Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Эмне өзгөрүшү керек?

Эмне өзгөрүшү керек?

Эмне өзгөрүшү керек?

«Өкмөт көйгөйлөрүбүздү чече албайт, тескерисинче, көйгөйлөрдү жаратат» (АКШнын 40-президенти Роналд Рейгандын ант берүү аземинде айткан сөзү)

РОНАЛД Рейган бул сөздөрдү айткандан бери 30 жылдан ашык убакыт өттү. Ошол кезде Америка Кошмо Штаттары абдан чоң көйгөйгө, Роналд Рейган айткандай, «болуп көрбөгөндөй чоң экономикалык кыйынчылыкка» туш болуп жаткан. «Элибиздин тарыхында мындай узакка созулган, өлкөбүздү азапка салган инфляция эч качан болгон эмес»,— деген ал. Андан ары сөзүн улап: «Биз ондогон жылдар бою убактылуу пайданы көздөп, өзүбүздүн да, балдарыбыздын да келечегин ойлобой, карызга белчебизден батып келгенбиз. Эгер мындан ары да ушинте берсек, анда социалдык, маданий, саясий, экономикалык баш аламандыктын болору турган иш»,— деп айткан.

Бир караганда, келечектен үмүт үзүп койгондой көрүнсө да, Роналд Рейган келечектен жакшы нерсени күткөн. Ал: «Экономикалык кыйынчылыктар ондогон жылдар бою болуп келаткандыктан, бир нече күндө, бир нече жумада, бир нече айда эле чечилип калбайт. Бирок сөзсүз чечилет»,— деген (жантайыңкы ариптер биздики, ред.).

Бүгүн дүйнөдөгү абал кандай? АКШнын турак жай жана шаарларды өнүктүрүү боюнча министрлигинин 2009-жылынын отчётуна ылайык, «суунун, электр энергиясынын, турак жайдын жетишсиздигинен жана саламаттыкты сактоо системасынын тийиштүү түрдө иш жүргүзбөй калганынан улам кыйналган адамдардын саны өсүүдө. БУУ тарабынан уюштурулган „Хабитат“ агенттигинин айтымында, жакынкы 30 жыл аралыгында ар бир үчүнчү киши таза суу жетишпеген, таза эмес шарттарда жашап калат. Ошондой эле климаттын өзгөрүшүнөн улам пайда болушу мүмкүн болгон жугуштуу ооруларга чалдыгышы ыктымал».

Жүрөктү өйүгөн көйгөйлөр

Каякта жашабайлы, баарыбыздын тынчсызданган нерселерибиз окшош. Бул тууралуу ойлонуп көрсөңөр:

● Дүйнөдөгү экономикалык абал он жыл мурункуга караганда азыр жакшыраак деп ойлойсуңарбы?

● Өкмөт азыр силердин жана үй-бүлөңөрдүн ден соолугуна мурункуга салыштырмалуу көбүрөөк кам көрүп жатат деп айта аласыңарбы?

● Айлана-чөйрөбүздү мурункуга караганда тазарып калды деп айтса болобу?

● 10, 20, 30 жылдан кийин жашоо жакшы жакка өзгөрөт деп ойлойсуңарбы?

Коомдук келишим

Адатта, көптөгөн өлкөлөрдө өкмөт менен жарандардын ортосунда алардын укуктары менен милдеттерин аныктаган, жазуу түрүндө же оозеки, келишим түзүлөт. Ал келишимге ылайык, жарандар өлкөнүн мыйзамын аткарууга, салыктарды төлөөгө, айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылууга милдеттүү. Ал эми өкмөт өзүнүн жарандарынын саламаттыгына кам көрүүгө, тең укуктуулукту, экономикалык туруктуулукту камсыз кылууга тийиш.

Дүйнө жүзү боюнча өкмөттөр ушул үч тармакта кандай иш жүргүзүп жатат? Бул тууралуу кийинки беттерде айтылат.

Саламаттыкты сактоо

Эл эмнени эңсейт? Ар бир адам жакшы дарыланганга мүмкүнчүлүгү болушун каалайт.

Дүйнөдөгү абал кандай?

● Дүйнөлүк банктын санитария жана гигиенага байланыштуу билдирүүсү боюнча, «тазалыктын жоктугунан, гигиена нормалары сакталбагандыктан жана таза суунун жетишсиздигинен улам пайда болгон жугуштуу оорулардан күн сайын 6000 бала каза табат». Ич өткөк оорусунан эле 20 секунд сайын бир наристе жарык дүйнө менен кош айтышат.

● 2008-жылы Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) дүйнө жүзү боюнча адамдардын саламаттыгына кандай кам көрүлүп жатканына байланышкан изилдөө жүргүзгөн. Ал изилдөөгө ылайык, «бай өлкөлөрдө да, кедей өлкөлөрдө да» «өкмөттүн элдин барган сайын өсүп жаткан дарыланууга болгон муктаждыгын эл каалагандай канааттандыра албай жатканы, баарына тегиз мамиле кылынбай жатканы, баарынын эле жакшы дарыланууга мүмкүнчүлүгү жок экени» айкын болгон.

ДССУнун эки жылдан кийинки билдирүүсүндө мындай деп айтылган: «Дүйнө жүзүндөгү өкмөттөр элдин саламаттыгына кам көрүүгө акча-каражатын жеткире албай жатат. Карылардын жана өнөкөт оорулар менен ооругандардын саны өсүп жаткандыктан, ошондой эле жаңы чыккан дарылоо ыкмалары кымбат болуп жаткандыктан, дарыланууга барган сайын көбүрөөк акча талап кылынууда».

● Учурунда аябай мыкты деп эсептелген дары-дармектердин күчүн жоготуп жатканы жагдайды ого бетер оорлотууда. Миллиондогон адамдардын өлүмүнө себепкер болгон кургак учук, пес оорусу сыяктуу жугуштуу оорулар менен күрөшкөнгө антибиотиктер жардам берип келген. Алардын алгачкылары 1940-жылдары пайда болгон. Бирок, 2011-жылы болуп өткөн «Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө» байланыштуу ДССУнун берген отчётуна ылайык, «азыркы учурда антибиотиктерге „багынбаган“ жаңы вирустар пайда болуп, аябай тездик менен тарап жатат. Мурда колдонулуп келген дарылардын көбү азыр жардам бербей калды. Вирустарды өлтүрө турган дары-дармектер саналуу эле болуп калды».

Эмне өзгөрүшү керек? Адамзат Ыйык Китепте жазылган: «Тургундардын бири да: „Ооруп жатам“,— дебейт»,— деген сөздөр аткарыла турган замандын келишине муктаж (Ышая 33:24).

Адилеттүүлүк жана теңдик

Эл эмнени эңсейт? Адамдар динине, улутуна, расасына карабай бардыгына бирдей мамиле кылынышын, аялдардын укуктарынын тебеленбешин, бай-кедей деп бөлүнбөй, баарынын жакшы шарттарда жашашын каалайт.

Дүйнөдөгү абал кандай?

● АКШдагы жарандык укуктар боюнча ири уюмдардын биринин билдирүүсүндө мындай деп жазылат: «Америкада айрымдардын белгилүү бир расага, улутка, динге же гомосексуалдарга карата бейкалыс пикирде болгонунан улам, сыйынуу жайларына, коомдук уюмдарга же жеке адамдарга кол салынган учурлар көп болууда. Мындай көрүнүш дагы деле олуттуу көйгөй болуп эсептелет».

● БУУ тарабынан даярдалган «Бүткүл дүйнөдөгү аялдардын өнүгүшү. Акыйкаттыка умтулуу» деген билдирүүгө негизделген пресс-релизде: «Дүйнө жүзү боюнча миллиондогон аялдар азыркыга дейре үйүнөн, жумушунан же коомдук турмушта адилетсиздикке, зордук-зомбулукка кабылып, укуктары тебеленип келет»,— делет. Мисалы, Афганстанда аялдардын 85ке жакын пайызына төрөт учурунда медициналык жардам көрсөтүлбөйт. Ал эми Йеменде аялдарды үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктан коргогон мыйзамдар жок. Конго Демократиялык Республикасында болсо күнүгө орто эсеп менен миңден ашык аял зордукталат.

● 2011-жылдын октябрында БУУнун башкы катчысы Пан Ги Мун мындай деп айткан: «Биз карама-каршылыктарга толгон дүйнөдө жашап жатабыз. Тамак-аш кенен болгонуна карабай бир миллиард адам ачарчылыктан жапа чегип келет. Майкөл-сүткөл жашоого саналуу гана адамдар жетип, көпчүлүк жакырчылыктан чыга албай келишет. Медицинанын өнүккөнүнө карабай күнүнө миңдеген аялдар төрөттөн каза таап жатышат... Миллиарддаган акчалар адамдардын өмүрүн сактаганга эмес, адамды өлтүрө турган курал-жаракка сарпталууда».

Эмне өзгөрүшү керек? Адамзат динине, улутуна, расасына, жынысына карабай бардыгына бирдей мамиле кылынган жана «кыйналгандарды адилеттиктен ажыраткандар» болбой турган замандын келишине муктаж (Ышая 10:1, 2).

Экономикалык туруктуулук

Эл эмнени эңсейт? Бардыгы жумуш менен камсыз болууну жана экономиканын туруктуу болушун каалайт.

Дүйнөдөгү абал кандай?

● «Уорлдуотч» институту «экономикалык абалды жакшыртууга умтулган, иштегиси келген адамдар көп болгону менен, жумуш орундары жетишсиз экенин жана Эл аралык эмгек уюмунун божомолдоосуна караганда, экономикалык каатчылыктын айынан 2010-жылы жумушсуз калгандардын саны 205 миллионго жеткенин» билдирген.

● Ал эми Би-би-синин билдирүүсүнө ылайык, «Эл аралык эмгек уюму дүйнөлүк экономиканын жакында жаңы, мурункудан да катаал жумушсуздук көйгөйүнө учурай турганын жана бул элдин толкушуна алып келиши мүмкүн экенин эскерткен». Ошол эле билдирүүдө жакында болгон экономикалык каатчылыктын айынан жумушсуз жүргөндөрдүн жарымы гана жумуш менен камсыз кылынары айтылган. Андан сырткары, жумуштун жетишсиздигинен жана айрымдардын каатчылык менен күрөшкөнгө эч кандай аракет кылбай жатканынан улам нааразычылык пайда болуп жатканы белгиленген. Ошондой эле көптөгөн жерлерде, өзгөчө, Европа биримдигине кирген өлкөлөрдө жана Араб өлкөлөрүндө элдин толкушу мүмкүн экендиги билдирилген.

● «Өзүн-өзү сүйүү эпидемиясы» деп аталган 2009-жылы жарык көргөн бир китепте Америка Кошмо Штаттарында «кредиттик карталары барлардын карызы, орто эсеп менен алганда, 11000 АКШ долларынан ашып, 1990-жылга караганда үч эсе көп» экени жазылат. Китепти жазгандардын ою боюнча, көптөгөн адамдар бай көрүнүш үчүн эле карызга батышат. Ал китепте андан ары: «Кымбат машинелерди айдап, кымбат кийим кийгендерди көргөн америкалыктар аларды бай деп ойлошот. Бирок чын-чынында, андай адамдарды көргөндө алардын ошонун баарын алыш үчүн карызга белчесинен батып жатканын ойлошсо жакшы болмок»,— деп кошумчаланат.

Эмне өзгөрүшү керек? Ар бир адамдын жумушу болушу керек. Ошондой эле ар бир адам тапкан акчасын туура пайдаланганды билиши керек. Ыйык Китепте акчанын адамды коргой алары айтылганы менен, акчага болгон сүйүү «бүт жамандыктын тамыры» экендиги да айтылган (Насаатчы 7:12; 1 Тиметей 6:10).

Ушул журналдын 4—8-беттеринде жазылган маалыматты окуганда жакшылыкка үмүттөнүүгө эч кандай негиз жоктой сезилиши мүмкүн. Бирок чынында андай эмес. Жакында дүйнөдөгү абал толугу менен жакшы жакка өзгөрөт. Бирок бул өзгөрүү азыркы өкмөттөрдүн кылып жаткан иш-аракеттеринин аркасында болбойт.

[5-беттеги кутуча/таблица]

Жаштар азыркы жашоонун эмнесин өзгөртүүнү каалашат? 4children.org веб-сайтына ылайык, Улуу Британиядагы 4 жаштан 14 жашка чейинки 2000дей бала катышкан сурамжылоонун натыйжасында алардын төмөнкү нерселерди жоюуну каалай турганы айкын болгон.

[Таблица]

100%

АЧАРЧЫЛЫК СОГУШ ЖАКЫРЧЫЛЫК

75%

ГЛОБАЛДЫК ЖЫЛУУЛУКТУН ЖОГОРУЛАШЫ ТЕҢСИЗДИК

50%

25%

0%

[5-беттеги кутуча/таблица]

2009-жылы Германиядагы Бертельсман фонду тарабынан жүргүзүлгөн бир сурамжылоого ылайык, 14 жаштан 18 жашка чейинки 500дөй өспүрүмдүн баарынан да эмнеге көбүрөөк тынчсызданары аныкталган.

Сурамжылоого катышкан жаштардын террорчулук, калктын санынын өсүшү сыяктуу нерселерге анча маани бербегени байкалган. Атүгүл экономикалык каатчылык да алар маанилүү деп эсептеген нерселердин акыркыларынан болуп калган. Бертельсман фонду жаштардын ушундай көз карашта болушун алардын жашоодо жогоруда айтылып өткөн көйгөйлөргө туш болуп көрбөгөндүгүнө байланыштуу деп түшүндүргөн.

[Таблица]

(Текстти толугу менен көрүү үчүн адабиятты кара)

100%

75%

ТАМАК-АШТЫН, ТАЗА СУУНУН ЖЕТИШСИЗДИГИ

КЛИМАТТЫН ӨЗГӨРҮШҮ ЖАНА ЭКОЛОГИЯНЫН БУЗУЛУШУ

ЖАКЫРЧЫЛЫК

50% ЭПИДЕМИЯЛАР, ООРУ-СЫРКООЛОР

25%

0%