Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Ушундай рубрика үчүн чоң рахмат!»

«Ушундай рубрика үчүн чоң рахмат!»

«Ушундай рубрика үчүн чоң рахмат!»

● «Ойгонгула!» журналынын ар бир санынын 30, 31-бетине чыккан «Үй-бүлө менен талкуулоо үчүн» деген рубрика үчүн дүйнөнүн чар тарабынан ыраазычылык каттар келип түштү. Чынында эле, рубрикадагы үй-бүлө менен чогуу талкуулоо үчүн караштырылган сүрөттөр менен суроолор жана ыйык китептик карточкалар үй-бүлөнүн ар бир мүчөсү үчүн ары кызыктуу, ары пайдалуу. Анда айрым окурмандардын жазгандарына көңүл буралы.

«Мен 12 жаштардагы эки неберем менен Ыйык Китепти кат аркылуу изилдейм. Мен аларга „Үй-бүлө менен талкуулоо үчүн“ деген рубрикадагы суроолорду жазып жиберем, алар болсо жообун жазып жиберишет. Неберелериме Ыйык Китепти ушинтип изилдегенибиз абдан жагат. Ушунун аркасында өзүмдүн да билимим тереңдеп жатат. Ушундай рубрика үчүн чоң рахмат!»

В. К., Америка Кошмо Штаттары

«Жакында эле 5 жашар балам жатарда жаныма келип, журналдагы „Бул сүрөттө кандай каталар бар?“ деген бөлүктү көрсөтүп, каталарды чогуу табууну суранды. Мен бирөөнү тапкандан кийин, экөөбүз сүрөттү чогуу талкуулай баштадык. Анан ага Ыйык Китептеги аяттарды окуп бердим. Ал мени кунт коюп угуп жатты. Ошондон кийин уулум күнүгө жатарда аны менен чогуу Ыйык Китепти окууну суранчу болду. Балдарыбызга Ыйык Китепти окуганды жакшы көрүүгө жардам берген ушундай рубрика үчүн бүт үй-бүлөбүз менен силерге чоң ыраазычылык билдиребиз».

М. Ф., Франция

«Бир жолу мен автобекеттен 12 жаштагы Дейвид деген бала менен жана 6 жаштагы Женифер деген кыз менен таанышып калдым. Менин жүргүнчүлөргө „Ойгонгула!“ деген журналды сунуштап жатканымды көрүп, атасы аларды билип келсин деп мага жибериптир. Дейвид атасы экөө журналдарды дароо окуй башташты. Женифер экөөбүз болсо журналдарды барактап, канаттуулар менен жаныбарлардын кооз сүрөттөрүн карап, Жахаба Кудайдын бизди ыракаттансын деп сонун нерселерди жаратканы жөнүндө сүйлөшүп жаттык. Ал эми журналдын 31-бетине жеткенде, атайын балдарга караштырылган тапшырмаларды аткарып көрмөкчү болдук. Журналдан табышыбыз керек болгон биринчи сүрөттү менден мурун эле Женифер таап алды. Ал кийинкилерин да тез эле таап жатты. Ал тапшырма ага аябай жагып калгандыктан, ал дагы башка он журналдагы тапшырмаларды аткарып, сүрөттөрдүн баарын таап чыкты. Анан аягында атасы менен байкесине деп менден эки журнал сурап алды. Коштошордо үчөө тең мага ушундай сонун журналдар үчүн ыраазычылыгын билдирип, рахматын айтышты».

М. К., Эквадор