Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Балдарга кантип түшүндүрсө болот?

Балдарга кантип түшүндүрсө болот?

Балдарга кантип түшүндүрсө болот?

Эгер чоң кишиге жакын адамынын каза болгонун угузуу кыйын болсо, анда аны кичинекей балага айтып, түшүндүрүп берүү андан бетер кыйын.

БАЛДАРДЫН көбү үйүндөгүлөрүнүн бирөөсү же досу көз жумганда эмне болуп жатканын түшүнүшпөйт, атүгүл коркушат. Ушундай учурда, өзгөчө, күйүт тартып жаткан ата-энеге баласына көңүл бөлүү оңойго турбашы мүмкүн. Анткени алар өздөрү да сооронучка муктаж болот.

Айрымдар ушундай учурларда баланы коркпосун деп өлгөн кишини бир жакка кетип калды деп коюшат. Бирок бул баланы алдаганга жатат. Анда кичинекей балага аны кантип түшүндүрсө болот?

Ренато менен Изабелла деген Жахабанын Күбөлөрү да ушундай оор жоготууга учурашкан. Үч жарым жаштагы Николи деген кызы чарчап калганда, ал жубайларга аны ошол кезде беш жаштагы Фелипе деген баласына түшүндүрүп берүүгө туура келген.

«Ойгонгула!»: Николинин чарчап калганын Фелипеге кантип түшүндүрүп бердиңер эле?

Изабелла: Биз эч нерсени жашырбай, болгонун болгондой айтканбыз. Ал түшүнбөй жаткан нерселерин түшүндүрүп берүүгө даяр экенибизди көрсөтүп, суроолоруна түшүнө алгыдай кылып жооп бергенге аракет кылганбыз. Николинин өлүмүнө оору козгоочу бактерия себеп болгондуктан, биз балабызга: «Доктурлар Николинин ичине кирип кеткен кичинекей көзгө көрүнбөгөн куртту өлтүрө албай коюшту»,— деп түшүндүрүп бергенбиз.

«Ойгонгула!»: Силер балаңарга Ыйык Китепте өлүм тууралуу айтылгандарды айттыңар беле?

Ренато: Ооба, балабызды сооротуш үчүн биз ага Ыйык Китепте өлүм жөнүндө эмне деп жазылганын айтып бергенбиз. Анан дагы, түнкүсүн жалгыз калганда коркпосун деп, Ыйык Китепте өлгөндөрдүн эч нерсе билбей турганы ачык эле жазылганын да айтканбыз (Насаатчы 9:5).

Изабелла: Ошондой эле Ыйык Китепте өлгөн адамдар жер бетиндеги бейиште тирилет деп жазылган. Ошондуктан Иса Машаяктын жерде жүргөн кезинде Жайыр деген кишинин он эки жашар кызын тирилткенин мисал кылып, Николинин да тирилерин айтканбыз (Марк 5:22—24, 35—42; Жакан 5:28, 29).

«Ойгонгула!»: Фелипе силер айткандардын баарын түшүндү деп ойлойсуңарбы?

Ренато: Ооба, түшүндү деп ойлойбуз. Эгер өлүмгө байланышкан нерселерди ачык-айкын кылып, жөнөкөй сөздөр менен түшүндүрүп берсе, балдар деле көп нерсени түшүнө алат. Анын үстүнө, ошенткенибизде аларга бир топ жеңил болот. Өлүм деген эмне экенин балдардан жашыруунун кереги жок. Анткени, тилекке каршы, өлүм деген ар бир эле адамдын башында бар. Азырынча андан эч ким эч жакка качып кутула албайт. Ошондуктан ата-энелер балдарына өлүмгө карата туура ойдо болууга жардам бериши керек. Кийинчерээк төрөлгөн кичүү балабыз Винисиуска да ошонун баарын түшүндүрүп бергенбиз *.

«Ойгонгула!»: Силер Фелипени сөөк коюла турган жайга алып бардыңар беле?

Ренато: Жубайым экөөбүз баарын жакшылап таразалап көргөндөн кийин балабызды албай эле коюуну чечкенбиз. Анткени анын курагындагы балдар адатта аябай сезимтал болушат. Бирок ар бир баланын түшүнүгү, сезимдери ар башка болгондуктан, кээ бир ата-энелер балдарын өздөрү менен кошо алып алууну чечиши мүмкүн. Эгер ата-энеси баланы сөөк коюла турган жайга алып барууну туура көрсө, анда ал жакта эмне болорун алдын ала айтып, түшүндүрүп бергени жакшы деп ойлойм.

«Ойгонгула!»: Николи чарчап калганда, силер аябай эле күйүт тарттыңар болуш керек. Ошол кезде балабыз ыйлаганыбызды көрбөсө экен деп тынчсыздандыңар беле?

Изабелла: Жок, биз күйүт тартып жатканыбызды балабыздан жашырган эмеспиз. Эгер Иса Машаяк жакынынан айрылганда «көзүнө жаш алса», анда эмне үчүн биз балабыздын көзүнчө ыйлагандан тартынышыбыз керек? (Жакан 11:35, 36). Тескерисинче, биз Фелипенин биздин ыйлаганыбызды көрүп, ичтеги букту чыгаруунун эч кандай жаман жери жок экенин түшүнүп, ал да сезимдерин ичине катпай, ачык билдиришин каалаганбыз.

Ренато: Үй-бүлөсүндө кимдир бирөө кайтыш болгондо, балдар бушайман болуп, коркуп, жаман болушат. Ошондой учурда ата-энеси өздөрүнүн сезимдерин жашырбай, балдары менен ачык сүйлөшсө, алар да жүрөгүндөгүсүн ачык айтышат. Эгер балдарды кунт коюп уксак, алар анча көп коркпой калышат.

«Ойгонгула!»: Башкалар силерге кантип жардам берди эле?

Ренато: Бизге ишенимдештерибиз аябай жардам берген. Алар үйгө келип, телефон чалып, открытка жазып, кайгыбызды тең бөлүшүп жатышты. Алардын бизге көрсөткөн сүйүүсү, камкордугу уулубузга да жакшы таасир этти.

Изабелла: Туугандарыбыз да бизге аябай жардам беришкен. Николи чарчап калгандан кийин, атам күнүгө эртең менен биздикине келип, биз менен чогуу тамактанчу. Анын келип турганы бизге да, Фелипеге да кадимкидей күч берчү.

Ренато: Жыйналышты калтырбай барганыбыз да бизге көп кайрат берди. Бирок бул дайыма эле оңой болчу эмес. Анткени жыйналышка барган сайын кызыбыз менен чогуу жүргөнүбүздү эстеп кыйналчубуз. Ошого карабай уулубузга жөлөк болуш үчүн кайраттуу болгонго аракет кылчубуз.

[Шилтеме]

^ 12-абз. Бул тууралуу көбүрөөк маалымат алыш үчүн Жахабанын Күбөлөрү тарабынан басылып чыккан «Күзөт мунарасы» журналынын 2008-жылдын октябрь—декабрындагы санынын 24—26-беттериндеги «Кайгырып жаткан балаңарга жардам бергиле» деген макаланы карагыла.

[18-беттеги кутуча/сүрөт]

Жахабанын Күбөлөрү басып чыгарган төмөндөгү китептер жакынынан айрылган адамдарга күйүттү көтөргөнгө жардам берет.

ЧОҢДОРГО:

ЫЙЫК КИТЕП чынында ЭМНЕГЕ ОКУТАТ?

6-бөлүм: Өлгөндө адам каякка барат?

7-бөлүм: Өлгөн жакындарыбыз үчүн кандай үмүт бар?

КИЧИНЕКЕЙ БАЛДАРГА:

ЫЙЫК КИТЕПТИК аңгемелер

92-аңгеме: Иса өлгөндөрдү тирилтет

ӨСПҮРҮМДӨРГӨ:

УЛУУ ОКУТУУЧУДАН ҮЙРӨН

34-бөлүм: Адам өлгөндө эмне болот?

35-бөлүм: Адамдар өлүм уйкусунан ойгоно алышат!

36-бөлүм: Кимдер тирилтилет? Алар каякта жашашат?

ЖАШТАРГА:

ЖАШТАРДЫН СУРООЛОРУ пайдалуу кеңештер 1-ТОМ

16-бөлүм: Күйүт тарткан туурабы?

[19-беттеги кутуча/сүрөт]

Кеңештер:

● Балаңар өлүм жөнүндө сурап качан кайрылбасын, аны кунт коюп угуп, аны менен ачык сүйлөшкөнгө даяр болгула.

● Өлгөн адам тууралуу «алыс жакка кетти» деген сыяктуу сөздөрдү айткандын ордуна, балага анын өлгөнүн ачык эле айтып, түшүндүрүп бергиле.

● Жөнөкөй сөз менен түшүндүргүлө. Мисалы, «анын денеси кыймылдабай калды же иштебей калды» деп айтсаңар болот.

● Балага өлгөн кишини кантип көмөрүн алдын ала айткыла. Өлгөн адамдын эч нерсени көрө да, уга да албай турганын түшүндүрүп бергиле.

● Сезимдериңерди жашырбагыла. Ошондо балаңар адам өлгөндө кайгыруу табигый эле нерсе экенин түшүнөт.

● Күйүт тартып кайгыруунун белгилүү бир «эрежеси» жок экенин, ар бир баланын кулк-мүнөзү да, жагдайы да ар башка болорун эсиңерден чыгарбагыла.

[Булак жөнүндө маалымат]

Булагы: www.kidshealth.org

[19-беттеги сүрөт]

Солдон оңго: Фелипе, Ренато, Изабелла жана Винисиус