Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

МУКАБАДАГЫ ТЕМА

Аталык милдетиңерди кантип жакшы аткара аласыңар?

Аталык милдетиңерди кантип жакшы аткара аласыңар?

«Эмнени туура эмес кылдым?» деген суроо түштүк африкалык Микаелди a түйшөлтүп келет. Ал аталык милдетин колунан келишинче жакшы аткарганга аракет кылат. Бирок ээн баш чыккан 19 жаштагы уулун ойлогон сайын: «Балама жакшы тарбия бере алган жокмун го»,— деп кабатыр болот.

Ал эми испаниялык Теринин уулу Эндрю атасына канчалык ыраазы экенин билдирип, мындай дейт: «Бала кезимде атам китеп окуп берип, мени менен ойноп, бир жакка ээрчитип баратканда дайыма мени менен сүйлөшчү. Бир нерсени түшүндүргөндө аябай кызыктуу кылып айтып берчү».

Ырас, аталык милдетти жакшы аткаруу оңой эмес. Бирок буга жардам берген кеңештер бар. Көптөр Ыйык Китепте жазылган кеңештерди колдонуп, балдарын эң сонун тарбиялап жатышат. Келгиле, ал кеңештердин айрымдарын карап көрөлү.

1. Убакыт бөлгүлө

Балаңарга силер үчүн дүйнөдө андан кымбат эч нерсе жок экенин кантип далилдей аласыңар? Албетте, ичкенге тамагын, кийгенге кийимин алып бериш үчүн жан үрөп иштеп жатканыңардын өзү эле аны абдан жакшы көрөрүңөрдү далилдейт. Болбосо, мындай кылмак эмессиңер. Бирок балаңарга жетиштүү убакыт бөлбөсөңөр, ал силер үчүн жумушуңар, досторуңар, жакшы көргөн нерсеңер маанилүүрөөк деген жыйынтык чыгарып алат.

Аталар баласына качантан баштап убакыт бөлө баштаса болот? Бойго бүткөндөн тартып эле эне менен баланын ортосунда ынак мамиле өрчүй баштайт. Курсактагы бала түйүлдүк болгондон 16 жума өткөндөн кийин эле уга баштайт. Аталар да мына ушул убактан баштап төрөлө элек баласынын жүрөгүнүн согушун тыңшап, кыймылдаганын сезип, аны менен сүйлөшүп, ага ырдап берип, көңүл бөлө баштаса болот.

Ыйык Китептеги принцип: Байыркы убакта балдарды окутуп-үйрөтүүгө аталар жооптуу болгон. Мыйзам китебинин 6-бөлүмүнүн 6, 7-аяттарында аталар балдарына дайыма убакыт бөлгөнгө чакырылат. Ал аяттарда: «Мен бүгүн аткарууну буйрук кылган сөздөрдү жүрөгүңө сакта. Аларды балдарыңа үйдө отурганыңда да, жолдо баратканыңда да, жатканыңда да, турганыңда да кайра-кайра айтып үйрөт»,— делет.

2. Уга билгиле

Урушуп кирбей, сабырдуу болуп уккула

Балаңар менен жакшы пикирлеше алышыңар үчүн аларды уга билгиле. Ачууга алдырып жибербей, дайыма сабырдуу болуп укканга умтулгула.

Эгер балаңар силерди бат ачууланып, урушуп кирет деп ойлосо, эч нерсе айткысы келбеши мүмкүн. Ал эми аны кунт коюп уксаңар, ал силердин чынында эле аны ойлоп жатканыңарды түшүнүп, ичиндегисин айткысы келиши ыктымал.

Ыйык Китептеги принцип: Ыйык Китептеги кеңештердин жашоонун бардык тармагында пайда алып келери далилденген. Мисалы, анда: «Ар бир адам укканга даяр болсун, ал эми сүйлөгөнгө, ачууланганга шашпасын»,— делет (Жакып 1:19). Ушул кеңешти колдонгон аталар балдары менен жакшы пикирлеше алышат.

3. Тарбиялап, мактап тургула

Капаланып же ачууланып турганда да балаңарды өмүр бою жашоосуна пайдасы тие тургандай кылып, сүйүү менен тарбиялоону унутпагыла. Бул өз ичине кеңеш берүүнү, оңдоп-түзөөнү, акыл-насаат айтууну, зарыл болгондо, жазалоону камтыйт.

Ошондой эле аталар баласын дайыма мактап турушса, баласын тарбиялоо бир топ жеңил болот. Сулайман пайгамбар: «Өз учурунда айтылган сөз күмүш идиштеги алтын алмадай»,— деген (Накыл сөздөр 25:11). Мактоо балага жакшы сапаттарды өрчүткөнгө түрткү берет. Ата-энелер баласына көңүл буруп, аны жакшы көрөрүн билдирип турса, ал адамгерчиликтүү, мүнөзү жакшы адам болуп чоңоёт. Баласын мактап турган аталар анын өзүнө ишенген, туура иштерди багынбай кыла берген киши болушуна жардам беришет.

Ыйык Китептеги принцип: «Аталар, балдарыңардын көңүлү чөкпөшү үчүн, аларды кыжырдантпагыла» (Колосалыктар 3:21).

4. Жубайыңарды сүйүп-урматтагыла

Күйөөсүнүн аялын сыйлап турганы баласына жакшы таасир этет. Баланын чоңоюшун изилдеген адистер мындай дешкен: «Атанын баласына кыла турган жакшы иштеринин бири — анын апасына урмат-сый менен мамиле кылуу... Ата-эне бири-бирине жакшы мамиле кылса, бала өзүн бактылуу сезип чоңоёт» b («The Importance of Fathers in the Healthy Development of Children»).

Ыйык Китептеги принцип: «Күйөөлөр, аялыңарга болгон сүйүүңөрдү муздатпагыла... Ар бириңер аялыңарды өзүңөрдү сүйгөндөй сүйгүлө» (Эфестиктер 5:25, 33).

5. Кудайды сүйгөнгө үйрөткүлө

Кудайды сүйгөн аталар баласына эң баалуу мурас бере алышат. Алар баласына ааламдын Эгедери Жахаба Кудайды сүйгөндү үйрөтүшөт.

Антонио — Жахабанын Күбөсү. Ал 6 баланы азап менен чоңойтуп-өстүргөн. Ондогон жылдардан кийин бир кызы мындай деп кат жазган: «Атаке, кичинекейимен Жахаба Кудайды, жакындарымды сүйгөнгө, бардык нерсеге туура көз карашта болгонго үйрөткөнүңүзгө миң мертебе ыраазымын. Жахаба Кудайды сүйөрүңүздү иш жүзүндө көрсөтүп, мээримиңизди төгүп, кам көрүп келдиңиз. Жахаба Кудайды биринчи орунга коюп, бизди Кудайдан алган белектей көргөнүңүзгө чоң рахмат!»

Ыйык Китептеги принцип: «Жахаба Кудайыңды бүт жүрөгүң менен, бүт жаның менен, бүт күчүң менен сүй. Мен бүгүн аткарууну буйрук кылган сөздөрдү жүрөгүңө сакта» (Мыйзам 6:5, 6).

Албетте, бала тарбиялоодо бул беш кеңеш жетишсиз. Ошондой эле колуңардан келгендин баарын жасасаңар да, силер каалагандай болбой калышы мүмкүн. Бирок бул кеңештерди колдонуп, балаңарды сүйүү, тең салмактуулук менен тарбияласаңар, милдетиңерди жакшы аткара аласыңар c.

a Макаладагы айрым ысымдар өзгөртүлүп берилди.

b Жубайлар ажырашып кеткен күндө да, атасы баласынын апасына урмат-сый менен мамиле кылса, баласы да апасы менен жакшы мамиледе болот.

c Үй-бүлө үчүн кеңештер жөнүндө көбүрөөк билиш үчүн www.pr418.com веб-сайтынан «Үй-бүлөлүк бакыттын сыры» деген китепти окусаңар болот.