Биз жөн эле доспузбу же..? 2-бөлүк
Жаштардын суроолору
Биз жөн эле доспузбу же..? 2-бөлүк
ӨТКӨН МАКАЛАДА биз төмөнкү эки маанилүү нерсеге токтолгонбуз:
● турмуш курайын деген ниетиң жок эле кимдир бирөө менен өтө ынак мамиле өрчүтүп алсаң, өзүң да кыйналасың, аны да кыйнайсың (Накыл сөздөр 6:27);
● турмуш курайын деген ниетиң жок эле кимдир бирөө менен өтө ынак мамиле өрчүтүп алсаң, аны менен достук мамилеңди бузуп алышың мүмкүн * (Накыл сөздөр 18:24).
БУЛ МАКАЛАДА төмөнкү нерселерге токтолобуз:
● махабат сезимине байланыштуу эске алчу дагы бир маанилүү нерсе;
● карама-каршы жыныстагы адам менен болгон мамиленин чектен чыккан-чыкпаганын аныктоо.
БИЛИП КОЙ: үй-бүлө курууга ниетиң жок туруп кимдир бирөө менен өтө ынак мамиле өрчүтө турган болсоң, башкалардын алдында аброюң түшүп калышы мүмкүн. Мия * деген бир кыз: «Кээ бир балдар бир эле учурда бир нече кыз менен достошушат. Бирок аларды чындап жакшы көрбөйт. Алар жөн эле кыздардын сезими менен ойнойт. Кыздар болсо „мени сүйөт“ деп ойлоп алышат. Балдарга болсо жөн эле кыздар менен сүйлөшкөн жагат»,— дейт.
Ойлонуп көр:
● Карама-каршы жыныстагы адамдар менен өтө ынак мамиле өрчүтсөң, бул сенин аброюңа кандай таасир этиши мүмкүн?
«Карама-каршы жыныстагы адам менен SMS жазыша баштадың дегиче — кылтакка илинесиң. Башында бир эле бала менен жазышасың, бара-бара бир нече бала менен жазыша баштайсың. Анан карасаң эле үчөө менен сүйлөшүп жүргөн болосуң. Алардын ар бири „мени гана сүйөт, мени менен гана сүйлөшүп жүрөт“ деп ойлойт. Акыры, баары ачыкка чыгат да, алардын жүрөгү жараланат, сен болсо жеңил ойлуу кыз деген атка коносуң» (Лара).
Ыйык Китепте мындай делет: «Атүгүл жаш баланын [же кыздын] жүрүм-туруму анын иштеринин таза же таза эмес экенин, туура же туура эмес экенин көрсөтөт» (Накыл сөздөр 20:11).
Жыйынтык: карама-каршы жыныстагы адамдар менен пикир алышуунун эч жаман жери жок, бирок өзүңө чек коюп албасаң, жүрөгүң жараланат же башка бирөөнүн жүрөгүн жаралайсың, досуңан айрыласың жана башкалардын алдында аброюңду түшүрүп аласың.
Чектен чыгып баратканыңды кантип билсең болот? Муну аныкташ үчүн: «Карама-каршы жыныстагы бирөөгө өзүмдүн сырларымды айта бербейминби?» — деп ойлонуп көр. «Эгер сен бир бала менен күнүгө сүйлөшкүң келсе, жаңылыктарыңды биринчи кезекте ага айткың келсе же кыйналганыңда сезимдериң менен дароо аны менен бөлүшкүң келсе, анда сен аны менен жөн эле дос эмессиң»,— дейт Эрин деген бир кыз.
Ойлонуп көр:
● Эмне үчүн карама-каршы жыныстагы кимдир бирөөгө өзүңдүн сырларыңды айткың келе бериши мүмкүн? Анын кандай кооптуу жактары бар?
«Мен тааныган балдар менин эң жакын досторум эмес. Алар менен телефон аркылуу курбу кыздарым менен сүйлөшкөндөй бир нече саат бою сүйлөшпөйм. Мен алар менен бардык нерселер жөнүндө сүйлөшө бербейм» (Марина).
Ыйык Китепте мындай делет: «Тилин тыйган өз жанын сактайт, оозуна ээ боло албаган кыйрайт» (Накыл сөздөр 13:3).
Ой жүгүртүп көр: карама-каршы жыныстагы адамга өзүң жөнүндө баарын айта бергениңдин эмнеси жаман болушу мүмкүн? Дос болбой калсаңар, ага баарын айта бергениңе өкүнүп калбайсыңбы?
Анжела деген бир кыз: «Карама-каршы жыныстагы адам менен таптакыр сүйлөшпөш керек деген туура эмес, бирок ошол эле учурда аны менен достордон да жакын болсоң, жөн эле доспуз деп өзүңдү-өзүң алдаба. Сезимиңди башкара бил, ошондо жүрөктү ооруткан көйгөйлөргө туш болбойсуң»,— дейт.
[Шилтемелер]
^ 5-абз. Буга байланыштуу көбүрөөк маалымат алыш үчүн «Ойгонгула!» журналынын 2012-жылы июль—сентябрь айларында чыккан санынын 11—13-беттерин карагыла.
^ 9-абз. Макаладагы ысымдар өзгөртүлдү.
[11-беттеги кутуча]
БОЛГОН ОКУЯ. «Мен бир бала менен дос болчумун. Экөөбүз жакшы мамиледе болчубуз. Бирок бара-бара көпкө чейин сүйлөшүп, сырдашчу болдук. Мен аны менен өзгөчө ынак болуп баратканымды байкай баштадым, ал да мага сезимдерин, жүрөгүндөгүсүн айтчу болду. Бир күнү ал электрондук почта аркылуу мага ашык болуп калганын жазып жибериптир. Мен нес болуп калдым. Бир чети, жүрөгүмдүн түпкүрүндө жылуу сезим пайда болду — кантсе да кимдир бирөөнүн сен жөнүндө ойлогону жагымдуу болот экен. Бирок кайра тынчсыздана баштадым. Анткени аны менен мындан ары жөн гана дос боло албай турганымды түшүндүм. Эгер ага кыз-жигит болуп сүйлөшүүгө али жаш экенибизди айтсам, анын жүрөгү жараланмак. Эмне кыларымды билбей, ата-энеме айттым. Алар мага аны менен болгон мамилемди чектешим керектигин айтышты. Бул окуядан кыз-жигиттин ортосундагы достук мамилелер билинбей эле махабат сезимине айланып кетиши мүмкүн экенин түшүндүм. Ошондон кийин балдар менен, өзгөчө, SMS аркылуу көп сүйлөшпөгөнгө аракет кылам. Негизи, өзүнчө сүйлөшкөндөн көрө, көпчүлүктүн арасында сүйлөшкөн жакшы экен. Ошондо эч ким менен сырдашпайсың да, өтө ынак да болуп кетпейсиң» (Елена).
[12-беттеги кутуча]
АТА-ЭНЕҢЕН СУРАП КӨР:
Ата-энеңден кара тегерек менен белгиленген эки суроого эмне деп жооп берерин сурап көр. Алардын ою сеникинен айырмаланат бекен? Эгер айырмаланса, эмнеси менен айырмаланат экен? Алардын ою эмне үчүн туура деп ойлойсуң? (Накыл сөздөр 1:8).
[12-беттеги кутуча/сүрөт]
СЕН КУРАКТУУ ЖАШТАРДЫН ОЮ
Андрэ: «Эгер кайсы бир кыз менен көбүрөөк сүйлөшө баштасаң, махабат сезимдериң оңой эле өрчүп кетиши мүмкүн. Ал да жактырып калды деп ойлоп алышы мүмкүн. Эгер көздөгөн максаттарың бар болгондуктан азырынча кимдир бирөө менен сүйлөшөйүн деген оюң жок болсо, өзүңдү ошондой алып жүр».
Кассиди: «Мен башкалар менен бат эле жуурулушуп кетем. Өзгөчө, эркек балдар менен тил табышуу мага оңоюраак, анткени балдардын арасында чоңойгом. Бирок бул дайыма эле жакшы эмес экен. Балдарга кыздарга мамиле кылгандай мамиле кылуу туура эмес. Анткени сени башкача түшүнүп алышы мүмкүн. Ошондуктан аларга байкеңе же иниңе мамиле кылгандай мамиле кылган жакшы».
[13-беттеги кутуча]
Ата-энелер эске алчу нерселер
Негизи, балдар-кыздардын бири-бири менен пикир алышканынын эч жаман жери жок. Бирок үйлөнгөнгө даяр эмес жаштардын махабат сезимдерин өрчүтүп албашы үчүн өзүн чектегени маанилүү *. Андай жаштардын ортосундагы мамиле чынында эле достук мамиле болушу керек.
Жаштардын үй-бүлө курууга даяр боло электе эле махабат сезимин өрчүтүп алышканынын кесепети кандай болушу мүмкүн? Алардын мамилесин дөңгөлөгү жок машинеге отуруп алганга салыштырса болот. Эртеби-кечпи, алар ордунан эч жакка «жыла албасын» түшүнүп, көңүл кайтыкка учурашат. Ошондон улам айрымдары жашыруун сүйлөшүп, адеп-ахлаксыздыктын торуна түшүп калышы мүмкүн. Башкалары болсо мамилесин токтотууга аргасыз болушат да, анан өздөрүн алданып калгандай сезип, жүрөгү жараланат, кээ бирлери атүгүл депрессияга чалдыгышат. Балаңарды ушундай кыйынчылыктардан кантип коргой аласыңар? (Насаатчы 11:10).
Эң негизгиси, балаңар ушул сыяктуу темаларда силер менен оңой сүйлөшө алгыдай болушуңар керек. Эгер аны менен ачык сүйлөшсөңөр, жан дүйнөсүндө эмне болуп жатканын биле аласыңар, ошондой эле карама-каршы жыныстагылар менен өтө ынак болуп баратса, кеңеш берип, жардам бере аласыңар.
Кээде ата-энелер балдарынын алар менен ушундай темада сүйлөшпөй калышына өздөрү себепкер болуп калышат. Буга байланыштуу айрым жаштардын эмне дегенин карап көрөлү.
«Мен кайсы баланы жактырып калганымды апама айткым келчү, бирок урушат деп корккондуктан айтууга батынчу эмесмин» (Кэра).
«Апама кайсы бир баланы жакшы көрүп калганымды айтсам эле: „Мени үйлөнүү тоюңа барат деп ойлобо“,— деп кесе айтчу. Эгер апам: „Ал бала жөнүндө айтып берчи, анын сага эмнеси жакты?“ — деп кызыгып сураса, апам менен сүйлөшүү, берген кеп-кеңешин кабыл алуу оңой болмок» (Олеся).
Эми ата-энелердин балдарынын айткандарын угуп туруп, анан кеңеш бергендин натыйжасы кандай болгонун карап көрөлү.
«Атам менен апама бир баланы жакшы көрүп калганымды айтканымда, алар мени туура түшүнүп, ачууланышкан жок. Андан кийин кеңеш беришти. Ошондуктан азыр деле алардын кеңешин кабыл алыш мага оңой. Мен алар менен бардык нерсени ачык сүйлөшөм» (Корина).
«Ата-энем мага өзүлөрү жаш кезинде кимдерди жактырып калганын жана эмне үчүн алар менен баш кошпогонун айтып бергенде, мен да ата-энеме кимди жактырып жүргөнүмдү айтып берсем болот турбайбы деген жыйынтыкка келгем» (Надя).
Көп жаштардын кимдир бирөөгө өтө эле жаш курагында ашык болуп калышына ата-энесинин мээриминин жетишсиздиги себеп болушу мүмкүн.
«Мен бир бала менен жашыруун сүйлөшчүмүн. Анткени ал мени кунт коюп укчу. Анын жанында өзүмдү дүйнөдөгү эң бактылуу адамдай сезчүмүн» (Аннет).
«Мага бир бала менен сүйлөшкөн аябай жакчу. Анткени ал дайыма мага көңүл бурчу, мага болсо ошол керек болчу. Мага негизи эле башкалардын жакшы болобу, жаман болобу, көңүл бурганы аябай жагат» (Эми).
«Ата-энем мага сулуу экенимди же кийимим жакшы жарашарын дайыма айтып тургандыктан, балдардын ушу сыяктуу сөздөрүнө муктаж эмес болчумун» (Карен).
Ойлонуп көргүлө:
Өспүрүм балам мага тартынбай, оңой кайрыла алышы үчүн, эмне кылсам болот? (Филипиликтер 4:5).
Мен укканга даярмынбы, тез эле ачууланып кетпейминби? (Жакып 1:19).
Балам башкалардын жылуу сөзүнө, көңүл бурганына азгырылбашы үчүн, эмне кылсам болот? (Колосалыктар 3:21).
Жыйынтык: балаңарга карама-каршы жыныстагылар менен чектен чыкпай достошконду үйрөткүлө. Мунун ага чоңойгондо да пайдасы тиет (Колосалыктар 3:5; 1 Тесалоникалыктар 4:3—6).
[12-беттеги таблица]
ЧЕК КОЮУ
ТУУРА
көпчүлүктүн арасында сүйлөшүү
таанышуу
пикир алышуу
ТУУРА ЭМЕС
обочолонуп пикирлешүү
сырдашуу
тийишүү, сезимин козгоо
«Жаштардын суроолору» деген рубриканын башка макалаларын www.pr418.com веб-сайтынан карасаңар болот.
[Шилтеме]
^ 36-абз. «Ойгонгула!» журналынын 2012-жылдын июль—сентябрь айларында чыккан санындагы «Жаштардын суроолору» деген рубриканы карагыла.
[11-беттеги схема]
(Текстти толугу менен көрүү үчүн адабиятты кара)
ПИКИРЛЕШҮҮ
СЕЗИМИН КОЗГОО
КОЛ ТИЙГИЗҮҮ
КОЛ КАРМАШУУ
ӨБҮШҮҮ