Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Эмне өзгөрөт?

Эмне өзгөрөт?

Эмне өзгөрөт?

«Эл элге каршы кылыч көтөрбөйт».

«Ошондо тургундардын бири да: „Ооруп жатам“,— дебейт».

«Өлүм болбойт».

ЖОГОРУДА айтылган сөздөр жомоктой сезилиши мүмкүн. Бирок мунун баары куру кыял эмес. Эмне себептен минтип айтууга болот? Анткени мындай болорун дүйнөдөгү азыркы абалды өзгөрткөнгө чамасы келбеген саясатчылар эмес, Кудай өзү убада кылып жатат *.

Көптөгөн адамдар Ыйык Китептин азыркы убакка эч кандай тиешеси жок деп ойлошот. Силер да ошондой ойдосуңарбы? Эгер ошондой болсо, анда алгач Ыйык Китепти тереңирээк изилдеп көрүүгө эмне үчүн болбосун? Анткени ал — адамзаттын тарыхы башынан баштап баяндалган жалгыз ыйык китеп. Ал китептен төмөнкү суроолорго жооп таба аласыңар:

● Адамзаттын ушундай кейиштүү абалда калганынын себеби эмнеде? (Римдиктер 5:12).

● Мындай абалды оңдош үчүн Кудай кандай чара көргөн? (Жакан 3:16).

● Учурдагы кыйынчылыктарды өкмөттөр эмне себептен жоё алышпайт? (Жеремия 10:23).

● Кыйынчылыктардын баарын Кудай жок кылат дегенге эмне үчүн ишенсек болот? (Жашыя 23:14).

Кудай ачарчылыкты, согушту, ооруларды, өлүмдү чынында эле жок кылабы? Эгер төмөндө айтылгандарга ишенсек, анда буга ишенүү кыйын болбойт.

1. Адам баласын Кудай жараткан.

2. Ал бизге кам көрөт.

3. Дүйнөдөгү азыркы абалды өзгөрткөнгө анын кудурети жетет.

4. Ал жашообузду жакшы жакка өзгөртүүнү каалайт.

Ал эми ушул төрт нерсеге ишенгенге кандай негиз бар? Бул суроого жооп алыш үчүн ушул журналды басып чыгарган Жахабанын Күбөлөрү силерди Ыйык Китепти изилдегенге чакырат.

Балким, силердин да Ыйык Китебиңер бардыр, бирок силер аны чанда эле окуйттурсуңар же такыр окуп көрө электирсиңер. Кандай болбосун, атүгүл Ыйык Китепти дайыма окуп жүргөндөр да аны түшүнүү кыйын дешет. Силер да ушундай ойдо болсоңор, анда Ыйык Китепти Жахабанын Күбөлөрү менен акысыз изилдеп көрсөңөр болот. Ыйык Китепти Жахабанын Күбөлөрү менен изилдеп жаткан дүйнө жүзүндөгү миллиондогон адамдар чоң пайда алып жатышат. Ыйык Китепти изилдөө кандайча өткөрүлөт?

Жума сайын Жахабанын Күбөлөрү үйүңөргө же силерге ыңгайлуу болгон башка жерге келип, Ыйык Китепте жазылгандарды түшүнгөнгө жардам бере алышат. Ошонун аркасында: «Адамдар эмне үчүн азап чегип келет? Азыркы кыйынчылыктарды өкмөттөр эмне себептен жоё албай жатышат? Кудайдын Падышалыгы деген эмне жана ал дүйнөдөгү өкмөттөр ишке ашыра албаган нерселерди кандайча ишке ашырат?» — деген суроолорго жооп таба аласыңар *.

Ыйык Китепти изилдөө жөнүндө көбүрөөк маалымат алыш үчүн Жахабанын Күбөлөрүнө же www.pr418.com веб-сайтына кайрылсаңар болот. Ошондой эле ушул журналдын 5-бетинде көрсөтүлгөн даректердин бирине жазсаңар болот.

[Шилтемелер]

^ 5-абз. Жогорудагы сөздөр Ыйык Китептин төмөнкү аяттарында жазылган: Ышая 2:4; Ышая 33:24; Аян 21:4.

^ 18-абз. Ушул журналдын 26, 27-бетинде жайгашкан «Ыйык Китепте эмне делет?» деген рубрикадагы «Жашообузду ким оңдой алат?» деген макаланы карагыла.