Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Чечекейин «жарата» алган тритон

Чечекейин «жарата» алган тритон

Өзү жаралганбы?

Чечекейин «жарата» алган тритон

● Тритон — дене мүчөлөрүн, мисалы, ткандарын, органдарын, буту-колдорун жана куйругун кайра өстүрүп чыгарууга жөндөмдүү келген кичинекей саламандра. Анын кийин өсүп чыккан дене мүчөлөрү өзүнүн баштапкы дене мүчөлөрүндөй эле болобу? Окумуштуулар тритондун чечекейин изилдеп көрүшүп, анын кийин өсүп чыккан мүчөсү баштапкысындай эле болорун аныкташты.

Көңүл бурсаңар: тритондун көзүнүн чел кабыгындагы пигменттик клеткалар чечекей клеткасына айланып, жаңы чечекей пайда болот. Бул процесстин кандайча жүрөрүн аныкташ үчүн биологдор 16 жыл бою жапан тритондорун изилдешкен. Алар ар бир тритондон көзүнүн чечекейин 18 жолу алып көрүшкөн. Канча жолу албасын, ал тритондордун көзүндө кайра эле жаңы чечекей пайда боло берген.

Изилдөө аяктап калган учурда тритондордун жашап жатканына 30 жыл болуп калган. Табигый чөйрөдө алар беш жылга азыраак жашашмак. Ошончо жыл жашаса да, тритондордун, жаш кездериндегидей эле, тез эле жаңы чечекей пайда кылууга жөндөмдүү экени байкалган. Огайодогу (АКШ) Дейтон университети билдиргендей, жаңы пайда болгон чечекейди чечекейи бир да жолу алынбаган жетилген тритондун чечекейи менен салыштырганда, жаңы пайда болгон чечекейдин андан эч айырмасы жок экени аныкталган. Тритондорду изилдеген топтун мүчөсү Панагиотис Цонис аттуу биолог: «Бул мен үчүн ачылыш болду»,— деген. Ал жаңы пайда болгон чечекейдин баштапкысындай эле болгонун айткан.

Окумуштуулар тритондун жабыркаган дене мүчөлөрүн кайра калыбына келтирүү жөндөмдүүлүгүн изилдеп көрүп, адамдардын да жабыркаган ткандарын кайра кантип калыбына келтирсе болорун билсе болот деп ишенишүүдө. «Тритонду изилдөөнүн аркасында кайра калыбына келтирүүгө байланыштуу, өзгөчө, картайып бараткан организмди кайра калыбына келтирүүгө байланыштуу суроолордун баарына жооп алабыз»,— дейт Цонис мырза.

Кандай деп ойлойсуңар? Чечекейин кайра «жарата» алган тритон өзүнөн өзү пайда болгонбу же Жараткандын колунан бүткөнбү?

[10-беттеги схема]

(Текстти толугу менен көрүү үчүн адабиятты кара)

Тритондун жаңы пайда болгон чечекейи баштапкысынан эч айырмаланбайт

[10-беттеги уруксат менен коюлган сүрөт]

Top photo: © Vibe Images/Alamy; middle photo: © Juniors Bildarchiv/Alamy