Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Төгөрөктүн төрт бурчунда

Төгөрөктүн төрт бурчунда

Дүйнө жүзү

Ачарчылыкка азык-түлүктүн жетишсиздиги себеп эмес. Дүйнө жүзү боюнча 12 миллиард адамга жеткидей азык-түлүк өндүрүлөт. Бул азык-түлүктүн Жер планетасындагы калктын санынан 5 миллиардга көп адамга жетмектигин көрсөтүп турат. Ачарчылыкка азык-түлүктүн туура эмес бөлүштүрүлүшү, ысырап болушу, адамдардын өз кызыкчылыгын көздөшү себеп болууда.

Улуу Британия жана Кошмо Штаттар

Бир сурамжылоого ылайык, каржы тармагында иштегендердин дээрлик 24 пайызы «ийгиликке жетиш үчүн туура эмес же мыйзамсыз ишке барыш керек деп эсептешет». Ал эми 16 пайызы «иши оңунан чыкпай калса», кылмышка барганга даяр.

Аргентина

Аргентинада беш мугалимдин үчөө стресстин, зордук-зомбулуктун айынан жумуштан суранып кетишет.

Түштүк Корея

Жакында Түштүк Кореянын калкынын көбү жалгыз жашап калышы ыктымал.

Кытай

Кытайдагы шаарлардын үчтөн эки бөлүгү абаны булгабоого байланыштуу 2016-жылы күчүнө кире турган мыйзамдагы талаптарга жооп бербейт. Ошондой эле адамдар иче турган жер астындагы суулар «таза эмес».