Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жаңылыктар балаңарга кандай таасир этет?

Жаңылыктар балаңарга кандай таасир этет?

Жаңылыктар балаңарга кандай таасир этет?

«Менин 11 жаштагы кызым жаңылыктарды көргөндү жаман көрөт. Анткени эмнени көрсө, ошону түшүндө көрүп чыгат. Бир жолу ал жаңылыктардан бир кишинин өзүнүн аялынын башын кесип салганын угуп алып, түшүнө бирөө анын башын кесип салганы кирип, аябай кыйналып чыгыптыр» (Куин).

«Кайнагамдын 6 жаштагы кызы телевизордон өлкөнүн ар кайсы жеринде куюн болуп жатканын көрүп алып, аябай коркуп калыптыр. Ошондон кийин бир нече жума өтсө да, бир күнү ал мага: „Куюн келатат, мен коркуп жатам, мен өлүп калсамчы!“ — деп телефон чалыптыр» (Пейж).

СИЛЕРДИН балаңарга да жаңылыктар ушундай таасир этеби? Бир сурамжылоого ылайык, ата-энелердин 40ка жакын пайызы балдарынын жаман жаңылыктарды көргөндөн кийин өздөрү же жакын туугандары ушундай жамандыкка кабылбайбы деп коркуп каларын айтышкан.

Эмне себептен ушундай болот? Мунун бир себеби балдар, чоңдордон айырмаланып, жаңылыктарды башкача кабыл алышат. Мисалы, телевизордон кайсы бир кырсыкты кайра-кайра көрсөтүп жатса, кичинекей балдар аны кайра-кайра болуп жатат деп ойлошот.

Дагы бир себеби үрөйдү учурган жаңылыктарды күнүгө көрө берген бала өзүн курчап турган дүйнөгө карата туура эмес көз карашта болуп калат. Ооба, бүгүн биз «өзгөчө оор мезгилде» жашап жатканыбыз чын (2 Тиметей 3:1). Бирок бала жаман жаңылыктарды көп көрө берсе, бардык нерседен корко башташы мүмкүн. Кайзер үй-бүлөлүк фондусу белгилегендей, «жаңылыктарды көп көргөн балдар, адатта, кылмыштуулукту демейдегиден катуу кулач жайып жаткандай элестетип алып, аларга жашоо өтө эле коркунучтуудай сезилип калышы мүмкүн».

Эгер жаңылыктар силердин балдарыңарга да ушундай таасир этип жатса, эмне кылсаңар болот? Төмөндө буга байланыштуу кеңештер берилген.

Аң-сезимин коргогула. Курагына, түшүнүгүнө, сезимталдыгына жараша балаңарга жаңылыктарды көрүүгө байланыштуу белгилүү бир чек койсоңор болот. Албетте, азыркы маалымат доорунда балдарыңарды жаман жаңылыктарды укпай, көрбөй тургандай кылып, калкалай албайсыңар. Азыркы учурда кичинекей балдар да силер ойлогондон көп нерсени көрүшү же угушу мүмкүн. Андыктан балаңар бир нерседен коркуп жаткандай сезилсе, көңүл бурбай койбогула.

Насааттагыла. Балдарыңар чоңойгон сайын, жаңылыктарды алар менен чогуу көргүлө. Ошондой учурдан пайдаланып, аларга таалим-тарбия берсеңер да болот. Жаман жаңылык болсо да, жакшы жагына көңүлүн бурганга аракет кылгыла. Маселен, табигый кырсыктан жапа чеккендерге кандай жардам көрсөтүлгөнүн баса белгилегиле.

Түшүндүргүлө. Каргашалуу окуя жөнүндөгү жаңылыкты көргөндөн кийин, балаңардан ал тууралуу оюн сурап көргүлө. «Аялым экөөбүз уулубуз Натанаелге,— дейт Майкл деген бир киши,— жаңылыктардан көргөндөрү жөнүндө сурап, андай кырсыкка кабылбаш үчүн эмне чара көргөнүбүздү айтып беребиз. Бир жолу Натанаел жаңылыктардан бир үйдүн өрттөнүп кеткенин көрүп алып, бир күнү биздин үй да өрттөнүп кетет деп аябай коркуп алыптыр. Ошентип корко бербеши үчүн ага үйүбүзгө түтүн чыкканда белги бере турган сигнализация орнотулганын көрсөттүк. Алардын кайсы жерлерде жана эмне үчүн орнотулганын билгенден кийин балабыз көп коркпой калды».

Оң көз караш сактагыла. Окумуштуулар адамдын кандайдыр бир кырсыкты болот деп күткөнү ошол сыяктуу кырсык жөнүндө мурун укканына же анын канчалык эсте калганына байланыштуу экенин аныкташкан. Мисалы, жакында эле бир кичинекей баланы бирөөлөр уурдап кеткенин угуп калсаңар, силер да өзүңөрдүн балаңарды ойлоп корко башташыңар мүмкүн. Албетте, сактыкта кордук жок. Ошентсе да адистердин айтымында, жаңылыктардан улам биз эч качан дуушар болбошубуз мүмкүн болгон нерселерден деле корко беришибиз ыктымал (Накыл сөздөр 22:3, 13).

Эгер ата-энелер жаңылыктардан көргөндөрүнө тең салмактуу көз карашта болбосо, алардын негизсиз корккону балдарына да терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Бир окуяга токтололу. 2005-жылы Юта штатынын тоолорунда (АКШ) 11 жашар бир бала жоголуп кеткен. Киши уурдагандардан ушунчалык корккондуктан, ал бала аны издеп жүргөн куткаруучулардан да бир нече күн жашынып жүргөн. Акыры, аны табышканда, ал тамак жебей, суу ичпегендиктен аябай алсырап калыптыр. Негизинен, айрым эсептөөлөргө ылайык, 350000 баланын ичинен 1 бала уурдалат экен. Бирок жогоруда айтылган бала ачкадан өлгөнгө караганда чоочун бирөөлөргө жолуккандан көбүрөөк корккон.

Бул окуядан ата-энелер кандай сабак алса болот? Ата-энелер, балдарыңар жаңылыктардан көргөн нерселерине карата тең салмактуу көз карашта болушу үчүн, өзүңөр да ошондой көз карашта болгула. Ошондой эле жаңылыктардан көрсөтүлгөн үрөйдү учурган нерселер күндө болуучу окуяларга салыштырмалуу чанда болгону үчүн эле көрсөтүлөрүн унутпагыла.

Кылмыштуулук, зордук-зомбулук, табигый кырсыктар азыркы күндө боло жүргөн нерсеге айланып баратат. Бирок, жогоруда айтылгандай, эгер ата-энелер жаман жаңылыктардын балдарына терс таасир этишине жол бербесе, туура түшүнүктө болушу үчүн айтып-түшүндүрсө, өздөрү да оң көз караш сактаса, балдары да көп коркушпайт.

[19-беттеги кыстырма]

«3—7 жашка чейинки балдар табигый кырсыктардан жана жол кырсыктарынан аябай коркушат. Ал эми 8—12 жашка чейинки балдар көбүнчө кылмыштуулуктан жана зордук-зомбулуктан коркушат» (Кайзер үй-бүлөлүк фонду).

[18-беттеги сүрөт]

Аң-сезимин коргогула

[18-беттеги сүрөт]

Насааттагыла

[19-беттеги сүрөт]

Түшүндүргүлө