылдын экинчи падышасы. Ыр жазчу жана музыкант болчу, 73төн ашык ыр жазган. Ал дайыма момун болуп, Жахабадан жетекчилик беришин суранчу (1 Шемуел 23:2; 30:8; 2 Шемуел 2:1). Жахаба ал жөнүндө: «Жүрөгүмө жаккан адам»,— деп айткан (Элчилер 13:22).

ЖООПТОРУ

А. Бетлехем (Жүйүт жериндеги) (Жакан 7:42).

Б. Койчу, арстан, аюу (1 Шемуел 17:34, 35; Забур 78:70, 71).

В. «... атаңдын Кудайын ... ага бүт жүрөгүң, бүт жаның менен кызмат кыл» (1 Жылнаама 28:9).

Адамдар жана жерлер

5. Менин атым Оливия. Мен алты жаштамын, Индонезияда жашайм. Индонезияда канча Жахабанын Күбөсү бар? 22 300бү, 42 800бү же 63 900бү?

6. Кайсы чекит мен жашаган жерди көрсөтүп турат? Аны белгилегиле. Анан өзүңөр жашаган жерди белгилеп, Индонезиядан канчалык алыс жашаарыңарды карап көргүлө.

А

Б

В

Г

«Үй-бүлө менен талкуулоо үчүн» деген бул рубриканы www.pr418.com сайтынан чыгарып алсаңар болот.

Жооптору

1. Бир сүрөттө эчки, бир сүрөттө уй. 2. Бир сүрөттө кыз бар, экинчисинде жок. 3. Бир сүрөттө шарап куюлган чанач, экинчи сүрөттө май куюлган мүйүз. 4. Б. 5. 22 300. 6. Г.

А.

Б.