Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Чыныгы сүйүү, тынчтык деген эмне экенин билдим

Чыныгы сүйүү, тынчтык деген эмне экенин билдим

Чыныгы сүйүү, тынчтык деген эмне экенин билдим

АЙТЫП БЕРГЕН: ЭЖИДИО НЕХЕКБРАЭ

Өзүмдү эч кимге керегим жоктой сезип, сүйүү көрбөй чоңойгом. Бирок азыр чыныгы сүйүү, тынчтык деген эмне экенин билдим. Анда эмесе, муну кантип билгенимди айтып берейин.

МЕН 1976-жылы мурда Индонезияга караган Чыгыш Тимор деген тоолуу мамлекетте жарык дүйнөгө келгем. Көп бүлөлүү кедей-кембагалдын үй-бүлөсүндө чоңойгом. Мен он баланын сегизинчиси болчумун. Жакырчылыктын айынан ата-энемдин баарыбызды бакканга кудурети жетпегендиктен менин эгизимди өздөрүнө алып калып, мени болсо атамдын байкесинин баласына беришкен.

1975-жылдын декабрь айында Индонезия Чыгыш Тиморду басып киргенде, 20 жылдан ашуун убакытка созулган партизандык согуш башталган. Ошондуктан бала чагымды эстегенде азап-тозок, адамдардын бири-бирин өлтүрүп жатканы көз алдыма тартылат. Жоокерлер биздин айылды каптап кирип, элге кол салганда, айылдын тургундарынын үйлөрүнөн качып чыгып баратканы күнү бүгүнкүдөй эсимде. Ошондо биз байкемдин үй-бүлөсү болуп миңдеген тиморлуктар жанын сакташ үчүн качып барган бир тоого барып жашынганбыз.

Бирок жоокерлер жашынган жерибизди билип калып, ал жерге бомба жаадыра башташкан. Төбө чачты тик тургузган ошондогу кыргын, адамдардын өлүп жатканы, айлананын таш талканы чыгып жатканы көз алдыман кетпейт. Тоодон айылга кайтып келгенден кийин да дайыма коркуп жашачумун. Кошуналарыбыз дайынсыз жоголуп кетип жатты, айрымдарын өлтүрүп кеткендер да болду. Мени да бир күнү өлтүрүп кетпейби деп коркуп жүрдүм.

Он жашымда байкем катуу ооруп, каза болуп калды. Ошондон кийин ата-энем мени тай энемдин колуна беришти. Ал жесир калган эле. Жашоого нааразы болуп жүргөн тай энем мени жүк катары көрчү. Ал мени кулдай иштетчү. Бир күнү ооруп калып, төшөктөн тура албай араң жатсам, тай энем мени иштебейсиң деп катуу сабап салган. Бактыга жараша, кийин мени таякем багып алды.

Он экиге чыкканда мектепке бара баштадым. Көп өтпөй тай жеңем катуу ооруп калды. Таякем буга абдан кайгырып, көңүлү чөгүп жүрдү. Аларга жүк болгум келбей үйдөн качып, токойдо жашаган индонезиялык жоокерлерге кошулуп кеттим. Мен алардын кирин жууп, тамагын жасап, жаткан жерлерин жыйнап берчүмүн. Алар мага жакшы мамиле кылгандыктан, ал жерде өзүмдү керектүү сезчүмүн. Бирок бир нече айдан кийин туугандарым мени таап алып, жоокерлердин колунан алып кетип калышты.

Көз карандысыздык үчүн күрөшкөм

Мектепти бүткөндөн кийин Чыгыш Тимордун баш калаасы Дилиге көчүп барып, университетке өттүм. Ал жерден балачагы, жашоо-турмушу меникиндей өткөн жаштарды жолуктурдум. Биз кандайдыр бир саясий иш-аракеттерди кылбасак, көз карандысыздыкка жетпейбиз, коомду өзгөртө албайбыз деп ойлочубуз. Ошондуктан студенттер менен чогулуп, митингдерди уюштурчубуз. Митингдердин аягында ызы-чуу, баш аламандык болуп кетчү. Ошондой митингдерде досторумдун айрымдары жабыр тартып, башкалары атүгүл өмүрү менен кош айтышкан.

2002-жылы Чыгыш Тимор эгемендикке ээ болду. Бирок согуштан миңдегендер өлүп, шаарлар кыйрап, жүз миңдеген адамдар үй-жайсыз калган. Мен баары акырындык менен калыбына келип, жашоо оңолот деп үмүттөнчүмүн. Анткен менен жумушсуздук, жакырчылык, саясий баш аламандык жоюлган жок.

Жаңы багыт

Ошол убактарда туугандарым менен жашачумун. Алыс туугандарыбыздан болгон Андре деген бала да биз менен чогуу турчу. Ал Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдеп жүрчү. Өзүм рим-католик динин туткандыктан аны башка динге өтүп кетти деп анча жактырчу эмесмин. Бирок Ыйык Китепте эмне жазылганына абдан кызыкчумун, ошон үчүн кээде Андренин Ыйык Китебин алып окуп калчумун. Ыйык Китепти окуп көргөндөн кийин анда жазылгандарга ого бетер кызыгып калдым.

2004-жылы Андре мени Иса Машаяктын өлүмүн эскерүү кечесине чакырып калды. Мен макул болуп, эскерүү кечесине барып көрүүнү чечтим. Чакыруу баракчасынан кеченин канчада башталарын туура эмес окуп алып, эки саат эрте барып алыптырмын. Бир маалда жергиликтүү жана башка жерлик Жахабанын Күбөлөрү келе башташты. Алар мени менен кол алышып учурашып, мени жылуу кабыл алышты. Алар мени ошентип тосуп алат деп ойлогон эмесмин. Баяндама айтылып жатканда, ар бир окулган аятты үйгө барганда өзүмдүн Ыйык Китебимдеги аяттар менен салыштырайын деп, жазып алдым. Салыштырсам, анын айткандарынын баары Ыйык Китебимдеги аяттарга дал келди.

Ошондон кийинки жумада өзүмдүн чиркөөмдө боло турган Мессага (католиктердин сыйынуу каадасы) бардым. Бир нече киши болуп кечигип баргандыктан, дин кызматчы бизге ачууланып, колуна союл алып, бизди чиркөөдөн кубалап чыкты. Биз сыртта турганда, дин кызматчы сөзүнүн акырында элге: «Исанын тынчтыгы силер менен болсун!» — деди. Ошондо бир аял дин кызматчыга: «Жаңы эле берки кишилерди кууп чыгып, тынчтык жөнүндө кантип уялбай айтып жатасыз?» — деди. Бирок дин кызматчы аны укмаксанга салып койду. Ошондон кийин чиркөөдөн кетип, экинчи кайра басып барган жокмун.

Көп өтпөй Ыйык Китепти изилдеп, Андре менен чогуу Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйналышына бара баштадым. Бирок тууган-туушкандарыбыз бизге тынчсызданып, каршы боло баштады. Андренин тай энеси бир жолу: «Ошол динди таштабасаңар, экөөңөрдү тең тирүүлөй көмүп коём!» — деп коркутту. Бирок биз корккон жокпуз, андан ары да жыйналышка бара бердик. Бизге Ыйык Китепти изилдеп, Кудай жөнүндө биле бергенге эч нерсе тоскоол боло алмак эмес.

Жашоомдун өзгөрүшү

Ыйык Китепти изилдей баштаганда такыр сүйүү көрбөй чоңойгонумду түшүндүм. Мен таш боор, өзүмдүкүн бербеген, эч кимге ишенбеген адам болчумун. Ушундай болсом да, Жахабанын Күбөлөрү мага чын дилден көңүл бурушчу. Бир жолу катуу ооруп калганымда, өзүмдүн бир туугандарым карабай таштап коюшкан. Жахабанын Күбөлөрү болсо ал-акыбалымды сурап, менден жардамын аяшкан жок. Ошондо алардын ооз учунан эле сүйөм деп айтып коюшпай турганын, сүйүүсүн иши менен далилдей турганын билдим (1 Жакан 3:18).

Кебетем элдин сезин ала тургандай болсо да, мүнөзүм жаман болсо да, Жахабанын Күбөлөрү мага «боор ооруу менен мамиле кылышчу» (1 Петир 3:8). Өмүрүмдө биринчи жолу башкалардын мени сүйөрүн сезе баштадым. Мүнөзүм жумшарып, бара-бара Кудайды да, жакындарымды да сүйгөнгө үйрөндүм. Ошентип, 2004-жылы өмүрүмдү Жахаба Кудайга арнап, Жахабанын Күбөсү болдум. Көп өтпөй Андре да Жахабанын Күбөсү болду.

Кыйын кезеңдеги баталар

Жахабанын Күбөсү болгондон кийин эч качан сүйүү көрбөгөн, адилетсиздиктен тажаган адамдарга жардам бергим келе баштады. Ошондуктан убактымдын көбүн Кудайга кызмат кылууга арнап, пионер (Жахабанын Күбөлөрүнүн толук убакыт кызмат кылган кызматчысы) болуп кызмат кыла баштадым. Мурун митингдерге катышчумун, алардын аягы дайыма ызы-чуу менен бүтчү. Ал эми азыр Ыйык Китепте камтылган кабарды башкаларга айтканда кадимкидей сергип калам. Мен учурда адамдарга чындап жардам берип жатам деп айта алам!

2006-жылы Чыгыш Тимордо чек аралардын ортосунда талаш-тартыштар болуп, кайрадан саясий баш аламандык башталды. Көптөн бери касташып келаткан топтордун ортосунда кагылышуулар болуп жатты. Дили шаары курчоого алынып, көптөр жанын сактап калыш үчүн башка жакка качууга аргасыз болушту. Мен да башка Жахабанын Күбөлөрү менен бирге Дилиден 120 километр алыс жайгашкан Баукау деген чоң шаарга качып бардым. Ал жерге качып барганыбыз кайра жакшы болуптур, себеби биз барганда ал жерде бир жаңы жыйналыш уюшулду. Ал учурда Дилиден башка бир да шаарда жыйналыш жок болчу.

Ошондон үч жыл өткөндөн кийин, 2009-жылы, Индонезиянын борбор шаары Жакартада өткөрүлгөн Кудайга толук убакыт кызмат кылгандар үчүн караштырылган мектепке чакырылдым. Жакартадагы ишенимдештерим мени үйүнө кабыл алып, пейлин кенен салып, жакшы кам көрүштү. Алардын чын жүрөктөн чыккан сүйүүсү мага жакшы таасир калтырды. Ошондо өзүмдүн чынында эле ар кайсы улуттан турган бүткүл дүйнө жүзүндөгү чоң үй-бүлөнүн мүчөсү экенимди сездим (1 Петир 2:17).

Акыры, тынчтыкка жеттим

Мектепти бүткөндөн кийин Баукауга кайтып келдим. Азыркы күнгө чейин ушул жерде жашайм. Бир кезде башкалар мага Кудай жөнүндө чындыкты таанып-билгенге жардам бергендей эле, мен да учурда кабар айтуу ишине катышып, башкаларга жардам берип жатам. Мисалы, Баукаунун алыскы бир кыштагында ишенимдештерим менен бирге 20дай кишиге Ыйык Китепти изилдегенге жардам берип жатам. Алардын арасында кат-сабаты жок кары кишилер да бар. Алардын баары жума сайын өткөрүлгөн жыйналышка келип турушат; үчөө Жахабанын Күбөсү болуп, биздин чоң үй-бүлөбүзгө кошулду.

Бир нече жыл мурун жайдары мүнөз, боорукер Фелизарда деген кызды жолуктурдум. Ал Ыйык Китептеги чындыкты кабыл алып, көп өтпөй эле Жахабанын Күбөсү болду. Экөөбүз 2011-жылы баш коштук. Мени менен чогуу Ыйык Китепти изилдеген Андре деген тууганым азыр Чыгыш Тимордогу Жахабанын Күбөлөрүнүн офисинде кызмат кылып жатат. Туугандарымдын көпчүлүгү, анын ичинде бир кезде бизди тирүүлөй көмүп коём деген Андренин тай энеси азыр бизди сыйлайт.

Мурун кабагым ачылчу эмес, мени эч ким сүйчү эмес. Бирок Жахаба Кудайдын жардамы менен чыныгы сүйүү, тынчтык деген эмне экенин билдим!

[14-беттеги сүрөт]

Эжидио көз карандысыздык үчүн күрөшүп жүргөндө

[16-беттеги сүрөт]

Эжидио менен Фелизарда Чыгыш Тимордогу Баукау жыйналышындагы ишенимдештери менен