Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жеген да арманда, жебеген да арманда!

Жеген да арманда, жебеген да арманда!

Жеген да арманда, жебеген да арманда!

БОРБОРДУК Африка Республикасынын Банги шаарында жашаган досторубуз аялым экөөбүздү конокко чакырып калышты.

Барганыбызда эле алар бизди: «Келгиле, киргиле. Тоюп алып келген жоксуңарбы?» — деп тамашалап тосуп алышты. Сырттан эле пияздын, сарымсактын жана башка татымалдардын жыты буркурап, үйдүн ичинде отурган досторубуздун бака-шака түшүп сүйлөшкөнү угулуп жатты. Үйдүн кожейкеси Элла даярдалып жаткан тамак жөнүндө сөз кылып калды.

Ал бизге: «Борбордук Африкада жашагандардын көбү курт-кумурскалар менен азыктанышат. Курт-кумурскаларда белок аябай көп. Бирок биз аларды пайдалуу болгону үчүн эле эмес, даамдуу болгону үчүн да жейбиз»,— деди. Анан: «Бүгүн биз силерге маконгодон тамак жасап жатабыз»,— деп айтты.

Биз үчүн ал таң калыштуу болгон жок. Анткени курт-кумурскалардан жасалган тамак көптөрдү иренжиткени менен, жүздөгөн өлкөлөрдө андай тамактар чүйгүн тамак деп эсептелет.

Тойлой турган мезгилдер

Борбордук Африкада курт-кумурскалардын бир нече түрүн жешет. Алардын бири — бобо деп аталган термиттер. Алар уюктарынан жаан-чачын көп болгон жыл мезгилинде сыртка чыгышат. Ал эми шаарларда же айылдарда алар көбүнчө жарык бар жерге үйүлүп алышат. Жаан жаап өткөндөн кийин, караңгы киргенде балдар колдоруна себет алып алып, аларды тергени чыгышат. Балдар термиттерди оозуна улам салып, сүйүнгөнүнөн кыйкырып, чурулдашып теришет. Адатта, термиттерди күнгө кургатып, туз кошуп же ачуу калемпир кошуп кууруп жешет. Аларды жай отко коюп, эт, жашылча-жемишке кошуп бышырса, же камырдын ичине салып бышырса да болот.

Ал эми киндагозо, башкача айтканда, жашыл чегирткелер болсо жылдын кургакчыл мезгилинде пайда болушат. Борбордук африкалыктар аларды чоң буттары менен канаттарын жулуп салып, кууруп же жай отко коюп, сууга бышырып жешет.

Бул өлкөдө жашагандар малактардын да бир нече түрүн жешет. Мисалы, бизди чакыргандар имбразия түркүмүндөгү көпөлөктүн малагынан тамак жасашыптыр. Ал чоң күрөң көпөлөк сапеле дарагына жумурткалайт. Анын малактарын, жумурткадан чыккандан кийин, чогултушат. Анан жууп-тазалап, помидор, пияз жана ар бир үй-бүлө өзү каалаган татымалын кошуп, сууга жай кайнатып бышырып жешет. Калганын болсо кургатып же ыштап коюшат. Ошондо алар үч айга чейин сакталат.

Ары даамдуу, ары пайдалуу

Курт-кумурскалардын баары эле жегенге жарактуу эмес. Бирок уулуу химикаттар жана жер семирткичтер колдонулбаган жерлерден чогултулуп, туура даярдалса, алардын көп түрүн жегенге болот. Ошентсе да деңиз жаныбарларына, мисалы, моллюскаларга аллергиясы барлар абайлашы керек. Анткени курт-кумурскалар да, моллюскалардай эле, муунак буттууларга кирет. Бирок жаныбарлардын өлүгүн жеген моллюскалардан айырмаланып, курт-кумурскалардын көбү киши өзү жесе сиңире албаган таза өсүмдүктөр жана жалбырактар менен азыктанат.

Көлөмү кичине болсо да, малактар баалуу азык заттарга бай келет. БУУнун карамагындагы азык-түлүк жана айыл чарба уюму жүргүзгөн изилдөөгө ылайык, кургатылган малактарда уйдун этине караганда белоктор эки эсе көп. Азык-түлүк тармагында иштеген адистердин айтымында, өнүгүп келаткан өлкөлөрдө жашагандар үчүн курт-кумурскалар бир топ кубат берерлик, пайдалуу азык боло алат.

Малактардын айрым түрлөрү кальций, темир, магний, фосфор, калий жана цинк сыяктуу абдан пайдалуу минералдарга жана башка көптөгөн витаминдерге бай. Эгер адам күн сайын 100 эле грамм малак жесе, организмге зарыл андай заттардын күнүмдүк нормасынын көп бөлүгүн жеген болот. Ошондуктан кээде кургатылган малактарды талкандай кылып майдалап, ботко жасап, чала тоют балдарга беришет.

Курт-кумурскаларды жегендин жаратылышка да пайдасы бар. Алсак, аларды бышырыш үчүн аз эле суу керектелет жана атмосфераны булгай турган зыяндуу газдар көп бөлүнүп чыкпайт. Андан тышкары, курт-кумурскаларды тамакка колдонуу алардын өтө эле көбөйүп кетишине да бөгөт коёт.

«Кана, тамакка карагыла!»

Тамак даяр болгуча, биз Кудайдын байыркы ысрайыл элине берген мыйзамында чегирткелердин таза, адал экени айтылганын кеп кылып жаттык. Ыйык Китепте Кудайга кызмат кылгандар, анын ичинде чөмүлдүрүүчү Жакандын да чегиртке жегени айтылат (Лебилер 11:22; Матай 3:4; Марк 1:6). Бирок, албетте, көптөр өмүрүндө жеп көрбөгөн тамакты дароо эле жей албашы мүмкүн.

Аңгыча эле малактан жасалган тамагын булоолонтуп Элла кирип келди да, алдыбызга эки чоң табак койду. Ал жерде бизден башка сегиз киши бар болчу. Конок деп сыйлап, тамактан биринчи бизге толтура кылып салып беришти.

Айтарыбыз, эгер ушундай даамдуу, пайдалуу тамактан даам татып көрүүгө мүмкүнчүлүк болуп калса, сөзсүз татып көргүлө. Аны жеген да арманда, жебеген да арманда!

[25-беттеги сүрөт]

Бышырыла элек маконго — малактар

[25-беттеги сүрөт]

Бышырылган киндагозо — чегирткелер